"Эже-сиңдилер" телеберүүсүнүн алып баруучусу.
Кыргызстандын төрөтканаларында айы-күнү жеткен аялдын күйөөсү же башка жакындары мындан ары төрөткө катышпайт. Буга энелердин жана адистердин пикири кандай? “Эже-сиңдилерде” бул жолу ушул темада сөз кылабыз.
Расмий маалымат боюнча миллиондон ашуун кыргыз жараны чет өлкөдө миграцияда. Адатта күйөөлөрү миграцияга кеткен аялдар кайын журту, балдары менен жалгыз калат. Алардын абалы, жашоосу тууралуу дээрлик сөз болбойт. Бүгүн “Эже-сиңдилерде” мигранттардын мекенинде калган аялдары тууралуу сүйлөшөбүз.
Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер курама командасынын машыгуусу кандай өтөт? Алар кандай шарттарда мелдештерге даярданышат? Кыздардын футболу кантип өнүгүп жатат? “Эже-сиңдилер” бул жолу оюн талаасында курама команданын машыктыруучусу жана оюнчулары менен маектешти.
2019-жылы Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык кеңешине депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп, 79 талапкердин ичинен 21 киши мандат алган.
Ысык-Көлдүн тескей жээги илгертен эле кол өнөрчүлөрү, усталары, салттуу маданияттын сактоочулары менен таанымал. Аймакта акыркы жылдары ошол салттуу кол өнөрчүлүктү этно-стилдеги конок үйлөргө колдонуп, ишкердикке өткөн айымдардын саны артты.
Сузак - Жалал-Абаддын калк жыш отурукташкан району. Акыркы жылдары райондо үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка байланыштуу учурлар көп чыга баштады. Эки жыл мурда Сузакта биринчи жолу 12 аял депутаттыкка шайланып келген. Алар зомбулук менен күрөшүүгө аракет кылып жатканын айтышты.
Ушул тапта Эл аралык эмгек уюмунун Эмгек чөйрөсүндө зордук жана ыдык көрсөтүүлөрдү жоюу жөнүндө Конвенциясын ратификациялоо боюнза мыйзам долбоору талкууланып жатат. Иш учурундагы ыдык деген эмне? Ага кабылган кызматкерлердин укугун ким коргойт?
Кыргызстанда Аялдардын эл аралык күнү жыл сайын белгиленип, айрымдар аялдар укугу үчүн жөө жүрүшкө чыкса, кээси бул күндү сулуулуктун жана назиктиктин майрамы катары кабыл алат. Чынында 8-март Кыргызстан үчүн кандай мааниге ээ? “Эже-сиңдилерде” ушул темада кеп курабыз.
Бул жолу "Эже-сиңдилерде" атайын элеттен келген фермер айымдар менен айыл чарба тармагында иштеген аялдардын иши, түйшүгү жана алар кабылган тоскоолдуктар тууралуу сөз кылабыз.
Караколдогу төрөт үйүндө эки аптада алты ымыркай чарчап калган окуя коомчулукту дүрбөлөңгө салды. Буга байланыштуу алты жетекчи иштен алынды. “Эже-сиңдилер” берүүсү бул жолу төрөтканалардагы абал, дарыгерлердин иши жана кош бойлуу кезде аялдар эске алчу учурларга кайрылды. .
Жакында эле АКШда өткөн “Аалам сулуусу 2022” сулуулук сынагы жыйынтыкталды. Бул жолу Кыргызстандын атынан Алтынай Ботоярова катышып келген. Анын аялдар укуктарын козгогон образы азыр деле талкууда. "Эже-сиңдилер" берүүсүндө Алтынай Ботоярова менен эксклюзивдик маекти сунуш кылабыз.
Дүйнөлүк криптовалюта жана NFT рыногу миллиарддаган доллар менен өлчөнөт. Барган сайын кыргызстандыктар санариптик валюта соодасынан же санариптик сүрөттөрдөн акча таба баштады.
Ирандагы аялдардын хижабын чечүү жана чачын кыркуу менен коштолгон каршылыгынын түпкүрүндө эмне жатат жана мындай козголоңго алып келген басымдын натыйжасы кандай болот? "Эже-сиңдилер" бул жолу ушул темада кеп курат.
Кыргызстанда зомбулук көргөн аялдар менен иштеген ондогон кризистик борборлор бар. Аларга кимдер кайрылат? Борбордун адистери өзүлөрү кандай жардамга муктаж, зомбулукту алдын алууда кандай иш-аракеттер аткарылат?
Өлкөдө аялдар арасында жумушсуздардын пайызы өтө жогору бойдон калып жатканы айтылып келет. "Эже-сиңдилер" берүүсүндө эмне үчүн мындай болуп жатканын талкуулап, аялдар үчүн жумушту кайдан жана кантип издөө керек экенин адистерден сурайбыз.
Эко-кыймыл жана эко-активизм деген эмне? Кыргызстанда таштандынын көлөмүн азайтууга ар бир жаран кандай салымын кошо алат? Пластикти кайра иштетүү деген эмне? "Эже-сиңдилер" бул жолу экология темасын талкуулайт.
Активист жана саясатчы аялдардын камакка алынышы өлкөбүздөгү айымдардын коомдогу ордуна кандай таасирин тийгизет? "Эже-сиңдилер" бул жолу ушул теманы талкуулайт.
Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда өспүрүм кыздарды жатын моюнчасынын рагына каршы эмдөө ноябрь айында башталарын билдирди. Ракты козгоочу папиллома вирусуна каршы вакцина алуу коопсузбу? Эмдөө кайсы жайларда жүргүзүлөт? Өспүрүм кыздар эмне үчүн эмдөөдөн өтүшү керек?
Балдарын жалгыз тарбиялап, ошол эле маалда өз алдынча иш алып барган энелер Кыргызстанда арбын. "Эже-сиңдилер" бул жолу чакан бизнес менен алек болгон жалгыз бой энелерди маекке чакырды.
Бишкек шаарынын тургуну Twitter социалдык тармагындагы билдирүүсү үчүн бир жылга эркинен ажыратылды. Бул окуя коомчулук үчүн кооптуу коңгурообу? "Эже-сиңдилердин" бул берүүсүндө ушул суроого жооп издейбиз.
Дагы жүктөңүз