Коомчулук жаштар арасында, айрыкча мектеп окуучулары арасында электрондук тамеки кеңири жайылып, кадыресе көрүнүш болуп калганына тынчсызданууда. “Азаттык+” ушул теманын айланасында талкуу курду.
Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында белгилүү журналист, акын, "Азаттыктын" редактору Кубат Оторбаевдин “Гүлдөр күтөт” аттуу ыр жыйнагынын бет ачар аземи өттү.
Кыргызстанда ар кандай саясий окуялар, чек ара чыры, пандемия болгондо активдүү жарандар демилгени колго алып, муктаждарга жардамге келет. “Азаттык+” жарандык активизмдин мааниси жөнүндө ар кыл тармактагы активдүү кыздарды кепке тартты.
Жыл сайын чет өлкөдө билим алууну каалаган жаштардын саны өсүүдө. Аларды негизинен үч багыт: АКШ, Европа жана Азия өлкөлөрү кызыктырат. Кантип бул өлкөлөргө окууга тапшырса болот? Кандай мүмкүнчүлүктөр бар? “Азаттык плюстан” көрүңүз.
Кыргыз тилин кантип үйрөнөбүз? Тилди тез үйрөнүп, суудай сүйлөгөн замандаштарыбыз да бар. Алар менен “Азаттык+” тааныштырат.
Жасалма интеллекттин тез ыргакта өнүгүшү кандай өзгөрүүлөргө алып келет? Жасалма интеллект кандай мүмкүнчүлүктөрдү жана тобокелдиктерди берет? Биз эмнелерге басым жасашыбыз керек? “Азаттык+” программасынан көрүңүз.
Учурда жерине жеткирип берүү кызматтарында жүздөгөн адам курьер болуп иштейт. Алардын басымдуусу жаштар. Курьерлердин биз билбеген түйшүгүн, тооруган тобокелдиктерин, максат-тилегин “Азаттык+” программасынан көрүңүз.
Англис тили мектептерде 9 жыл окутулганына карабай, мектеп бүтүрүүчүлөрү тилди толук өздөштүрө алышпайт. Ошол эле учурда жеке менчик курстарга, социалдык тармактагы тил үйрөтүүчү контентке суроо-талап күч. “Азаттык+” жаштардын дүйнөлүк тил менен байланышын талкууга алды.
Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын эмгек жамааты татарстандык жазуучу Аяз Гилязовдун “Үч карыш жер” драмасынын негизинде сахналаштырылган "Жат эмесмин" аттуу спектаклди тартуулашты. Чыгарма Советтик репрессияга кабылып, мекенине кайтпай калган адамдардын жаркын элесине арналган.
Кыргыз Эл артисти Замирбек Сооронбаев саламаттыгына байланыштуу сахнага чыкпай калган акыркы жылдары «Театр – менин айтып бүтпөс дастаным» аттуу китеп жазды. Болочок актерлордун насаатчысы. Актер жана режиссер «Азаттыкка» сыябан маек курду.
ТикТок социалдык тармагы жаштар арасында кеңири таралган, ошол эле учурда эң көп сынга кабылган платформа. Соңку учурда кыргызстандык блогерлер да миллиондогон аудитория топтоп, бул тармак аркылуу эл аралык деңгээлде атак күтө алышты.
24-январда Чүйдүн Москва райондук соту төкмө акын Болот Назаровго “тоноо” фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин кыскартты. Темир тор артында үч айга чукул отурган төкмө акынды бул арада үзөңгүлөштөрү, калың эли колдоп турду.
Бишкекте күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүүдө. 21-январь күнү башталган мелдеште алгач грек-рим күрөшүнөн чемпиондор белгилүү болду. Бул чемпионат кыргыз спортуна жаңы ысымдарды таанытмакчы.
Бишкекте XX кылымдын 20-50-жылдарындагы саясий репрессиялардын бардык курмандыктарын реабилитациялоо демилгесине арналган талкуу өттү. Талкууга катышкан коомдук ишмерлер, тарыхчылар, изилдөөчүлөр коомдук талкууда турган мыйзам долбоору боюнча өз сунуштарын айтты.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев кырдаалга байланыштуу "Азаттыкка" маек берди.
Гүлнара Жолдошбаева (Гульнара Джолдошбаева) дээрлик 40 жыл орус тили жана адабияты мугалими болуп иштеген. Пенсияга чыккандан кийин спорт менен машыгып, атайын курсту аяктап, учурда машыктыруучу болуп иштеп жатат.
Салык кызматы Кыргызстандагы саясий жана мамлекеттик кызматкерлердин 2021-жылдагы декларациясын жарыялады. Президент баштаган чиновниктердин бир жылда тапкан-ташыганы жана чыгашасы тууралуу сөз кылабыз.
“Азаттык+” жаңы жылдык чыгарылышында жыл ичинде элге кеңири тааныла алган ар тармактагы жаштарды кепке тартты.
Кыштын келиши менен Бишкекти коюу түтүн, ыш каптайт. Жыл сайын кайталанган бул көрүнүш менен шаар тургундары өз алдынча күрөшүп жатышат. “Азаттык+” ышка каршы карапайым жарандардын уникалдуу демилгелери менен тааныштырат.
Мурда угуп жүргөн эле чыгарманы жаңылап ырдап чыгып, эл оозуна алынып, күйөрман топтой алгандарды тааныйсызбы? “Азаттык+” кавер аткарып таанылган жаштарды көрсөтөт.
Дагы жүктөңүз