Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

М. Ниязов: Кыргызстандын түштүгүнө АКШ жана Орусия базалары керек


Мирослав Ниязов
Мирослав Ниязов

Кыргызстандын түштүгүнө АКШ менен Орусия тараптан база жайгаштыруу маселесенин айланасында Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, генерал Мирослав Ниязов «Азаттыкка» маек курду.

Мирослав Ниязов: Адегенде бизге ушундай база керекпи, же кереги жокпу деген суроого жооп беришибиз керек. Менин оюмча азыр Кыргызстанда коопсуздук система таптакыр эле жок, тышкы күчтөр киребиз десе, ички күчтөр башын көтөрсө биздин тартип коргоочулар Кыргызстанды коргоп бере албайт. Кыргызстан мамлекет болгондон кийин коопсуздук система болуш керек. Ал эми Дүйшөбаевдин айтканына караганда, түштүктө АКШнын жана Орусиянын базалары жайгашканы, менин оюмча, бүгүнкү кырдаалга бул жараша турган эле нерсе болуп атат.

- Кайсы жерге жайгашышы мүмкүн? Анткени мурун Баткенге жайгаштырылат деп токтоп калбады беле?

Мирослав Ниязов: Мурда Баткенге деген сөздөр бар эле. Баткенге болсо ошол жерге болсун, менин азыр толугу менен маалыматым жок: ал эмне деген базалар болот экен, күч базалар болобу, же мурункудай Орусия окуу база курабыз дегендей кылып атышты эле, алардын укугу кандай экен.

- Сиздин көз карашыңызда булар окуу борбору болуп калышы мүмкүнбү, же аскер база болобу?

Мирослав Ниязов: Менин оюмча, бизге бүгүн окуу борборунун кереги деле жок. Бирок базалардын жайгашканы бүгүнкү кырдаалга керек. Негизинен алганда бул базалар кереги деле жок эле. Бирок бүгүнкү кырдаалда таяна турган бир күч болбосо өзүбүз толугу менен мамлекетибиз жиктелип тургандай болуп турат. Болобу, же болбойбу – ошол базалар менен биз макул болушубуз керек.

- Кыргызстандын түндүгүндө эки база бар. Бул эки базанын ортосунда атаандаштык бар жана Орусиянын бул боюнча туруму белгилүү. Түштүктө дагы эки база түшө турган болсо, ал жакта да атаандаштык, тирешүүлөр жаралбайбы?

Мирослав Ниязов: Бул тирешүүлөр боло берет. Анткени Орусия Кыргызстанда өзүнүн таасирин тийгизе турган мамлекет болуп атат. Аларга каршы болуп АКШ күчтөрү да болгон себеби булар бири-бири менен жарышкансып аракет кылып атканы көрүнүп эле турат.

- Сиздин оюңузча, бул расмий сунуш Орусиядан да, АКШдан да түштү деп ойлойсузбу?

Мирослав Ниязов: Азырынча ошондой ой жүгүртүп атышса керек деп ойлойм. Анткени расмий түрдө болгондон кийин бийликтин Указдары чыгышы керек эле. Бирок Указ чыкканга чейин бул маселени талкууга коюш керек эле. Укуктары кандай болот, элибизди кысымга албайбы деген суроолор түшөт. Сырттан келген коркунучтар болсо алар бизге кошулуп тик туруп береби, же кайдыгер болуп карап турабы, иши кылып көптөгөн суроолор бар. Ошолор суроолорго жооп табышыбыз керек.

- Кыргызстандын түштүгүндө база жайгаштыруу маселеси келип чыкканда жергиликтүү тургундар тарабынан экология маселеси козголду эле. Мисалы, канча айдоо жерлери жарабай калат деп. Алар каршылыгын билдиришти эле. Бул жолу да ошондой маселе чыкпайбы?

Мирослав Ниязов: Чыгышы мүмкүн. Андан тышкары мамлекеттик фонддун жерлери бар, ошол жерлерди пайдаланса болот. Кыргызстан мамлекетүүлүгүн сактап калабыз десек бүгүн ошондой күчтөр керек болуп атат. Анткени бүгүн тартип коргоо күчтөрдүн эрки, күчү жок болуп, мамлекетибизди булар коргоп бере алышпайт.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG