2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, 2015-2020-жылдары "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.
Сайрагүл Сатыбалдиева 10 жыл илгери мугалимдик кесибин таштап, Орусияга иш издеп кетүүгө аргасыз болгон. Ал Москвада үй-бүлөсү менен коронавирус жугузуп алганын, ал-абалы, дарыгерлердин мамилеси тууралуу «Азаттыктагы» маегинде айтып берди.
Москвада эмгектенген Сайрагүл Сатыбалдиева «коронавирус жугузуп алдым» деп шектенип, бир башкача сасык тумоого кабылганын айтат. Ал өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн абалы, дарыгерлердин мамилеси, мекенге сагынычы тууралуу кеп курду.
Орусияда коронавирус күчөгөнү эмгек мигранттарынын көйгөйү арбыды. Ооруп калгандары жетиштүү медициналык жардам ала албаса, жумушсуз отургандары мекенге өтө албай ара жолдо калды. Мындай шартта өкмөт менен коомчулук кандай жардам берүүдө?
Орусияда коронавируска байланыштуу жумуш каникулу 11-майга чейин узартылды. Вирус жугузгандар кескин көбөйүп, Орусия статистикасы эң жогору сегиз өлкөгө кошулду. Акыркы сурамжылоо Владимир Путиндин рейтинги 28% чейин түшкөнүн көрсөттү.
Коронавирустун кесепетинен Кыргызстанда да туризим тармагы чоң жоготууга учурап жатат. Жыл сайын агылган чет өлкөлүк коноктордун ордун ким алмаштырат? Өлкөнүн ички туризм потенциалы кандай?
Коронавирустан катуу жабыркап жаткан Европа өлкөлөрү дем алыш күндөрү бир аз жеңилдегенсиди.
Түркиядан мекенге кайтабыз деген кыргызстандыктар үчүн учак кандай тартипте уюштурулууда? Жардамга анык муктаж жүргүнчүлөрдүн арасына бийликте иштегендердин тааныштары кирип кеткен жокпу? Келе албай калгандарга кандай жардам берилүүдө? Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев менен маек.
Коронавирус пандемиясы дагы канчага созулары, кризис качан басаңдай турганы азырынча беймаалым. Ушундай шартта алдыда жашоо-турмуш кандай болор экен, эмнеге даяр туруу керек, кантип үнөмдөп, оор кырдаалда кантип өнүгүү жолуна түшүүгө болот деген суроолор арбын.
Февралдын этегинде Түштүк Кореяда COVID-19га чалдыккандардын саны бир күндө 1000ге чаап, Кытайдан кийинки эле сапта турган. Өлкө бийлиги 10 күндүн ичинде вирустун жайылышын басаңдатууга жетишти. «Seoul Venture Information University» окуу жайынын докторанты Эмил Калиловдун оюн угалы.
Ишкер Гүлзар Абдраимова медициналык беткап өндүрүүчү жабдыкты Кыргызстанга он жыл мурда алып келген. Уруксат кагаздарын берүү кечеңдегенде кол шилтеп, аны иштетпей койгон эле. Коронавирус коркунучу күчөгөндө ишкерге өкмөт өзү кайрылган. Учурда күнүнө 100 миң даана беткап чыгарып жатышат.
Орусияда эмгек акысы кыркылбаган дем алыш күндөрү 30-апрелге чейин узартылды. Бул жүз миңдеген кыргызстандыктарга кандай таасир этиши ыктымал? Алар кандай жардамга муктаж? Эл аралык PricewaterhouseCoopers консалтинг жана аудит компаниясынын Москвадагы аудитору Эркинбек Нуралиев менен маек.
Дүйнө өлкөлөрү коронавирустун айынан жумушсуз калган жарандарын, бизнести коргоонун түмөн айласын көрүүдө. Бул берүүдө АКШ, Сербия, Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын жардам чараларын көрсөтөбүз.
Чет өлкөлөрдө окуп, иштеп жүргөн мекендештердин айрымдары коронавируска байланыштуу жашаган жеринде бир нече аптадан бери карантинде. Алар үйдө отуруп, эмне менен алектенип жатканын бул видеодон көрүңүз.
18-мартта Казакстанда бир доллар 470-485 тенгеге чыгып, бир күндө 40-45 теңгеге кымбаттады. Адистердин айтымында мунайга көз карандылык улуттук акчага, ал жалпы эле экономикага терс таасир этип жатат.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус катталган өлкөлөрдүн саны 146га жеткенин маалымдады. Илдетке чалдыккандар 17-мартка карата 180 миңден ашты. Алардын 79 миңден ашууну айыкты. COVID-19 7 миңге чукул адамдын өмүрүн алды.
Чехия өкмөтү 16-марттан 24-мартка чейин элдин эркин жүрүшүнө чектөө киргизди. Өкмөт жекшембиде бир нече саатка созулган жыйындан кийин ушундай чечимге келди. Бийлик калкты жумушка, азык-түлүк, дары-дармек алууга, почта, банк же ушул өңдүү эң зарыл иштери болбосо, сыртка чыкпоого чакырды.
Коронавирус күчөп бараткандыктан Европаны “Жаңы Кытай” деп атай башташты. АКШ Европага эшигин жапты. Лидерлер 2008-жылдагыдан да оор кризис келгенин моюнга алып жатышат. Алдыда үч өлкөнүн мисалын көрсөтүп берели.
9-мартта мунай баасы 30% түшүп кетти. Бул 1991-жылы Перс булуңунда согуш башталгандан берки эң ири төмөндөө катары бааланууда. Кара май өткөн аптанын аягынан баштап арзандап, кесепети башка товарларга да тийип жатат.
Коронавирус коркунучуна карабай дүйнөнүн ондогон шаарында түмөндөгөн адамдар гендердик теңчилик үчүн адаттагы жүрүшкө чыгышты. Алардын баарынын эле алдын милиция тоскон жок. Ал түгүл жаалданган топтон коргоп, арачалап калышты.
Украинанын премьер-министри катары жарым жыл гана иштеген Алексей Гончарук кызматынан кетүү тууралуу арыз жазды. 4-мартта кезексиз жыйында Жогорку Рада премьерликке Денис Шмыгалды шайлайт деп күтүлүүдө.
Дагы жүктөңүз