27 жаштагы Калыс Жайчыбеков Бишкектеги цехтердин биринде төшөк каптап иштейт. Ал бул өнөрүн апасынан үйрөнгөн. Калыс кесип эркек-аял үчүн бирдей деп эсептейт. Экономика жаатында билим алган жигит, ырдаганды да жакшы көрөт. Акчасын топтоп, эл алдында ырдап чыккысы келет.
Талас облусунда 6-7 жаштагы секелек кыздарга сексуалдык ыдык көрсөткөн учур катталды. Бул окуя коомду дүрбөлөңгө салды. Ушул тапта ар бир ата-эне балдарынын коопсуздугун ойлоп кабатыр болуп турган кези. "Азаттык+" балдарды кантип коргойбуз деген суроого жооп издеди.
Бирок жолун таап кеткендер да жок эмес. Өз жашоосу үчүн жоопкерчиликти алган балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү жөнүндө "Азаттык плюстан" көрүңүз
Бишкекте эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган эл аралык кыргыз-казак айтышы өттү. Бул айтыш ошону менен катар “Айтыш” фондунун 20 жылдыгына, Жеңижок Көкө уулунун 160 жана казак акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналды. Айтыштын байге фонду 3 млн сомду түздү.
Кыргызстанга Ооганстандан ондогон студенттер келип окушат. Учурда алар өз мекенинде болуп жаткан окуяларга кабатыр. "Азаттык плюстун" бул чыгарылышында Кыргызстанда билим алып, иштеп жаткан ооган жаштарын көрсөтөбүз.
Коронавирус пандемиясы башталгандан бери азык-түлүктүн баасы кымбаттап, каатчылык жакыр жашагандардын кендирин кесип жатат. “Азаттык” Ивановка айылындагы эски ооруканада жашагандардын турмушу менен таанышып келди. Ал жерде жашагандардын көпчүлүгү Тажикстандан, калганы башка облустардан көчүп келген.
Кыргызстанда билим алып жаткан пакистандык студенттердин жашоосу кандай? Кандай кыйынчылыктарга туш болушат? Кыргыз коомунан, мамлекеттен эмне күтүшөт?
Азыр жаштардын кыргыз тилине мамилеси кандай? Кыргыз тилинин статусун көтөрүү эмне үчүн маанилүү? “Азаттык плюс” ушул теманы талкуулады.
Медициналык окуу жайдын студенти Эмир Мырзабеков 14 жашынан баштап көчө спорту менен машыгат. "Башында бир да жолу тартыла алчу эмесмин" деген Эмир учурда 60 кишиден турган Көчө спортунун түрлөрү федерациясынын президенти.
Ар кандай жанрдагы чыгармаларды, дүйнөлүк хиттерди комузга салып жүргөн белгилүү комузчу Эламан Каныбеков бул ирет сабизден үйлөмө аспап жасады.
Уста Маратбек Берикбаев музыкалык аспаптарды жасайт жана оңдоп-түзөйт. Анын колунан чыккан аспаптар кыргыз өлкөсүнөн сырткары Европа мамлекеттерине чейин тараган.
Учурда миңдеген мектеп бүтүрүүчүлөрү маанилүү тандоонун алдында турат. "Азаттык плюс" бул ирет кесипти туура тандоо жөнүндө талкуу уюштуруп, абитуриенттерге көмөкчү болгусу келди.
Кыргызстанда паракорлук жана бюрократияны сындаган комедия тартылды
11-июлда Бишкек, Ош, Токмокто шаардык кеңешке шайлоо өтүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматында Бишкекте 426699, Ошто 152718, Токмокто 38100 шайлоочу бар.
3500 метр бийиктиктеги көл, 26 чакырым жөө жүрүш, чатырдагы түн, чыйрыктырган суук. "Азаттык+" бул ирет Кочкордогу Көл-Үкөк жана Көл-Төр көлдөрүн көрсөтөт.
Кыргызстан мусулмандарынын жетинчи курултайында Замир Ракиев Кыргызстан мусулмандарынын башкармалыгынын башчысы – муфтий болуп бекиди. Анын талапкерлигин Аалымдар кеңеши курултайга алып чыкты.
"Азаттык плюстун" бул жолку чыгарылышында Айдана менен Нурболот 500 метр бийиктикке учуп, 60 метр бийиктиктен секирип, шар аккан сууга агып, ылдам унаа башкарышты. Кыргызстанда экстремалдуу спорт кандай өнүгүп жатат жана ага кызыккандар кимдер?
Караколдук уста комуздун бүктөмө, гитар-комуз деген сыяктуу 12 түрүн чабат. Чүйдүн айылдарында дыйкандарга суу жетпей эгин-тегин күйүп баратат. Көк-Жаңгакта кароосуз калган президенттик дача. Археологдор Кочкордо биздин заманга чейинки болжол менен 2500 жыл мурунку жайдын калдыгын табышты.
Кыргызстанда адам укугун коргогон "Бир дүйнө" кыймылы 26-июнь жабык жайлардагы кыйноолорго каршы күндү утурлай абакта каза тапкан Азимжан Аскаровду эскерүү иш- чарасын уюштурду.
Үч тарабынан тажик айылдары курчап турган Достук айылынын тургундары чек арадагы кырдаал курчуган сайын айылдан качып чыгууга мажбур. Таш-Тумшук айылынын тургундары президентке кайрылуу жолдоп, көчүрүп кетүүнү суранып жатышат. Лейлек районундагы Максат, Арка айылдарында жаңжалдан талкаланган үйлөр т
Дагы жүктөңүз