Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:11

ЕБ: Нидерландия Украинанын жолун тосту...


Президент Петро Порошенко Брюсселде., 17-март, 2016-жыл
Президент Петро Порошенко Брюсселде., 17-март, 2016-жыл

Нидерландияда өткөрүлгөн референдумда көпчүлүк Украина менен Европа Биримдигинин ортосунда келишимди ратификациялоого каршы добуш берди.

Жергиликтүү бийлик элдин эркин эске алууга аргасыз болорун билдирүүдө. Украин бийлиги референдумдун жыйынтыгын Европа баалуулуктарынын жайылышына каршылык катары баалап, бирок Киевдин Европага умтулуусуна ал тоскоолдук кыла албайт деди.

Европа Биримдигинин мүчөсү Нидерландия 6-апрелде референдум өткөрдү. Ал голландиялык Geen Peil аттуу коомдук уюмдун демилгеси менен өткөрүлдү. Бул уюм Европа Биримдигине каршы болгон активисттерден турат.

Расмий маалыматтар боюнча, референдумга 13 миллион шайлоочунун 32.2% катышты. Референдумга калктын 30% катышса, ал өттү деп эсептелет. Ошондуктан Нидерландия бийлиги референдумдун жыйынтыгына карап саясат жүргүзөрүн билдире баштады.

Алдын ала маалыматтар боюнча, референдумга катышкандардын 61% ашууну Украина менен Европа Биримдигинин ассоциациясы тууралуу келишимди ратификациялоого каршы добуш берди. Колдогондор 38% ашуун болду. Референдумдун жыйынтыгы боюнча расмий маалымат 12-апрелде жарыяланат.

Нидерландиянын өкмөт башчысы Марк Рютте телекөрсөтүү аркылуу кайрылуусунда, “референдумга келгендер 30% ашып, алардын көпчүлүгү “жок” деп добуш берген соң келишимди жөн эле барып ратификациялай албайсың деди.

Бийликтеги партия менен коалицияда болгон Лейбористик партиянын лидери Дидерик Самсон “Мындай шартта биз келишимди ратификациялай албайбыз” деди.

Голландиянын тышкы иштер министри Берт Кундерс референдум жыйынтыгына 6-апрелде мындай пикирин билдирди:

- Голландия калкынын көпчүлүгү келишимге каршы добуш беришти. Бул маанилүү саясий факт. Демек, ратификация жараяны биз күткөндөй алдыга жыла албайт. Эми аны кадамдап жасоого туура келет. Биз өкмөт менен, европалык өнөктөр жана Украина менен сүйлөшүүлөр жүргүзүп, бул чечимдин аягы эмнеге алып келерин түшүнүүгө аракеттенебиз.

Референдум өткөрүүнү демилгелеген активисттер болсо жеңишин жарыялашты. Ал активисттер негизи эле Европа Биримдигине каршы болуп келишкени маалым.

Украина, жалпы эле Европада Нидерландиядагы референдум чочулоо менен күтүлүп жаткан. Анткени Нидерландия калкынын маанайы оң эмес экени байкалган.

Президент Петро Порошенко референдум Украинанын Европа Биримдигине карай жолун тосо албайт деди:

- Стратегиялык жактан бул Украинанын Европага карай жолуна тоскоол боло албайт. Баары айкын болушу үчүн айтып коюшум керек, ар нерсеге карабай Украина Ассоциация келишимин аткарууну жана Европа Биримдиги менен терең жана баарын камтыган Эркин соода аймагын түзүүнү камсыздай берет.

Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск 7-апрелдеги билдирүүсүндө, референдум боюнча Нидерландия өкмөтүнүн расмий чечимдерин күтөрүн белгиледи. Ошол эле учурда Европа Биримдиги менен Украина келишими иштеп жатканын, келишимди Биримдикке кирген 28 мамлекеттин 27си ратификациялаганын кошумчалады.

Орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев Нидерландда өткөн референдумга реакция жасап, анын жыйынтыгын европалыктардын Украинанын саясий системасына мамилесинин көрсөткүчү деп атады.

Кээ бир эксперттер Нидерландиянын каршы добушу Европа Биримдигинде кризис жаратат деп эскертүүдө. Анткени Биримдикте чечим консенсус менен кабыл алынат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG