2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, 2015-2020-жылдары "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.
Орусияда келе жаткан жылы салыктык өзгөртүүдөн улам кымбаттоолор күтүлүүдө. Ага удаа Батыш менен саясий тирештин кесепетинен орус экономикасынын өсүү темпи 2019-жылы быйылкыдан да жай болот деген божомол жарыяланды.
Тажик вице-премьер министри Азим Иброхим "ажылык жарышка айланып баратат" деп баа берди.
Дрон же квадрокоптер - атайын түзүлүштүн жардамы менен аралыктан башкарылчу учма аппарат.
Ислам Каримовдун тушунда Өзбекстанда 15 жыл бою башкы прокурор болгон, өлкөдө өтө бай адамдардын бири болуп саналган Рашид Кадыровдун үстүнөн сот башталганы турат.
16-декабрь казакстандыктар үчүн бир чети кубанычтуу, бир чети кайгылуу күн.
Арменияда ыңкылапчыл күчтөр эми парламентке да келишти.
Бешөө. Экөө чебер, калганы жардамчылар, уюштуруучу. Кыргыз жүзүн чагылдырган кийим-кече, буюм-тайымдарын көтөрүп Чехияга анан Австрияга барышты. Бул жолкусу чалгын сапар экен. Бир жагынан тааныштын санын арттырып, экинчи жагынан четтеги кыргыздарга жолугуу.
Кабулда Мухаммед пайгамбардын туулган күнүндө, диниятчылар чогулган жердеги жардыруу иликтенүүдө. Туристтерге кол салуу боюнча Тажикстанда 15 киши жоопко тартылды. Айыпкерлердин анабашы эң катаал жаза алды. Москванын мэри мигранттар арасында кылмыштуулук азайганын билдирди. Швейцарияда уйлардын укуг
Учурда Өзбекстанда абакта отурган, бир кезде өлкөдө катуу чуу салган «Хизбут-Тахрир» уюмунун лидеринин кайрылуусу чыкты. Ал бул уюмдан чыкканын айтып, башкаларды да ушул жолго үндөп жатат.
«Новая газета» менен Коррупция жана уюшма кылмыштуулукту иликтеген эл аралык борбор (OCCRP) биргелешкен иликтөөсүн жарыялады. Анда орус президенти Владимир Путиндин жансакчылары жана алардын жакындары кантип заматта миллионерге айланганы тууралуу сөз болот.
Ирактын согуш жүргөн аймагын кайра калыбына келтирип, элди отурукташтыруу аракеттери жүрүп жатат. Анын ичинде салгылаш болгон айылдар жана шаарлар жарыла турган куралдардан тазаланууда. Террорчулар ээлеп турган аймактан адамдар топ-тобу менен көмүлгөн чуңкурлар табылды.
Кошмо Штаттарда студенттик кече өтүп жаткан барга кирип барган киши 12 адамды атып өлтүрүп, он чакты адамды жарадар кылды. Кылмышка шектүүнүн тек-жайы такталып, мурда Американын деңиз аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөнү белгилүү болду.
Тажикстандын Хорог шаарында 6-ноябрда милицияга каршы митинг өттү. Чогулгандар жергилик тургундарга ок аткандарды жазалоону, шаардагы көзөмөл постторун алууну талап кылышты. Тартип сакчылары митингчилерди аймактагы кылмыштуу топтордун башчылары козутуп жатканын айтууда.
Түркияда жылдык инфляция октябрда 25,2% жетти. Бул Эрдоган бийликке келгенден берки эң жогорку көрсөткүч катары бааланып жатат. Инфляция же баалардын көтөрүлүп, улуттук акчанын нарксызданышы ириде карапайым элди кыйнады.
"Фридом Хаус" 65 өлкөдөгү Интернет эркиндигин иликтеп, отчетун жарыялады. Анда Өзбекстан оң баага татып, мактаарлык иш кылган 13 өлкөнүн катарына кирген. Мирзиёевдин тушунда карапайым эл бийликке сын айтууга даай баштады. Бирок коңшулар дале "эркин эмес" деген тизмеде.
2-ноябрда Казакстанда кеминде үч өлкө аркылуу "аткезчилик жол менен товар ташып жүргөн" деп кармалгандардын соту өттү.
Орусия 2019-жылдан тарта миграциялык саясатын жаңылайт. Анын арты менен оболу орус улутундагыларды же кандаштарын өзүнө тартууну көздөп жатышат. Бул үчүн жарандык берүү жеңилдетилери убада кылынды. Ал эми башка элдин өкүлдөрүнө, мигранттарга мамиле кандай болот?
Октябрь айында өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Францияга барып келди. Андан аз өтпөй француздардын мыкты шараптары жасалчу каберне, совиньон, шардоне өңдүү жүзүм көчөттөрү алдырылды.
Узундугу 55 чакырым. Кытайда деңиз үстүнөн өткөн, туннель жана жасалма аралдарды камтыган көпүрө ачылды. Ал автономдуу башкаруудагы, бирок Кытай бийлигине баш ийген Гонконг менен Макаону бириктирет.
Борбордук Америкадагы Гондурас өлкөсүнүн миңдеген жараны АКШны көздөй жол тартты. Алды Мексикага жете келип, тыным алды. Алар ар жерде, топ-топ болуп жүрүшкөндүктөн так саны канча экени али белгисиз. АКШнын бийлиги аларды киргизмек тургай чек арасына жакын жолоткусу жок.
Дагы жүктөңүз