2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, 2015-2020-жылдары "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.
Өмүрбек Суваналиев "президент кайда экенин билбейбиз. Азыр коопсуздук боюнча легитимдүү бийлик бизбиз" деди.
Партиянын тизмесинде «Аю» компаниясынын ашканасынан тартып жетекчилигине чейин иштегендер бар.
Беларуска Орусия ири насыя убада кылса, Эл аралык валюта фонду жардам берүүдөн баш тартты. Европанын санкция салуу аракетине америкалык сенаторлор кошулду.
Фергананын жетекчисин кызматтан кетүүгө чакырган Сохтун жарандары кармалды.
Арменияда «баркыт ынкылабынын» аркасы менен бийликке келген Никол Пашинян өлкөнү коррупция сазынан чыгарып, бай-манаптарды бийликке жолотпоого, реформа жүргүзүүгө убада берген. Убадасын аткарып жатабы?
4-октябрдагы парламенттик шайлоого 16 партия ат салышууда. Өлкөдө чыныгы, анык бир көз карашты тутунган партия барбы?
Журналист Ербол Мандибек элдин анык көйгөйүн чагылдырбайт, бийликтин айтканынан чыкпайт деп "Казакстан" телеканалынан кетип калды. Ушундай эле маселелерден улам акыркы айда Беларуста да жоон топ журналист ыктыярдуу кызматтан кетишти.
Орусия Беларус бийлигине аскердик жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирип, демонстранттарга сес көрсөттү.
Орусиялык Коррупцияга каршы күрөш фондунун негиздөөчүсү, популярдуу блогер жана орус оппозициясынын лидерлеринин бири Алексей Навальныйдын саламаттыгы дүйнөлүк саясаттагы кезектеги талашка айланды. Ушу тапта бул кимге пайдалуу деген суроо кабыргасынан коюлуп турат.
АКШда Республикалык партиянын төрт күндүк жыйыны уланууда. 24-августта учурдагы өлкө башчы Дональд Трамптын талапкерлиги расмий көрсөтүлдү. Анын шайлоодогу башкы атаандашы - демократтардын өкүлү, мурдагы вице-президент Жо Байден.
Айрым өлкөлөр карантиндик чектөөлөрдү кайра киргизди. Трамп менен Ардерн кайым айтышса, ДССУ вакцинаны тең бөлүштүрүүгө чакырды.
Жолугушуу учурунда жумушчулар «кет» деп Лукашенконун бетине айтышты.
Бир нече күндөн бери Беларус тынчыбай жатат. Шайлоодогу бурмалоолор, адилетсиздик жана өзгөрүүнүн жоктугу элди толкутту. Бийлик түнкү демонстрацияларды аесуз басуунун аракетинде. Беларустагы окуялардан Кыргызстан кандай сабак алышы керек?
Беларуста шайлоодон кийинки экинчи түн да тынч болгон жок.
Чолпон-Атадагы аймактык оорукананын реанимация бөлүмүнүн башчысы Сарбагыш Иманалиев 35 жылдык өмүрүн медицинага арнаган.
Кыргызстанда коронавирус кризиси кайра күчөп, соңку маалда күн сайын ондогон адам өмүр кыйылып жатат. Эл дүрбөлөң түштү. Дары-дармек, ооруканада орун жана медиктер тартыш. Мындай абалдан чыгуунун жолу кандай? Адистер менен чогуу талкуулайбыз.
“Политклиника” онлайн медиасы пандемия учурунда медициналык каражаттарды алуу үчүн өткөрүлгөн тендерлерди иликтеди.
Бул иликтөөдө “Исмаил Матраимов атындагы" кайрымдуулук фондуна жүз миңдеген доллар которгон дагы бир нече донор ашкере болду.
Оппозиция лидери Гагик Царукян экономикалык кылмыштарга шектүү катары сурак берди.
Кытайдын Гонконгго карата иштеп чыккан коопсуздук мыйзамы кайрадан эл аралык коомчулуктун талкуусуна түштү. АКШ санкция саларын эскертсе, башка өлкөлөр Бээжинди сындап жатат. Гонконгдун өзүндө миңдеген адамдар көчөгө чыкты.
Дагы жүктөңүз