Коронавирус илдети Борбор Азияга былтыр 13-мартта жеткен. Анда Казакстанда чет жактан келген эки адамда илдет аныкталган. Бир нече күндүн ичинде вирусту жугузгандар Өзбекстан, андан кийин Кыргызстанда табылган. Тажик өкмөтү өлкөдө COVID-19 жугузгандар бар экенин апрелдин аягына чейин танган.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге таандык делген эс алуу комплекси тууралуу сыр толук ачыла элек. Иликтөөлөр мындан 4-5 жыл мурда башталса да бул жайды коругандар, атап айтканда, Өзбекстан темир жол башкармалыгы маалыматтарды ачыктоодон баш тартып келатат.
СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачёв 90 жашка чыкты. Ал Коммунисттик партиянын башкы катчысы кезинде эле ачыктык жана реформаларга багытталган айкындык жана кайра куруу саясатынын демилгечиси болгон. Горбачев өз мааракесинин алдында кайра курууну өз жашоосунун маңызы деп атады.
Жекшембиде Бишкекте “Акыйкаттык үчүн” деп аталган тынчтык маршы өттү. Анын катышуучулары алгач Эркиндик бульварына чогулуп, Ала-Тоо аянтына келишти.
Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иши сотто карала баштады. Ал коррупцияга айыпталып, казынага 2 млрд сомду төлөп берген. Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кызматтан кетти.
Төрткүл суу сактагычына байланыштуу нааразылык бул ирет Бишкекте өттү. Нарында уюшма кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн тирешинен ок атылып, бир адам мүрт кетти. Эки киши кылмышка шек саналып кармалды Евробиримдик Алексей Навальныйдын камалышына байланыштуу Орусияга жаңы санкция салышы мүмкүн.
Баткенде премьер-министр Улукбек Мариповдун Төрткүлгө байланыштуу билдирүүсүнө нааразылар митингге чыгышты. Президент Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапарованын кылмыш иши кайра тергелет. Бельгияда ирандык дипломат Асадулла Асади 20 жылга кесилди.
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт музейинде XVI – XX кылымдардагы Батыш Европа көркөм сүрөт чеберлеринин көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөнүн алкагында 82 чыгармадан турган жыйнак коюлган. Алардын көпчүлүк бөлүгү 1947-жылы Мамлекеттик эрмитаждын коллекциясынан келип түшкөн.
Москвада Алексей Навальныйдын сотунун алдында бир нече киши кармалды. Бүгүн сот оппозиционердин шарттуу жазасын түрмөгө алмаштырды.
Парламенттеги башкаруучу коалиция Улукбек Мариповду премьер-министрликке көрсөттү. Оштогу иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков Улуттук коопсуздук комитетине суракка чакырылды. Орусияда бийликке каршы акцияларда кеминде 5 жарым миңдей киши кармалып, аларга четинен кылмыш иштери козголо баштады.
2017-жылдын октябрь айында Памирден Кыргызстанга көчүрүлүп келген бир ууч этникалык кыргыздардын арасында 16 жаштагы Турганбай Абдулвахид уулу да бар болчу.
Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан Кыргызстандагы соңку саясий өзгөрүүлөр жана президент Садыр Жапаров менен жолугушуусу тууралуу "Азаттыкка" маек курду.
Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин ишине байланыштуу сотко чакырылды. Ошто милиция кызматкери киши колдуу болду. Пентагон “Талибан” өзүнө алган милдеттенмесин толук аткарбай атат”, - деп эскертти.
Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шек саналып кармалды.«Белизгейт» окуясы боюнча айыпталып кармалган атайын кызматтын экс-төрагасы Абдил Сегизбаев эки айга камалды. Дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын саны 100 миллиондон ашты.
АКШ президенти Жо Байден ант берип кызматына расмий киришери менен Дональд Трамптын бир катар чечимдерин жокко чыгарды. Анын ичинде кыргыз жарандары кабылган виза чектөөлөрүн алып салууну караган документке да кол койду.
“Азаттык” мыйзамсыз сатылып жаткан дары-дармек, аларды көзөмөлдөй турган мамлекеттик мекемедеги коррупция, кызыкчылыктар кагылышын иликтеди.
Ак тандай акын Элмирбек Иманалиевдин туулган күнүн утурлай таланттын шакирттери Улуттук филармонияда "Төкмө келсе төр бошот" деп аталган эскерүү кечесин уюштурду. Кыргызстандын Эл артисти Элмирбек Иманалиев 2020-жылдын 20-апрелинде 42 жашында оорудан улам дүйнөдөн кайткан.
"Элдик көзөмөл" деп аталган бейрасмий кыймылдын жетекчиси Бакай Кашкарбаевге кылмыш иши козголду. Ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевдин туулган күнүн утурлай эскерүү кечеси өттү. Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный 30 күнгө камалды.
Эл аралык байкоочулардын көзү менен Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана референдум кандай өттү? Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча кеңсесинин байкоочулар миссиясынын жетекчиси Тамаш Месерич “Азаттыкка” маек курду.
Кара-Суудагы айыл өкмөт башчысы Мунарбек Сайпидинов камакка алынды. Экс-премьер-министр Кубатбек Боронов финансы полициясында сурак берди.
Дагы жүктөңүз