"Эже-сиңдилер" телеберүүсүнүн алып баруучусу.
Соңку жылдары кыздардын аң-сезимин жашынан өзгөртүп, аларды өз укугун коргоого чакырган, билим алууга үндөгөн сөздөр айтылып келет. "Эже-сиңдилер" берүүсүндө бул жолу кыргызстандык кыздардын көйгөйлөрү, кыялдары тууралуу сөз кылабыз.
Гималайдагы 8163 метр бийиктиктеги Манаслу чокусун Кыргызстандын альпинизм боюнча курама командасы багындырды. 6-октябрда команда Бишкекке кайтып келди. Улуттук курама командага биринчи жолу аял – Асел Байбагышева кирди.
Орусиянын паспортун кармаган кыргызстандыктар мобилизацияда кандай абалда калды жана бул көйгөй алардын жашоосуна кандай таасир тийгизет? "Эже-сиңдилер" берүүсүндө ушул суроолорго жооп издейбиз.
16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты."Эже-сиңдилер" берүүсүндө үйүн таштап, коопсуз жайга көчүп кеткенгенге аргасыз болгон баткендик жарандардын психологиялык абалы тууралуу сөз кылабыз.
"Эже-сиңдилердин" орус тилиндеги бул чыгарылышында Кыргызстандын мода тармагынын өнүгүшү, андагы тоскоолдуктар жана өлкөбүздүн мода жаатына таасир тийгизген шарттар тууралуу кеп курабыз.
Балдарды мектепке даярдоо кыйла каражатты талап кылары белгилүү. Быйыл баа өтө кымбат болуп жатканына нааразы болгон ата-энелер көп. Балдардын мектепке даярдыгы канча турат? “Эже-сиңдилер” берүүсү ушул темада талкуу жүргүздү.
Турмуштун ар кандай сыноосуна туш болуп, кайра жаңыдан турмуш кургусу келгендер үчүн баарын ак барактан баштоого туура келет. Ал үчүн кандай сыноолор бар жана андан кантип жабыркабай өтүп кетүү керек? "Эже-сиңдилер" берүүсүндө ушул жана башка суроолорго жооп издеп көрөбүз.
Чет мамлекеттерде эмгектенип жүргөн кыргызстандыктардын саны 1 миллиондон ашуун. Алардын мээнет менен тапкан акчасын мекенинде жакындары кантип колдонот жана өлкөгө кайтып келген мигранттардын тагдыры кандай болот? Ушул темада "Эже-сиңдилердин" талкуусу назарыңызда.
Кыргызстанда 13 жаштагы кызды жарым жыл бою зордуктап келген деп айыпталган төрт адамдын экөө милиция кызматкери болгон. Бул окуя ачыкка чыккандан бери коомдогу талкуу токтой элек. "Эже-сиңдилер" берүүсүнүн бул чыгарылышында өспүрүм кызга карата жасалган зордук-зомбулук тууралуу кеп кылдык.
Бишкекте 40 жаштагы липосакция операциясын жасагандан кийин каза тапкан окуя өлкөдөгү сулуулук клиникалары жана косметологиялык салондордогу санитардык талаптар, сапат жана жоопкерчилик маселесин күн тартибине чыгарды. “Эже-сиңдилер” берүүсүндө ушул теманы талкуулайбыз.
Кыргыз медиасында коомдун бүйүрүн кызыткан макала, видеолору менен аты чыгып келаткан иликтөөчү журналист айымдар бар. “Эже-сиңдилерде” иликтөөчү айымдар өз ишинде кабылган тобокелдиктер, алар токтолгон темалар тууралуу кеп кылабыз.
Депутат Шайлообек Атазовдун кыздарды миграцияга ата-энеcинин коштоосу менен же күйөөгө чыккандан кийин гана жиберүү демилгеси "аялдардын укугун чектөө" катары сынга кабылды. “Эже-сиңдилер” берүүсүңдө биз ушул темада сүйлөшөбүз.
Бүгүн "Эже-сиңдилер" берүүсүндө балдардын эмгеги жана ата-эненин жоопкерчилиги тууралуу сүйлөшөбүз.
Түркмөнстан менен Ооганстанда аялдардын келбетине жана күнүмдүк кыймыл-аракеттерине карата коюлган чектөөлөр күч алууда. Бул көрүнүш Кыргызстан үчүн канчалык коркунучтуу жана аялдардын эркиндигин чектөө коркунучтуубу? Ушул теманы "Эже-сиңдилер" талкууга салды.
23-майда АКШнын мамкатчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу Бишкекке келди. Лу мырза "Азаттык" менен болгон маегинде Ооганстандагы кырдаал, Украинадагы согуштун таасири, Кыргызстан - АКШ кызматташтык келишими, кыргыз коомунун өзгөчөлүгү тууралуу суроолорго жооп берди.
Казино, букмекер, тотализатор жана башка кумар оюндарынын торуна түшкөн адамдар, алардын жакындары кандай кыйынчылыктарды баштан өткөрөт? Аларга ким жардам бере алат? Бул тузактан кутулуу жолдору барбы? "Эже-сиңдилер" берүүсү бул ирет ушул теманы талкууга алды.
Өспүрүмдөрдү тарбиялоодо, алар менен мамиле курууда ата-эне канчалык деңгээлде көзөмөл жүргүзүшү керек? Алар менен ишенимдүү мамилени ата-эне кантип курат? "Эже-сиңдилер" берүүсүндө бул ирет ушул суроолорго кайрылдык.
“Эже-сиңдилер" берүүсүндө бул ирет кыргыз коомундагы эркектерге карата болгон басым, дискриминация жана стереотиптер тууралуу талкуу өттү.
Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театры ондоп-түзөөлөрдөн кийин ушул жазда күйөрмандарына эшик ачты. "Эже-сиңдилер" берүүсүндө бул жолу репертуары жаңыланып, жаңы дем менен иштеп жаткан мекеме, биздин жашообуздагы театрдын орду тууралуу кеп курабыз.
Кыргызстанда харассмент же ыдык көрсөтүү, күнүмдүк жашоодо көптөгөн адамдардын жашоосуна таасир тийгизет. Харассменттин кесепеттери эмнеге алып келиши мүмкүн жана аны менен кантип күрөшүү керек? "Эже-сиңдилер" бул жолу ушул теманы талкуулайт.
Дагы жүктөңүз