"Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.
Июнь окуясынан кийинки калыбына келтирүү иштеринде аялдардын абалына жетиштүү көңүл бурулбай жатканы бейөкмөт уюмдардын жыйынында айтылды.
Токмоктогу аскердик бөлүктө курал-жарактарды, ок-дарыларды жана жардыруучу заттарды түгөлдөө үчүн текшерүү учурунда 80 детонатор, 240 капсюл-детонатор жана 400 метр сапердик жип кем болуп чыкты.
Ош, Жалал-Абадда июндагы зордук-зомбулуктун чыгуу себептерин иликтеген Эл аралык комиссия өзүнүн баяндамасын март айында жарыялайт.
“Ата Мекен” фракциясы Кыргызстандагы тоо чокуларынын бирине орус премьер-министри Владимир Путиндин ысмын ыйгаруу демилгесин четке каккан чечим кабыл алды.
Кыргыз арибинде даярдалган компьютердик тергич жакын арада сатыкка чыкканы турат.
Кыргызча таптаза сүйлөгөн бул кызды караколдуктар "Биздин Маша" деп коюшат.
Адистердин пикиринде, жаштардын өз саламаттыгына кайдыгер мамилеси жана үй-бүлөнү пландоо боюнча маалыматтын жетишсиздиги тукумсуздукка себеп болууда.
Картошканын мекени аталган Ысык-Көл аймагынын өзүндө эле картошканын килограммы 25 сомго чейин көтөрүлдү.
Азык-түлүккө болгон баа өсүп жатат. Өкмөт бул багытта кандай чараларды көрүүдө?
Ысык-Көлдүн Тоң районунун борбору - Бөкөнбаев айылындагы үч мектептин мугалимдери 10-январда иш ташташты.
25-декабрда ордо калаа милициясынын башкы имаратынын жанынан жардыргыч зат табылышы коомчулукта ар кыл суроолорду пайда кылды.
Кыргызстан Өзбекстандан газды буга чейинки баасынан жүз долларга арзан – 140 доллардан сатып алууну көздөөдө. Келерки жылга газ сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жакында башталары айтылууда.
Бишкекте ат оюндарына ыр, күү чыгарган өнөрпоздор чакан концерт беришти. Иш-чаранын демилгечиси “Кыргыз аты” мекемесинин жетекчиси Жаклин Рипард болду.
Москвадагы “Кыргыз биримдиги” коомунун жетекчиси Абдыганы Шакиров “Азаттыкка” курган маегинде кыргыз жарандарын сак болууга чакырды.
Ошто 12-декабрда үч күн мурда жоголуп кеткен 16 жаштагы келин табылды. Белгисиз бирөөлөр уурдап, запкы көргөн келин азыр ооруканада дарыланууда.
Кечээ Бишкекте болгон окуя элди кооптондуруп койду. Улуттук коопсуздук кызматы 30дан ашык жардыруу пландалганын айтып чыкты.
“Ата Мекен” КСДП жана "Республика" менен коалиция түзүүгө макул болду. “Ата Мекен” фракциясынан депутат Ташболот Балтабаев буга байланыштуу “Азаттыкка” маек курду.
7-апрель окуяларына катыштыгы бар деп айыпталган Каныбек Жороев, Оксана Малеваная жана Нурлан Турсункуловдун кайда экени дале белгисиз.
Ушул апта Бишкекте жапон жумалыгы өтүп, жапондуктар салттуу жана заманбап маданияты менен шаар тургундарын тааныштырууда.
Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында Кыргызстанга биринчи алтын медал алып берген Данияр Көбөновду “Азаттык" түз ободо кепке тартты.
Дагы жүктөңүз