Кийинки учурларда ата-мекендик сүрөтчүлөрдүн эмгектери чет өлкөлүктөргө көбүрөөк тартууланып жатканы байкалууда. Анткени менен Кыргызстанда эмгектери анчейин бааланбай жатканын айткан да сүрөтчүлөр жок эмес.
Баланын калыптанышына атанын салымы кандай? Бала тарбиялоодо ата кандай рол ойнойт? Эмнеге аталар декретке чыкпайт? Бүгүн кыргыз коомунда аталардын орду кандай? "Азаттык+" аталар жөнүндө талкуу курду.
Кыргызстанда алгачкы ирет автобус кураштырылып, мамлекет 10 автобус сатып алмай болду. "Азаттык+" бул ирет Кыргызстанда жасалган алгачкы автобусту, электробусту, жүк ташуучу унааларды жана оор өнөр жайдын потенциалын көрсөтөт.
Кыргызстанда никеге туруу курагы жылдан жылга жогорулап баратат. 2020-жылдагы статистикалык маалыматка ылайык, эркектер орточо 27 жашында, аялдар 23 жашында никеге турат. Социолог Али Үналдын изилдөөсүндө кыргыз жаштары үй-бүлө курууда маданий жана диний баалуулуктары дал келишине жана бирдей улуттан болушуна маани беришкени белгилүү болгон. Бул жолу "Азаттык плюс" жаштар менен үй-бүлө курууда маанилүү болгон критерийлерди талкуулады.
Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган Оразайым Нарматованы боршайком дипломуна байланыштуу мандатынан ажыратты. Бул коомчулукта дипломдун мааниси, салмагы тууралуу ар кандай талкууларга жем таштады. “Азаттык плюс” билим берүү тармагындагы адистер жана жаштар менен ушул маселени талкуулады.
Гүлайым Саматбекова шейшеп тигип сатып, кыргызстандыктардын орточо айлыгынанкөбүрөөк каражат табат. Эки баласы тең кичинекей болгондуктан бардык иштерин үйүнөн чыкпай эле интернеттин жардамы менен бүтүрөт. Баласы менен үйдө отурган аялдар да сөзсүз иштеши керек деген Гүлайымдын бизнеси тууралуу кене
Уюштуруучулар 2020-жылдагы июлдагы жоготуулар азыркыларга сабак болуусун коңгуроо кылып, калкты толук вакцина алууга чакырып жатышат.
2021-жыл кыргызстандыктар үчүн кандай жыл болду? Жаштар кандай жетишкендиктерге жетишти? Кандай жоготуулар болду? Узап бараткан жылга жаштардын көзү менен сарасеп салыңыз.
Аскат Букарбаев менен Гулжамал Тынысбек кызы ар кандай формадагы самындарды жасап сатышат. Алар бул чакан бизнесин майыптыгы үчүн алган 4000 сом пенсиясын бириктирип башташкан. Азыр иши кандай жүрүп жатат, майрамдын алдында кардарлары көбөйдүбү - видеодон көрүңүз.
Curltai Folk чыгармачыл тобу төкмө акындар арасында эркин айтыш уюштурду. Негизги максат айтыш өнөрүнө заманбап түс берип, жаштарды кызыктыруу болгондуктан, иш-чара заманбап форматта өткөрүлдү. Ага "Азаттык+" командасы да катышып келди.
Жаш сүрөтчүлөрдүн эл аралык пленэри "Ала-Арча" улуттук паркынан башталды. КМШ, Прибалтика жана Грузия өлкөлөрүнөн келген ондогон жаш сүрөтчүлөр 10 күн бою Кыргызстандын кооз жерлерин сүрөткө тартып, өз ара тажрыйба алмашышат. Мындай иш-чара 10-ирет өткөрүлүп жатат.
18-декабрда Мигранттардын эл аралык күнү белгиленет. Бул күндү утурлай "Азаттык+" программасы Кыргызстанга келип жашап, эмгектенип, үй-бүлө күткөн чет өлкөлүк жарандар менен тааныштырат.
Суджин Хан менен Улук Шаршенов - жаш түгөйлөр. Алардын үй-бүлө куруп жашап жатканына бир жылдан ашык убакыт өттү. Суджин - корей тектүү америкалык, ал мектепте мугалим болуп иштейт.
Бүгүнкү жазуучу ким? Аларды эмнелер ойго салат? Эмне жөнүндө жазышат? Кандай тоскоолдуктарга туш болушат? Улуттук адабият күнүнө карата “Азаттык+” жаш авторлор менен ушул суроолорго жооп издеди.
“Азаттык плюс” бул ирет майыптарга колун сунуп, аларга үлгү болгон жаштар жөнүндө баяндайт.
Жаңы шайлоо мыйзамынын негизинде добуш берүүчүлөр бир мандаттуу округдардагы талапкерлерден тышкары саясий партиялардын бирине жана ал партиянын ички тизмесиндеги бир талапкерге да добуш берет. Добуш берүүдө кайсы жагдайларды эске алуу керек?
Кыргызстанда соңку 16 жылда биринчи жолу бир мандаттуу округдардан депутаттарды шайлоо өтүп жатат. Буга чейинки төрт парламенттик шайлоо толук партиялык тизме менен өткөнү белгилүү. Бул ирет Кыргызстанда түзүлгөн 36 бир мандаттуу округдардан жалпысынан 290дой талапкер ат салышып жатат. Кайсы округдарда атаандаштык күч? Деги эле бир мандаттуу округдардан чыккан талапкерлердин кандай өзгөчөлүгү бар?
Эмне үчүн мындай ача пикир жаралууда? Жогорку окуу жайлардагы ыдык көрсөтүүнү кантип токтотсо болот? Студенттер харассмент түшүнүгүн билишеби? "Азаттык+" жооп издеди.
"Азаттык+" бул ирет студенттердин жашоосун көрсөтөт.
Студенттер шайлоо учурунда саясий куралга айланбаш үчүн эмнелерди билиш керек? Эгер өз каалоосу менен үгүт иштерине катышса, кандай эрежелерди эске алуу зарыл? Басым жасалса кайда кайрылып, кантип укугун коргойт? "Азаттык плюста" жооп издейбиз.
Дагы жүктөңүз