Кыргызстан "Камбар-Ата-1" ГЭСин саларын жарыялады. 30 жылдан бери кагаз бетинде калган долбоорду коңшу өлкөлөр кантип жүзөгө ашырат?
Дүйнө өлкөлөрүндө коронавирус пандемиясын ооздуктоо максатында эмдөө күч алууда. Эмне үчүн бүгүн вакцинация маанилүү? Азыр пайдаланып жаткан препараттар бири-биринен эмнеси менен айырмаланат? Кыргызстанда 29-мартта эмдөө өнөктүгү башталды. Бирок элдин вакцина сайдырууга шашылганы байкалбайт.
Орусияда жылына миллиондогон тонна мунай уурдалып, көмүскө сатылат. Мындан мамлекеттик бюджет миллиарддаган рубль чыгым тартат. «Азаттыктын» орус кызматы Ханты-Мансийск аймагындагы мунай уурдоо схемаларынын бетин ачкан иликтөөсүн жарыялады.
Кыргызстанда референдумга саналуу күн калганда Венеция комиссиясы баштаган эл аралык эксперттер Баш мыйзамдын долбооруна байланыштуу тынчсыздануусун билдиришти. Алар жаңы Конституция кабыл алынса, Кыргызстанда бийлик бир адамдын колуна топтолуп каларын, тең салмактуулук бузуларын эскертишүүдө.
Соңку жылдары ооган базарларында Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандан ташылган товарга суроо-талап өстү. Өзгөчө азык-түлүк жана курулуш материалдары көп сатылат. Расмий Кабул соода-сатыкты көбөйтүү саясий туруктуулук менен коопсуздук маселесине барып такаларын белгилейт.
Өткөн жылы 21-март күнү Баткен облусунда чек арадагы Самаркандек айылында биринчи ооруга чалдыккан бейтап аныкталган. Мындан улам айылга карантин киргизилип, Самаркандекке кирип-чыккан жол 45 күн жабылуу турган.
Кыргызстанда кадр тандоодо мүчүлүштүктөр болуп жатат. Бул тууралуу “Азаттыктагы” маегинде өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Мирбек Мияров билдирди. Анын айтымында, президент Садыр Жапаров өз саясатын жаңы муундагы жетекчилерге таянуу менен жүргүзүшү керек. Мияров маегинде эмне себептен Чүй облу
Тажикстанда машина айдоочулар күйүүчү майдын кымбаттаганына нааразы. Ал эми мунай сатуучу компаниялар баа Орусиядан көз каранды болуп жатканын билдирүүдө. Алар көйгөй чечилмейинче бензинди чектелген көлөмдө гана сатышарын айтышат.
Алты адамдын өмүрүн алган Аксы окуясына 19 жыл болду. Буга карата Аксы районундагы Боспиек айылында каргашада каза тапкандарды эскерүү иш-чарасы өттү.
Коронавирус илдети Борбор Азияга былтыр 13-мартта жеткен. Анда Казакстанда чет жактан келген эки адамда илдет аныкталган. Бир нече күндүн ичинде вирусту жугузгандар Өзбекстан, андан кийин Кыргызстанда табылган. Тажик өкмөтү өлкөдө COVID-19 жугузгандар бар экенин апрелдин аягына чейин танган.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге таандык делген эс алуу комплекси тууралуу сыр толук ачыла элек. Иликтөөлөр мындан 4-5 жыл мурда башталса да бул жайды коругандар, атап айтканда, Өзбекстан темир жол башкармалыгы маалыматтарды ачыктоодон баш тартып келатат.
СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачёв 90 жашка чыкты. Ал Коммунисттик партиянын башкы катчысы кезинде эле ачыктык жана реформаларга багытталган айкындык жана кайра куруу саясатынын демилгечиси болгон. Горбачев өз мааракесинин алдында кайра курууну өз жашоосунун маңызы деп атады.
Жекшембиде Бишкекте “Акыйкаттык үчүн” деп аталган тынчтык маршы өттү. Анын катышуучулары алгач Эркиндик бульварына чогулуп, Ала-Тоо аянтына келишти.
Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иши сотто карала баштады. Ал коррупцияга айыпталып, казынага 2 млрд сомду төлөп берген. Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кызматтан кетти.
Төрткүл суу сактагычына байланыштуу нааразылык бул ирет Бишкекте өттү. Нарында уюшма кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн тирешинен ок атылып, бир адам мүрт кетти. Эки киши кылмышка шек саналып кармалды Евробиримдик Алексей Навальныйдын камалышына байланыштуу Орусияга жаңы санкция салышы мүмкүн.
Баткенде премьер-министр Улукбек Мариповдун Төрткүлгө байланыштуу билдирүүсүнө нааразылар митингге чыгышты. Президент Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапарованын кылмыш иши кайра тергелет. Бельгияда ирандык дипломат Асадулла Асади 20 жылга кесилди.
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт музейинде XVI – XX кылымдардагы Батыш Европа көркөм сүрөт чеберлеринин көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөнүн алкагында 82 чыгармадан турган жыйнак коюлган. Алардын көпчүлүк бөлүгү 1947-жылы Мамлекеттик эрмитаждын коллекциясынан келип түшкөн.
Москвада Алексей Навальныйдын сотунун алдында бир нече киши кармалды. Бүгүн сот оппозиционердин шарттуу жазасын түрмөгө алмаштырды.
Парламенттеги башкаруучу коалиция Улукбек Мариповду премьер-министрликке көрсөттү. Оштогу иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков Улуттук коопсуздук комитетине суракка чакырылды. Орусияда бийликке каршы акцияларда кеминде 5 жарым миңдей киши кармалып, аларга четинен кылмыш иштери козголо баштады.
2017-жылдын октябрь айында Памирден Кыргызстанга көчүрүлүп келген бир ууч этникалык кыргыздардын арасында 16 жаштагы Турганбай Абдулвахид уулу да бар болчу.
Дагы жүктөңүз