"Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.
ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын Ереванда өткөн бейформал саммитинде Кыргызстандагы кырдаал негизги маселе катары талкууланды. Жыйында Кыргызстанга атайын аскердик техникадан жана гуманитардык жардам көрсөтүү чечим дагы бир ирет колдоого ээ болду. Учурда жардам көрсөтүүнүн жол жоболору аныкталып жатат.
Кыргызстандагы экономикалык кризистин белгилери жана себептери жөнүндө экономикалык илимдердин доктору, талдоочу Айылчы Сарыбаев "Азаттыкка" ой-пикир бөлүштү.
Түштүктөгү кандуу окуяларды иликтөө боюнча Улуттук комиссиянын мүчөсү Жыпар Жекшеев иликтөөлөрдө бул иш алдын ала атайын даярдалганы, куралчан топ бейкапар жаткан кыргыздарга катылып, бүлгүн салганы белгилүү болгонун айтат.
Кыргызстандын вице-премьер-министри Өктөмкан Абдуллаева калаба болгон аймактардагы мектептердин абалы, жаңы окуу жылына даярдыктар боюнча кеп салып берди.
БШК төрагасы Акылбек Сариев партиялардан шайлоого катышуу үчүн билдирүү кабыл алуу мөөнөтү аяктаганын, мындай билдирүү жолдогон партиялардын саны 57ге жеткенин "Азаттыктын" түз обосунда айтып берди.
Саясат таанучу Орозбек Молдалиев Кыргызстанда ЕККУнун полициялык кеңешчи тобунун келишине эле эмес жалпы эле эл аралык уюмдарга каршылык күчөп баратканын белгилейт. Анын баамында, буга негизги себеп - эл аралык уюмдардын Ош окуяларына бир беткей, туура эмес баа берип жатканында.
Улуттук Коопсуздук кызматы тарабынан массалык тополоң уюштурууга аракет кылган беш адам кармалып камакка алынды. УКМКнын басма сөз кызматы кармалгандар 9-августка массалык тополоң уюштурууну пландаштырышканын жана алардын иш-аракеттери Бакиевдер тарабынан каржыланганы жөнүндө билдирүү жасады.
Парламенттик шайлоонун мөөнөтү бүгүн-эртең жарыяланып калышы мүмкүн. Бул жөнүндө БШКнын төрагасы Акылбек Сариев “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. Анын айтымында, шайлоо жарыяланган күндөн тартып беш күндүн ичинде шайлоого катыша турганын партиялар БШКга жазуу жүзүндө билдириши керек.
27-июлда Бишкекте өткөн эл аралык каржы уюмдарынын, донор өлкөлөрдүн жыйынында Кыргызстанга 1,1 миллиард доллар жардам берүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Буга байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна мурдагы вице премьер-министр Эсенкул Өмүралиев жооп берди.
Партиянын лидери Өмүрбек Бабанов шайлоочу катталган жерине барбастан, жашап жаткан жериндеги шайлоо бекеттеринен добуш бере алат деген жобо шайлоодо мыйзам бузууларга жол ачат деп эсептейт.
Кыргызстандын түштүгүнө АКШ менен Орусия тараптан база жайгаштыруу маселесенин айланасында Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, генерал Мирослав Ниязов «Азаттыкка» маек курду.
Президент Роза Отунбаеванын жарлыгы менен Ош жана Жалал-Абаддагы кандуу окуялардын чыгыш себептерин, кесепеттерин ар тараптуу иликтөө боюнча Улуттук комиссия түзүлдү. Бир эле учурда кан тополоң окуяларды эл аралык көз карандысыз комиссия келип иликтеп, улуттук комиссия менен бирге иштешине кыргыз бийлиги макул болду.
Бүгүн дүйнө коомчулугу Калкты жайгаштыруу күнүн белгилеп жатат. Анын ичинде Кыргызстан жаштары да калкты жайгаштыруу жаатында өздөрүнүн иш багыттарын аныктоо менен алек болууда. Учурдагы калктын 48 пайызын түзгөн жаштарды кандай көйгөйлөр ойлонтот? Аларды чечүү жолдору жана көрүлүп жаткан аракеттер туурасында Кыргызстандын жаштар министри Алиасбек Алымкулов “Азаттыкка” маек куруп берген.
“Жарандар коррупцияга каршы” укук борборунун башчысы Төлөйкан Исмаилова өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугун коргоо максатында өлкөдөн убактылуу чыгып кеткенин “Азаттыкка” өзү билдирген. Укук коргоочу аны коркунуч тооруп турганын “Ар намыс” саясий партиясынын лидери Феликс Кулов да эскерткенин айткан эле. Ф. Кулов өз кезегинде бул маалыматты төгүнгө чыгарууда.
Убактылуу өкмөт өлкө түштүгүндө болгон кандуу окуялардын себептерин иликтөөчү комиссия түзүп жатат. Бул боюнча Убактылуу өкмөттүн идеология жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Эркингүл Иманкожоева “Азаттыктын” түшкү түз обосунда кеп салып берди.
Кыргызстандын Тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы Орозбек Дүйшеев Кара-Кече көмүр кениндеги абал боюнча “Азаттыктын” түшкү түз обосунда кеп салып берди.
Референдумдун жүрүшүнө Акыйкатчы институтунан 90дон ашуун байкоочу көз салып турду. Алар референдумдун таза өткөнүн айтып жатышат. Бирок айрым саясатчылар референдум жыйынтыктарынын тууралыгынан шек санап, бул жерде бурмалоо бар деген билдирүү жасашты.Акыйкатчы Турсунбек Акун ушундай сын билдирүүлөргө карата жообун айтып, аларды негизсиз деп белгиледи.
Орусия президенти Дмитрий Медведев Торонтодогу саммит учурунда Кыргызстанда парламенттик башкаруу идеясы кандайча ишке ашаарын элестете албасын билдириши кыргыз коомчулугунда ар кыл пикирлерди пайда кылды.
27-июнда өткөн референдум, андан кийинки кадамдар тууралуу Конституциялык кеңешменин катчысы Данияр Нарынбаев “Азаттыкка” маек курду.
Референдумдун жүрүшүнө жергиликтүү бейөкмөт жана коомдук уюмдардан, партиялардан 5 миңден ашуун байкоочу көз салып турду. “Жарандар коррупцияга каршы” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова Ош шаарында референдумдун жүрүшү жана андан кийинки абал туурасында маек курду.
Дагы жүктөңүз