Он миллиондогон киши табигый кырсыктан, жүз миллиондор ачарчылыктан апаат болушу мүмкүн. Улуттар Уюмунун Климат комиссиясынын XXI кылымдын аягына карай берген божомолу чеке жылытарлык эмес.
Жаңы технологиялык шоу Кыргызстанда октябрдан 2021-жылдын аягына чейин өтүүчү МИКСТУРА арт-фестивалынын бир бөлүгү болуп эсептелет. «Мендеги шаар» бул - көрүүчүлөргө аудио форматта тартууланган спектакль.
Биздин өлкөдө "единорог" компаниялар качан пайда болот? Бизнес тренингдерде да айтылбаган маалыматтарды "Азаттык плюстун" кезектеги чыгарылышынан көрүңүз.
Бул кандай лоторея, утуп алуу мүмкүнчүлүгү канча, каттоодон өтүп жатканда эмнелерди эске алыш керек - "Азаттык плюс" командасы жооп издеди.
Бишкек шаарында көп кабаттуу имараттан боюн таштап каза болгон 22 жаштагы жигиттин жакындары суициддин алдын алууга тийиштүү чара көргөн эмес деп Өзгөчө кырдаалдар министрлигин айыптап жатышат. Азырынча маркумдун өз жанын кыйганынын себеби белгисиз. Суицидге барган жигиттин жакындарынын дооматына Өзгөчө кырдаалдар министрлиги макул эмес.
Бишкекте кыргызстандык, казакстандык блогерлердин, тиктокерлердин, инфлюенсерлердин алгачкы курултайы болуп өттү. "Азаттык+" командасы дагы "Блогерлик курултайга" катышып кайтты.
5-октябрда Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты өтүп жаткан маалда Бишкекте үч эм кыз жарыкка келди. Аларга кыргызстандык спортчу кыздар Айсулуу, Мээрим жана Айперинин ысымдары берилди.
"Азаттык плюс" спортчу кыздарды чогултуп кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш тууралуу талкуу уюштурду.
Ринат Сулейманов - радиомеханик. 51 жылдан бери ушул кесипти аркалап, ар түрдүү үлгүдөгү автомобилдердин радиосун оңдойт. Борбордогу айдоочулардын дээрлик баары тааныган механиктин тажрыйбасы, кызыктуу окуялары тууралуу видеодон көрүңүз.
Казакстандын маданият күндөрү “Абай” операсы менен жыйынтыкталды. 7-октябрда башталган иш-чаралардын алкагында Бишкекке Казакстандан дээрлик 300дөн ашуун мадният өкүлдөрү келди.
Жогорку Кеңешке 28-ноябрда белгиленген шайлоого аттанган партиялар курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин бекитип жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтындагы маалыматка ылайык 9-октябрга карата беш саясий партия курултай өткөрдү.
Мындан бир жыл мурун, 4-октябрда, парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы эл көтөрүлүп, натыйжада Кыргызстанда бийлик алмашкан. Ал күндөрү “Жаштар келсин!”, “Люстрация!” деген чакырыктар жасалганы эсибизде. Андан бери бир жыл ичинде кандай өзгөрүүлөр болду?
66 жаштагы Швейцариянын атуулу Кристин Ингольд сегиз жылдан бери Кыргызстандагы майыптыгы бар, балдар үйлөрүндөгү кыймылдай албаган наристелерге физиотерапиялык жардам берип келет.
Кыргызстандагы кытайлык кыргыз жаштар эмне менен алек? Билим алып, өнөр үйрөнгөн жаштар өлкөгө кандай салым кошууда? Аларды эмне түйшөлтөт? Эмне кубандырат? "Азаттык+" бул ирет Кыргызстанда жашап, иштеп, билим алып, ийгилик жаратып жаткан кытайлык кыргыз жаштары менен тааныштырат.
Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун кызматтан кетүү боюнча арызын карап, кабыл алды. Анын ордуна Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлиги сунушталып, бекилди.
Кайсы компаниялардын акцияларын сатып алуу керек, криптовалюталардын келечеги барбы деген суроолорго талкуудан жооп аласыз.
25 жылдык тажрыйбасы бар кыргыз тили жана адабияты мугалими Замира Бекташева автордук программасын иштеп чыккан. Кинестетикалык кыймыл-аракеттерге негизделген ыкманын жардамы менен ал башталгыч класстын окуучуларына, өзгөчө башка улуттун өкүлдөрүнө тилди жеңил үйрөтөт.
20-сентябрда Улуттук филармониянын чоң залында эл артисттери Эсенгул Жумабаев, Сардарбек Жумалиев, Жылдыз Малдыбаева, Акимжан Жээнбай, Түгөлбай Казаков баштаган бир нече юбиляр композитордун мааракеси чогуу белгиленди.
Сиз дагы "Шаарда эс алуу үчүн жайлар аз, соода борборлору, сейил бактар гана бар" деп ойлогондордун арасында сиз да барсызбы? Бирок "Азаттык+" шаарда туруп эле көңүл ачса болорун иликтеп чыкты. Анда дем алыш күндөрүн пландоодон мурун биздин берүүнү көрүңүз.
Көп балалуу түгөйлөр өлкөдөгү спортко кошкон салымы, чемпиондорду тарбиялоо сыры, үй-бүлө баалуулуктары жана карьера менен тиричиликтеги баланс тууралуу ой бөлүшүштү.
Дагы жүктөңүз