2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, 2015-2020-жылдары "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.
Ушул тапта Кыргызстанда бодо малдын этине болгон баа өсүүдө. Эт саткандар мунун себебин мал саткандардан көрүшөт.
Кыргызстан премьер-министри Алмазбек Атамбаев жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенамановго сөгүш жарыялады.
Кыргызстанда "Кумтөрдөн" тышкары да көптөгөн алтын кендери бар. Алардын 200дөн ашуунуна иштетүүгө уруксат берилген.
Тогуз-Торо районунда 34 жаштагы Чолпон Матаева аттуу келин күйөөсүнөн бычак жеп, көз жумган.
Кыргызстан жыл сайын 35-37 миңдин тегерегинде жогорку билимдүү адис даярдайт. Бирок Билим берүү министрлиги алардын 5 миңге жакынын гана иш менен камсыздоого кепилдик бере алат.
Бажы биримдиги мигранттарга оң таасирин тийгизерин Орусиянын бажы жана миграция боюнча өкүлдөрү Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдиришти.
20-июлдагы Баткен дубанында кубаты 7-8 баллга жеткен зилзаланын кесепетинен улам ондогон турак-жайлар жараксыз абалга келген. Баткен районунун акими Хаит Айкынов "Азаттыкка" маек курду.
Кыргызстандагы Жол коопсуздугу башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Кылычбек Мурзалиев "Азаттыкка" маек курду.
Кыргызстанда 2010-жылы 5 миңден 15 миңге чейин жаран зордук-зомбулукка жана сексуалдык кулчулукка кабылганы айтылууда
Кыргызстан күз айларына барып экономикалык кыйынчылыкка учурашы ыктымал. Мындай билдирүүнү “Ар-намыстын” депутаты Акылбек Жапаров таратты.
Бир жыл мурда Бишкекте донордук отуздан ашуун каржы институттары, эл аралык уюмдар жана он жети өлкөнүн өкүлдөрү жыйын курган эле.
Кыргызстандагы айрым маалымат агенттиктери жана интернет басылмалар президенттик шайлоонун үгүт ишинен четтетилип калганына нааразы.
Ошто такси кызматын көрсөткөндөрдүн катарын аялдар да толуктап жатат.
Өткөн жылкы июнь коогалаңынан кийин Ошто билим алган чет өлкөлүк студенттердин көпчүлүгү өз мекенине чыгып кеткен боюнча кайрылып келишкен жок. Жогорку окуу жайларына тапшырган абитуриенттердин саны да азайды.
Ош шаарындагы Черемушкинин тургундары өрттөлгөн турак-жайлардын ордуна жаңы үй курууга уруксат берилбей жатканына нааразы.
Июнь калабасында жабыркаган ишкерлердин каржы-насыя мекемелери менен болгон маселелери дагы деле чечиле элек.
Өткөн жылдагы июнь коогасында Ош жана Жалал-Абад облустарында үйүнөн ажырагандар үчүн турак-жай куруунун экинчи айлампасы башталды. Учурда өрттөлгөн үйлөр сүрдүрүлүп, баштапкы курулуш материалдары жеткирилүүдө.
Cерепчи Кубанычбек Өмүралиев Кыргызстанда азчылыкты түзгөн улуттарга түзүлгөн шарт-жагдайлар тууралуу ой бөлүштү.
Журналисттерге кол салуулар боюнча медиа серепчи Шамарал Майчиев "Азаттык" менен ой бөлүштү.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы зергерлердин көпчүлүгү көмүскөдө иштешет. Муну алар өздөрү да жашырбайт
Дагы жүктөңүз