Бишкекте күн ысыгандан тарта таза суу тартыштыгы күч алды. Өзгөчө шаардын жака-белиндеги Арча-Бешик, Ак-Ордо, Ак-Жар өңдүү жаңы конуштардын жашоочулары сууга жетпей атканын айтышууда.
БШК Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округундагы добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгын жарыялады. Дамира Ниязалиева 6 миңден ашык добуш менен алдыга чыкты. Дагы бир талапкер Эртай Искаков аны добуш сатып алууга айыптап жатат. Ниязалиева муну "каралоо" деп сыпаттады.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жаңы дайындалган башкы машыктыруучусу Штефан Таркович 23-майда Бишкекте маалымат жыйын куруп, оюнчуларды издеп жатканын билдирди. Анын штабы 33 футболчуну машыгууга чакырган. Ал азыр команданы июнда өтө турган мелдешке машыктырып жатат.
Кыргызстандын мектеп окуучулары эгемендик алгандан бери жыл сайын математика, биология, химия, физика жана информатика боюнча дүйнөлүк предметтик олимпиадаларга катышып келет.
Токтоболот Абдумомунов атындагы улуттук драма театрында үч муундун акындарынын башын бириктирген “Ыр өмүр” поэзия кечеси өттү. Кечеге аттын кашкасындай таанымал акындар менен катар миграцияда жүргөн жана элетте жашаган калемгерлер да катышты.
Кочкор-Ата шаарында ууланды деп айтылган 23 бала ооруканада жатат. 11-майда шаардагы мектептердин биринин 6-7-8-класстарынын 42 окуучусу "Тез жардам" аркылуу ооруканага жеткирилгени кабарланаган. Айрымдары дарыгерлердин кароосунан кийин үйлөрүнө чыккан. Ууланууга эмне себеп болгону айтыла элек.
Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын көзөмөлдөө кызматында жети айым эмгектенет. Алар концерт-салтанаттарда элди тейлеп, кечигип келгендерди өз орундуктарына жайгаштырышат. “Азаттык” 15 жылдан бери эмгектенип жаткан Ракат Калыйбаеванын машакаттуу жумушу менен тааныштырат.
ИИМ академиясынын курсанты Айза Улан кызынын өлүмүнө шектүүнүн бөгөт чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралып, эки айга камакка алынды. Маркумду быйыл январда жөө жүргүнчүлөр тилкесинен машине коюп кеткен. Башкы прокуратура унааны мурда кармалган шектүү эмес, анын уулу башкарганын аныктаган.
12 -майда Бишкекте оркестрлер арасында II республикалык сынак жыйынтыкталды. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан 600гө жакын өнөрпоздор катышып, таланттарын тартуулашты.
Жаз-жай айларында шаардан көчө музыканттарын кезиктирүү кадыресе көрүнүш. Бул маданият Бишкекте кандай өнүгүп жатканын “Азаттык плюстан” көрүңүз!
Чүйдө согуштун ардагерине автоунаа жана Ленинград блокадачысына үй берилди. Биздин каармандар урушта бир туугандарынан, ата-энесинен ажырап, далай оор күндөрдү баштан кечирген. Ардагерлер дүйнөдө болуп жаткан соңку окуяларга кейип, согуш кайталанбасын деп тилешет.
Фрилансерлердин, аралыктан иштеген адистердин көбөйүшү менен Кыргызстанда коворкингдердин саны артууда. “Азаттык+” шаардагы коворкингдерди кыдырып, ижарага иш орун алып иштөө маданияты кандай өнүгүп жатканына кызыгып көрдү.
Улуу Британиянын Тышкы иштер жана эл аралык өнүгүү министрлигинин санкциялар боюнча директору Дэвид Рид Бишкектеги сапары жана Батыштын Орусияга салган санкцияларын сактоонун талабы тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
Салтка айланып калган кезектеги эл аралык жаз фестивалы Бишкекте өттү. Он сегизинчи ирет өтүп жаткан саамалыкка бул ирет Кыргызстан, Австрия, Италия, Израил өлкөсүнүн музыканттары катышты.
Саясий популизм деген эмне? Кыргызстанда популист саясатчылар көппү? Популизмдин коомго, ар бир жаранга таасири кандай? Бул суроолорду “Эркиндик үнү” подкастынын бул чыгарылышында Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов менен талкууладык.
Балбан Айсулуу Тыныбекова Астанада өткөн кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын байге утуп, беш жолу Азия чемпиону аталган алгачкы кыргызстандык балбан кыз болуп калды.
Өлкөдөгү ар кандай туруксуз саясий кырдаалдарда, кыйын учурларда, ошол эле чек ара чырында, пандемияда жаштар дайыма өз салымын кошот, ыктыярчы болуп, ар кандай демилгелүү топторго уюшат.
Орусия Украинага кол салып, согуш башталгандан кийин Кыргызстанда деколонизацияга байланыштуу талкуу жанданды. Деколонизация деген эмне? Кыргызстанга эмне үчүн маанилүү?
Соңку күндөрү Кыргызстанда катуу баракан автоунаа көчөдө жөө бараткандарды коюп кеткен бир нече каргашалуу окуя болду. Мындан улам жолдо жүрүүнүн коопсуздугу чоң баш ооруга айланды. “Азаттык+” дал ушу маселеге кайрылды.
Нооруз майрамында жаштар кошумча киреше таап калууга шашат. Алар сүмөлөк, өнгөн буудай, боорсок сатып, элге ар кандай кызматтарын сунуштайт. “Азаттык+” майрам күнү шаар кыдырып, майрамдан акча жасагандарды издеди.
Дагы жүктөңүз