"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы учурунда жакындарын жоготкондор эмне үчүн массалык түрдө адам өмүрү кыйылганынын себебин териштирүүнү бийликтен талап кылышууда
Эмне үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн жетекчилери беларус президенти Александр Лукашенкону кайра шайланышы менен биринчилерден болуп куттукташты?
Гонконг полициясы дүйшөмбү күнү коопсуздук жөнүндөгү жаңы мыйзамды бузганы үчүн он кишини, арасында белгилүү бизнесменди камакка алды.
Ооган өкмөтү жана «Талибан» кыймылы 18 жылдан бери уланып келаткан кан төгүүнү токтотуу максатында тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого бир кадам жакындап калышты.
Бейрутта коопсуздук күчтөрү бери дегенде 150дөй кишинин өмүрүн алып кеткен жарылууга байланыштуу нааразылыгын билдирип чыккан ондогон демонстрантты кууп таркатты.
5-августта Армениянын президенти Армен Сарксиян чет элдик каналдардын, анын ичинде орусиялык каналдардын берүүлөрүн чектеген буйрукка кол койду. Ага чейин Латвия жана Литва "Russia Today" мамлекеттик тобунун бир нече берүүлөрүнө тыюу салган.
Пандемия токтобой жаткан кезде көпчүлүк өлкөлөрдө окуу жылынын башталышы менен балдар мектепке кантип кайтат деген маселе баш ооруга айланды.
Ооган коопсуздук күчтөрү Нангархар чөлкөмүндөгү абакка кол салган «Ислам мамлекети» террордук уюмунун жоочуларын издөөнү улантышууда.
Бир нече күн мурун Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшкө жардам бериш үчүн орусиялык аскердик дарыгерлердин тобу келген. Пандемия башталгандан бери Орусиянын аскер медиктери Сербияга жана Италияга жөнөтүлгөн.
Кошмо Штаттар менен катар Азияда да коронавирустун учурлары көбөйүп жатат. Глобалдык алкакта COVID-19 672 миңдей кишинин өмүрүн алып кетти. Инфекциялангандардын саны 17.2 миллионго жетти.
Мындан 40 жыл мурда ошол кездеги СССРдин баш калаасы Москвада 22-Жайкы Олимпиада өткөн. Ал оюндар тарыхта эң саясатташкан спорттук иш-чаралардын бири болуп калды.
Быйыл пандемиядан улам Меккеге чогула турган динчилдердин саны чектелди.
Социалдык тармактарда «орусиялык дарыгерлер дүйнөнүн башка жерлеринде пайдасы далилденбеген, ал тургай зыяндуу экени аныкталган препараттар менен дарылашат экен» деген кептер тарап жатат.
Коронавируска каршы вакциналарды сыноо уланып жатат.
Иран өлүм жазасына тартылгандар боюнча Кытайдан кийинки орунда турат.
3 миллион 700 миң калкы бар Грузия COVID-19га каршы күрөштө үлгү алчу өлкөлөрдүн арасына кирди.
Орусиянын Хабаровск шаарында жекшембиде экинчи күнү катары менен нааразылык акциясы уланды. Митингге чыккандар крайдын губернатору Сергей Фургалга колдоосун билдиришти.
Коронавирустун белгилери пайда болору менен эн негизгиси дароо башкалардан обочолонуш керек. Дартты дарылоо протоколунда негизги басым тромбдун пайда болушунун алдын алуучу препараттарды колдонууга жасалган.
Кыргызстанда эпидемиологиялык абал курчуп турган кез. Эмне себептен ушундай абал түзүлдү? Пневомнияга чалдыккандарды коронавирустун статистикасына кошуу эмне үчүн маанилүү?
Дагы жүктөңүз