9-декабарда Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын чейрек финалдык беттештери башталат. Футбол күйөрмандары Хорватия – Бразилия ( Бишкек убактысы боюнча 21:00дө), андан кийин Нидерланддар - Аргентина (түнкү саат 1де) беттешине күбө болот.
Казакстан менен Өзбекстан союздаштык жөнүндө жаңы келишим түзгөнү жатат. Эки өлкө бул келишим менен үчүнчү өлкөлөрдүн кол салуусунан биргелешип коргонгусу келет. Ал арада Москва Астана жана Ташкент менен үч тараптуу газ биримдигин түзүүнү сунуштады.
Кытайда катаал карантинге каршы акциялар уланып, саясий талаптар да жаңырып жатат. Айрым эксперттердин айтымында, бул тоталитаризмге каршы чыккан жаштардын Тянанмен козголоңунан кийинки ири нааразылык болуп калды.
Быйыл тогуз айда Кыргызстанга чет өлкөдөн акча которуу жаңы рекордго жетти. Каражаттын көпчүлүгү мурдагыдай эле Орусиядан келип жатат. Ошол эле маалда сыртка чыгып кеткен каражаттын суммасы да эки эсе өстү.
Эл аралык медиа жана адам укуктарын коргогон уюмдар, бир катар Батыш мамлекеттери иликтөөчү журналист Болот Темировдун Кыргызстандан күчтөп чыгарылганына байланыштуу тынчсыздануусун билдирип жатышат.
Казак президенти Касым-Жомарт Токаев бийлигин дагы жети жылга узартты. Ал мөөнөтүнөн мурда өткөн соңку президенттик шайлоодо жеңүүчү деп жарыяланды. Оппозиция катышпаган бул өнөктүк канчалык адилет өттү? Жыл башында болгон кандуу окуялар шайлоого кандай таасирин тийгизди?
Эң популярдуу криптовалюта – биткоин соңку күндөрү кескин арзандап, 15-16 миң долларга чейин түштү. Бир жыл мурда анын наркы 70 миң долларга чукулдап, быйыл 40 миң доллардын тегерегинде болгон.
Ошентип, биз 8 миллиарддан аштык. 15-ноябрда Филиппинде жана Доминикада туулган эки ымыркай символикалык түрдө дүйнөнүн сегиз миллиардынчы жашоочусу деп аталды. Калктын өсүшү кандай кыйынчылыктар, көйгөйлөр менен коштолот? Келечекте Жер планетасын кандай демографиялык тенденциялар күтүп жатат?
Стамбулдун чок ортосундагы жардыруу бүтүндөй Түркияны сестентти. Түрк бийлиги муну теракт деп атап, буга күрддөрдү айыптап, кармады. Түркия орус-украин согушунан эң көп пайда тапкан өлкө катары сыпатталууда. Путин менен Батышка арачы болгон Түркиянын тышкы саясатта көздөгөнү эмне?
Орусия 2022-жылы Борбор Азия өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсүн кескин көбөйттү. Москва Батыштын санкцияларынан буйтап, товарды жакынкы өнөктөштөрүнөн ташып жатат.
Эмомали Рахмон Тажикстанды туура 30 жылдан бери башкарып келет. Бийлик тизгинин колунан чыгарбай, өлкөнү өзү билгендей бийлеп келаткан президенттин тушунда Тажикстанда авторитардык режим орногонун эл аралык уюмдар менен саясат талдоочулар бир ооздон белгилешет.
Кытайда Си Цзинпин Компартиянын баш катчысы болуп үчүнчү мөөнөткө шайланды. Бийликтин бир кишинин колуна топтолушу эмнеден кабар берет? Региондогу ири оюнчу болгон өлкөдө кандай өзгөрүүлөрдү күтсө болот? Бээжин Борбор Азияда экономикалык таасирин арттыруу аракетин көрүшү мүмкүнбү?
Орусия Украинаны "ыплас бомба" колдонууга даярданып жатат деп айыптады. "Ыплас бомба" деген эмне? Украинада радиоактивдүү курал колдонулат деген кооптонуу канчалык негиздүү? "Биз жана дүйнө" берүүсүндө жооп издедик.
Кыргызстан өз аймагында Жаматтык коопсуздук келишим уюмунун аскердик машыгуусун өткөрүүдөн да, Тажикстандагы машыгууга катышуудан да баш тартты.
Украин армиясы өлкө чыгышында бир топ аймакты бошоткондон кийин түштүк облустарда да контрчабуулун жандантты. Орусиянын президенти Путин Украинанын төрт облусун аннексиялаган мыйзамга кол койду. Киев менен Москваны алдыда эмне күтөт?
Президент Путин мобилизация жарыялаган соң Орусиянын көп шаарында нааразылык акциялары болуп, үч миңдей киши кармалды. Кремль фронтко 300 миң кишини тартууну көздөрүн билдирди. Армияга Орусиянын жарандыгын алган мигранттар да тартылууда. Согушка баргысы келбеген мигранттар эмне кылышы керек?
23-24-сентябрда Европанын бир катар шаарларындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү тынчтык митингине чыгышты. Алар Баткенде чек арадагы айылдардын талкаланып, ондогон киши набыт кетип, миңдеген тургундардын үй-жайын таштап качууга аргасыз болушуна кошуна өлкөнүн бийлигин күнөөлөштү.
Кыргыз-тажик чегинде 14-17-сентябрда болгон окуялар эки тарапта тең ондогон киши мерт болду. Он миңдеген тургун үй-жайын таштап, качып чыкты. Адистер эки өлкөнүн чек арачыларынын кагылышуулары кооптуу тенденцияга айланып баратканын эскертүүдө. Мындай эскалацияны эмне менен түшүндүрсө болот?
Самаркандда ШКУнун Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору боюнча үч тараптуу макулдашууга кол коюлду. 20 жылдан бери козголбой келаткан долбоорго старт берилди. Ага кеминде 5 миллиард доллар жумшалат. Айрым адистер Бээжиндин алдында Бишкек менен Ташкенттин карызы дагы көбөйөрүн эскертишет.
Орусияда миграциялык жаңы эрежелер күчүнө кирди. Жүздөгөн мекендештер чек арадан кирди-чыкты кылып, миграциялык картасын жаңылаш үчүн сааттап кезекте турат. Орусияда жүргөн жүз миңдеген мигрант өз милдет-жоопкерчилигин билеби? Кыргызстан өз жарандарынын укуктарын канчалык коргоп жатат?
Дагы жүктөңүз