25-апрелде Кыргызстанда салттуу музыка күнү белгиленди. Аталган майрам быйыл 18-жолу өткөрүлүп жатат. Ага Казакстан, Түркия, Өзбекстан, Азербайжан, Орусиянын Алтай жана Тыва Республикаларынын өкүлдөрү катышты.
Жыл башынан бери Кыргызстанда 25ке чукул балада залалдуу шишик дарты жаңы аныкталды. Дарыгерлер кандын оор дартына чалдыккан наристелер жылдан-жылга көбөйүп жатканын айтышууда. Оорунун алдын алуу үчүн аймактагы балдар дарыгерлерине онкологиялык билим берүү керек дегендер бар.
Жаздын келиши менен шаар тургундары өздөрүнө ылайыктуу спорт түрлөрү менен алектене баштайт. "Азаттык+" бул ирет кеңири жайылып, трендге айланган спорт түрлөрүн көрсөтөт.
18-апрель - Эл аралык эстеликтер жана тарыхый жайлар күнү. Бул күндү утурлай, белгилүү археолог Кубат Табалдиев “Азаттыкка” байыркы шаар калдыктарын көрсөтүп, тарыхый эстеликтердин абалы жөнүндө маек курду.
Бишкекте алгачкы англис тилиндеги китептер сатылган дүкөн ачылды. Ал Айдай Максатбековага таандык. Буга чейин ал орус тилинин грамматикасы жөнүндө эки окуу китебин жазганга үлгүргөн.
Билим берүү министрлигинин 12 жылдык окуу жөнүндө сунушу коомдо эки ача пикирди жаратты. Демилгеге каршы чыккандар тармакта мындан башка реформалоого муктаж көйгөйлөр толтура экенин айтса, министрлик муну замандын талабы деп түшүндүрүүдө. "Азаттык+" ушул теманы талкуулады.
Жаш түгөйлөр Нурсултан Кадыр уулу менен Зульфия Жумалиева Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын актёрлору. Жубайлар театрдан алган 7 миң сомдун тегерегиндеги маянасы менен турмуш арабасын сүйрөп келе жатышат. Таланттуу үй-бүлөнүн күнүмдүк турмушу менен тааныштырабыз.
Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстан 12 жылдык билим берүүгө багыт алганын жарыялады. Шаар тургундары бул жөнүндө эмне дейт?
Ипотека, насыя, кооператив жаштардын өз алдынча үй сатып алышына чоң мүмкүнчүлүкпү? Шылуундардын тузагына түшүп калбоо үчүн эмнелерди билүү керек? "Азаттык плюстун" бул чыгарылышында турак жайлуу болуунун бир канча жолдору талкууланды.
Жаңы кодексте “эркине каршы” деген термин алынып, “Адам урдоо” жабырлануучунун макулдугу менен ишке ашкан учурда да кылмыш иши сөзсүз козголот.
Бишкекте Орусиянын Укрианага каршы согушун токтотууну талап кылып акцияга чыккан жарандык активисттерди милиция кармап кетти. Мунун алдында шаардык ички иштер башкармалыгы мындай мүнөздөгү митингдерди өткөрүүгө сот тыюу салганын эскерткен.
"Азаттык плюс" өспүрүмдөргө жана алардын ата-энелерине жыныстык тарбия тууралуу пайдалуу берүү даярдады.
Китепке автордун макалалары жана өзү тууралуу эскерүүлөр камтылып, экинчи ирет басылган.
Маданий жайдын жетекчиси Асылбек Өзүбеков республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражат театрдын ичи-сыртына жеткени менен короо-жайын оңдогонго жетпей калганын айтууда.
Кыргызстандык талантуу үй-бүлө мүчөлөрүнөн түзүлгөн "Salt peanuts" аттуу жаз тобунун “Ата-бала” аталышындагы музыкалык альбому жарык көрдү. Топтун негиздөөчүсү Бакыт Кыдыкбаев жана анын уулдары Эркин, Кубан Кыдыкбаевдердин эмгеги Грэмми сыйлыгынын лауреаты, дүйнөдөгү легендарлуу жаз музыкасынын өкү
Ковбойлордун көк бөрү ойногонун көрдүңүз беле? Океандын ары жагында Көчмөндөрдүн спорт федерациясын түзүшүп, көк бөрүнү жайылтууга салым кошуп жаткан ковбойлор Кыргызстанга келишти. "Азаттык плюс" командасы алар менен жакындан таанышып, оюнга жана аттарга болгон сүйүүсүн көрсөтөт. Ковбойлордун көк б
13-мартта Бишкекте мектеп окуучуларына жана абитуриенттерге кесип тандоодо туура багыт берүүгө арналган чоң форум өттү. Иш-чарага катышкан 500 окуучу жана мектепти быйыл аяктап жаткан жаштарга ар тармактагы ийгиликтүү адамдар презентация жасашты. "Азаттык+" командасы да бул иш-чарага катышып келди.
Биринчи май райондук соту “улуттар аралык кастыкты козутту” деген берене менен кылмыш иши козголгон Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшембиевди эки айга камакка алды. Телеканал 3-марттан бери эфирге чыкпай, кеңсесине мөөр басылып турат.
Маянанын аздыгына, оор шарттарга карабай, мамлекеттик кызматтарда иштеген жаштар арбын. Жаштарды мамкызматта эмне кармайт? Аларды эмне кызыктырат? "Азаттык+" бул чыгарылышта мамлекеттик кызматтагы жаштарды көрсөтөт.
Бишкекте "Балдарды коргоо борбору" коомдук фонду STEM GIRLS FEST 2022 аталышындагы мектеп жашындагы кыздар арасында илимий-техникалык көргөзмө уюштурду. Ага борбор калаадагы 61 мектептин 7-11-класстарынын окуучулары жасаган эң мыкты 30 долбоор тандалып алынган.
Дагы жүктөңүз