Маалыматтарга караганда, Ирандын делегациясы Бириккен улуттар уюму киргизген курал эмбаргосунун алынышын көздөп жатат. Батыш болсо бул шартка көнбөсүн айтууда.
Тегерандын атомдук программасы боюнча соңку келишимге жетүү мөөнөтү 30-июнда соңуна чыккан. Бирок тараптар 7-июлга чейин мунаса табууга аракеттенишкенин билдиришкен. Могерини сүйлөшүүлөр “дагы эки-үч күнгө уланарын” айтып, бул “акыркы мөөнөт дагы бир ирет узартылып жатат дегенди билдирбейт”,- деди.
Ошол эле маалда АКШ Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Мари Харф Ислам жумурияты менен 2013-жылы жетишилген утурумдук келишимдин мөөнөтү 10-июлга чейин узартылганын билдирди. Ошентип, Иран жана Британия, Кытай, Орусия, АКШ, Франция жана Германия кирген топтун өкүлдөрү корутунду документтин жол-жоболорун 10-июлга чейин тактап, бекитүүгө тийиш.
Харфтын айтымында, Венада акыркы бир нече күндө “олуттуу алга жылуу” байкалууда.
“Биз мөөнөткө караганда макулдашуунун сапатына көбүрөөк көңүл буруудабыз”, - деди Мамлекеттик департаменттин өкүлү.
Айрым министрлер Австриянын баш калаасынан 7-июлга кетишет деп күн мурунтан пландалганы менен тараптар өз ишин токтотушпайт деп күтүлүүдө. Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус Венадан кайтып жатып:
- Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөр күтүлгөндөй эле оңой эмес жүрүүдө. Бирок сүйлөшүүлөр уланууда. Биз ядролук изилдөөлөрдү чектөө керектигине басым жасап атабыз. Ошондой эле санкциялар, керек болсо алардын кайра киргизилиши, Ирандын атомдук программасынын буга чейинки ыктымал аскердик масштабын талкуулап жатабыз.
Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров соңку келишим боюнча бир пикирге келүү үчүн дагы сегиз маселенин башы ачылбай жатканын, эң негизги талашты Улуттар уюмунун Иранга каршы курал эмбаргосу жаратканын айтты.
Дүйшөмбү күнү кечинде сүйлөшүүлөр учурунда тараптар Ирандын баллистикалык программасына киргизилген санкцияларды талкуулап, туңгуюкка такалышкан.
Буга чейин сүйлөшүүлөрдө бул маселенин козголору айтылган эмес. Батыш делегациясынын бир мүчөсү “ирандыктар баллистикалык куралга санкцияларды алдырууну каалашат. Биз тараптан андай ниет жок” деди.
Ирандын расмий өкүлү Венадагы кабарчылардын суроолоруна жооп берип, Тегеран курал эмбаргосунун алынышын көздөгөнүн билдирди.
АКШ жана Батыштын башка мамлекеттери Ирандын жөнөкөй курал-жаракка ээ болуусун чектөөнү калтырууну каалашат. Ислам жумурияты Йеменден Ливанга чейин Жакынкы Чыгыштагы согушкерлердин ишмердигине негизги шыкакчы катары каралып келет.
Апрелде сүйлөшүүлөрдүн форматын жана мазмунун аныктап жатып Вашингтон БУУнун Иран боюнча жаңы саясатына “жөнөкөй жана баллистикалык курал-жаракка чектөө” киргизилерин белгилеген. Андай чектөөлөр Конгресстин колдоосун алуу үчүн өтө маанилүү.
Иран жаңы талаптарын алып чыккандан кийин Ак үй соңку документ буга чейин макулдашылган алкактан чыкпоого тийиш деп эскертти.
Бирок Тегерандын сүйлөшүүлөрдөгү башкы өкүлү Иран өз укугунун сакталышына басым жасаарын, БУУнун санкциялары алынганда баллистикалык ракеталарга чектөө да калбашы керек деген жообун кайтарды.
Ал эми Орусия менен Кытай Батыш державаларынан айырмаланып, 2007-жылы Ирандын атомдук программасына байланыштуу кабыл алынган жазалоочу чаралардын алкагында киргизилген курал эмбаргосун алып салууну колдошот.
Жаңы келишим түзүлсө, Тегеран ядролук программасынын негизги бөлүгүнөн баш тартып, бул үчүн өзгөчө мунай экспортун бутага алган санкциялар жеңилдетилмекчи.
Израил жана АКШ Конгрессинин айрым мүчөлөрү санкциялардын алынышы Ислам жумуриятынын экономикасына миллиарддаган доллардын агылышына алып келерин, ал каражат өлкөнүн региондогу агрессиясын улантууга жумшалат деп чочулашат.
АКШ президенти Барак Обама Иран менен келишимди конгрессмендерге 9-июлга чейин сунуш кылса, алар документти 30 күн карашат. Ал эми андан кийин, ал мөөнөт эки айга чейин созулуп кетмекчи.