Азамат Турсунбаев 2008-жылы Америкага жөнөп кеткен. Ал кезде АКШ кыргыз жаштары үчүн жаңы багыт болуп турган. Бул убакыт ичинде ал ар кандай иш баштап көрүп, телефон оңдоп кызмат көрсөткөн кеңсе ачкан. Азамат азыр бул багыттагы бизнес баштаган Калифорниядагы алгачкы ишкерлердин бири болуп калды.
Азыр жаштардын көбү официант болуп иштөөнү тандайт. Бир караган кишиге оңой көрүнгөнү менен алардын да элге көрүнбөгөн түйшүгү чоң. “Азаттык+” бул ирет официанттардын иши менен жакындан тааныштырат.
Айрым ата-энелер балдары үчүн кыргыз тилинде билим берген мектептерди табуудан кыйналышканын айтышат. Алардын билдиришинче, буга кыргызча класстардын толбогону себеп.
D Billions тобунун Ютубдагы видеолору 25 миллиард жолу көрүлдү. Ырчы Жакстын (JAX) 10 миң долларга тарткан клиби интернетте популярдуу болууда. Жазуучулар өздөрү жазган китепти сатуунун жаңы жолдорун өздөштүрүшүүдө. Бишкекте өлкөдөгү ушул жана башка жаратмандардын эмгегине арналган фестиваль өттү.
Башка өлкөлөрдөй эле Кыргызстанда акыркы жылдары "троллдор фабрикасы" олуттуу көйгөйгө айланды. Талкуу жараткан кайсы бир саясий, экономикалык же социалдык темага коомдук пикир жаратуу фейктердин негизги максаты. Троллдордун чабуулун кантип аныктап ага кантип туруштук берүү керек?
Суук түшкөнү көмүр издегендер көбөйдү. “Кыргызкөмүр” ишканасы Кара-Кечеден казылган көмүрдүн бир тоннасын 1450 сом деп эсептеген, бирок Бишкекке чейинки кошумча чыгымдарды кошкондо 4 миң сомго чыгып кетет.
Бишкекте "Медиакоон: эркиндик үчүн" форуму өттү. Теңчиликти, жарандык активдүүлүктү, саясий сабаттуулукту жайылткан медиа долбоорлорлорду колдогон иш-чарага Өзбекстан жана Казакстандын медиа өкүлдөрү да катышты.
Соңку аптада 25тей саясатчы жана жарандык активист кармалды. Ага удаа эле эркин медиага каршы митинг жана сөз эркиндигин колдогон жөө жүрүш өттү. Бул окуялар жаштарга, алардын маанайына кандай таасир этти? Жаштардын үнүн "Азаттык плюстан" угуңуз.
Стэнфорддун стипендиясын жеңип алган Малика, келечекте иштей турган технологияларды жасаган Жеңиш, спорттогу жетишкендиги үчүн акысыз билим алган Ратбек. "Азаттык+" бул чыгарылышында Америкада акысыз билим алган жаштар менен тааныштырат.
Ижарачы батирдин ижарасын негизсиз жогорулатып салган учурда эмне кылуу керек? Үйдөн чыгарып салган учурда кайда кайрылуу керек? Ижарачы менен келишим түзүү канчалык маанилүү? "Азаттык+" батир ижарасына байланыштуу соңку кырдаалды талкуулады.
21-сентябрда жарыяланган жарым-жартылай мобилизациядан кийин орус жарандары коңшу мамлекеттерге, анын ичинде Кыргызстанга агылды. Учурда алар Бишкектин шартына көнүп, айрымдары бизнес баштоону ойлонуп жаткан кези.
8-октябрь күнү Бишкек мэриясы тарабынан жалпы ишембилик жарыяланган. Бул жараянга мобилизациядан улам Кыргызстанга келген орус жарандары да катышты. "Бул биздин кыргызстандыктардын меймандостугуна билдирген ыраазычылыгыбыз" дешет алар.
Жыл сайын ондогон кыргызстандык грин-картага тапшырып, Америкада жашап калуу бактысын сынап көрөт. Бул лоторея чын эле Америкадагы ажайып жашоого жолдомобу? Аларды АКШ кандай тосуп алат? "Азаттык+" грин-карта менен Америкада жашап калган кыргызстандыктарды көрсөтөт.
Кыргызстанда чоңоюп, Түркияда таанышып, Америкада жашаган Гульзина менен Замир Кремний өрөөнүндө иштешет. Гульзина Фейсбук компаниясында дата анализдөө боюнча адис, ал эми Замир жасалма интеллекттин жардамы менен кызматтарды жасаган C3 AI компаниясында улук башкаруучу.
Эгер Калифорния штаты өзүнчө мамлекет болсо, дүйнөдөгү 5-өлкө болмок. Себеби, бул жерде атактуу, миллионго бааланган технологиялык корпорацияларды, ондогон стартаптарды камтыган Силикон же Кремний өрөөнү жайгашкан. "Азаттык+" бул аймакты багынтып, байырлаган кыргызстандыктар менен тааныштырат.
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш кыргыз жаштарын бириктирди. Алар ыктыярчы катары гуманитардык жардам чогултуп, кан тапшырып жана башка иштерде көмөк көрсөтүп жатышат. "Азаттык+" Баткенге кол сунган ыктыярчы жаштарды көрсөтөт.
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык опера жана балет театрынын жамааты ар жума сайын, шаршембиден жекшембиге чейин ачык асман алдында өз өнөрлөрүн шаар тургундарына тартуулап жатышат. Бул чыгарылышта дал ушул концерттерге даярдык кандай жүрүп жатканын көрө аласыздар.
Көл жээгинде лаванда өстүрүп, анын эфир майын Жапонияга эскпорттогон Айсулуу. Жанар болсо өз үйүнүн короосунда эле уй багып, сыр жасайт. Эчки багып, табигый азык өндүргөн Үмүт. "Азаттык+" бул ирет кесибин фермерликке алмаштырып, өндүрүштүн жаңы түрлөрү менен алектенип жаткан айымдарды тааныштырат.
Президент Садыр Жапаров 2-сентябрда бир катар коомдук жана саясий ишмерлерге сыйлык тапшырды. "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку наамы беш кишиге ыйгарылды. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында бул наамга дагы кимдер татыган?
Тоо туризми Кыргызстандын келечектүү тармактарынын бири. Жыл сайын жүздөгөн турист тоо койнунда эс алууну тандайт. "Азаттык+" Суусамыр жана Соң-Көл жайлоолорунда токтогон туристтер менен таанышып кайтты.
Дагы жүктөңүз