Тогуз жолдун томунда жайгашкан Кочкор чет элдик туристтер өргүп өткөн жайга айланган. Жергиликтүү жаштар ошого жараша кызмат көрсөтүүгө өткөн. "Азаттык+" бул ирет Кочкордогу туризмди сүрөгөн жаштарды көрсөтөт.
Кыргызстанда жогорку окуу жайларга студенттерди кабыл алуунун биринчи туру башталды. Мектеп бүтүрүүчүлөрү кайсы окуу жайларды жана кайсы адистиктерди тандап жатат? "Азаттык" болочок студенттерге микрофон сунду.
Соңку кезде кыз-келиндерге болгон зомбулуктун күчөшү өзүн-өзү коргоонун маанилүүлүгүн арттырды. Өзүн-өзү коргоонун мыйзамдагы чектери, талабы кандай? Коргонууда кандай каражаттарды колдонсо болот? Психолог бул боюнча эмнелерди сунуштайт? "Азаттык+" программасынан көрүңүз.
Бүгүн 9-июлда Кыргызстанда Курман айт майрамы белгиленүүдө. Бардык мечиттерде майрамдык айт намазы окулду. Эл эң көп чогулган айт намазы Бишкектин Эски аянтында өттү. Коронавирус пандемиясына байланыштуу соңку эки жылда айт намазы борбордук мечиттерде окулбай келген.
Жайында айыл жергесинде жумуш кызыйт. Мектептен каникулга чыккан балдар да четте калбай, чоңдорго жардам беришет. Балдар көбүнчө дыйканчылык, мал багуу, чөп чабык сыяктуу иштерди кылса, кыздар үй жумуштары менен алек болушат. "Азаттык+" бул ирет айылдагы турмушту балдардын көзү менен айтып берет.
Кыргызстанда соңку кездери келин образы менен таанылган блогерлер пайда болду. Аларга күйөрман болуп, контентин күтүп көргөндөрдүн да катары калың. Айылдагы турмуш менен блогерликти айкалыштыруу түйшүкпү? "Азаттык+" бул чыгарылышын "келин блогерлерге" арнады.
Шаардагы жашоону ыңгайлуу кылуу кимдердин колунда? Адамзаттын саламаттыгына кам көргөндөр кимдер? Тоо-кен өндүрүшүнүн туура иштеши кимден көз каранды? "Азаттык+" бул чыгарылышында көпчүлүк билбеген келечектүү кесиптер жөнүндө баяндайт.
"Интерньюс" уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү “Билим айтыш” долбоорун баштады. Анда төкмө акындарды медиасабаттуулук жана алардын чыгармачылыгын социалдык тармактарда жайылтуу боюнча окутууда.
"Мен тапканымдан көбүрөөк акча коротом. Айлыгым кийинки айга жетпей калат". Бул кырдаал сизге таанышпы? Же тапкан каражатыңызды кантип туура колдоном деп ойлонуп жүрөсүзбү? "Азаттык+" каржылык сабаттуулук жөнүндө талкуу уюштуруп, ушул суроолорго жооп издеди.
Бишкекте алгачкы жолу Go Viral аймактык фестивалы өттү. Иш-чара IT, медиа, бизнес жана маданият тармагындагы алдыңкы адистерди бир жерге чогултту.
10-июнда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда дүйнөгө белгилүү швециялык скрипач Даниэл Лозаковичтин концерти өттү. Маданий иш-чара кыргыз-швед дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган.
Чет өлкөдө иштегиси келген кыргызстандыктар үчүн жаңы багыттар ачылууда. Буга катар мамлекеттик миграциялык программалар да көбөйө баштады. Чет өлкөдө иштөө каалообу же муктаждыкпы? Мамлекеттик миграциялык программалар кандай иштейт? Бул суроолорго "Азаттык+" жооп издеди.
Кыргызстандын курама командасы 2023-жылы Кытайда өтө турган футбол боюнча Азия кубогунун акыркы тандоо оюндарына даярдыгын баштады.
Социалдык тармактарда окуучуну ур-токмокко алып жаткан мугалимдин видеосу тарады. Бул окуя көпчүлүктүн талкуусуна алынып, ага катар ача пикирлер жаралды. "Азаттык+" бул ирет талашка жем таштаган окуя тууралуу жалаң окуучулардын оюн укту.
Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык академиялык драма театры 85 жылдык мааракесине карата отчёттук театр жумалыгы менен Бишкекке келди. Чыгармачыл топ борбор калаадагы сапарын Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раевдин "Оо, кыздар" драмасы менен жыйынтыктады.
Интеллекттин жардамы менен өндүрүлгөн продукт азыр дүйнөдө жогору бааланат. Ал эми Кыргызстандагы креативдүү индустрия кандай деңгээлде? Чыгармачылык менен таланттын баасы канча? Биз бүгүн Кыргызстандагы креативдүү экономиканын маанисине токтолобуз.
Медициналык академияны аяктаган Алихан Ибраимов төрт жылдан бери адабият, тил илимине да кызыгып, бул жаатта бир топ иштерди жасап келет.
Жогорку окуу жайды жана факультетти кантип тандоо керек? Окууга тапшырганда эмнелерге көңүл буруу шарт? "Азаттык+" бул жолу абитуриенттерге билим берүү тармагындагы адистерден кеңеш алып берди.
Эки жылдык чектөөдөн кийин Бишкектеги эски аянтта Айт намазы окулду. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматынын эсебинде 2-май күнкү майрамдык намазга болжол менен элүү миңдей киши чогулду.
1986-жылдын 26-апрелде Чернобыль атомдук станциясында кырсык болгон. Кырсыктын кесепетин жоюуга катышкан кыргызстандык дарыгер, Борбор Азия аскердик батальонундагы жалгыз догдур Искендер Шаяхметов апаатты эскерди.
Дагы жүктөңүз