"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-оператору. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин телекоммуникация факультетинин 5-курсунун студенти.
Бишкекте алгачкы жолу Go Viral аймактык фестивалы өттү. Иш-чара IT, медиа, бизнес жана маданият тармагындагы алдыңкы адистерди бир жерге чогултту.
Шадыбек Эрназаров өлкөдөгү керамика чеберлеринин бири. Ал искусствонун бул тармагын өлкөдө өнүктүрүү үчүн алдыда керамика мектебин ачууну пландап жүрөт. Анын жубайы Кыял Аккүчүкованын ысымы да кыргыз сүрөт чөйрөсүндө таанымал. Таланттуу түйгөйлөр бири-биринин дүйнөсүн толуктап, колдоп келет.
10-июнда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда дүйнөгө белгилүү швециялык скрипач Даниэл Лозаковичтин концерти өттү. Маданий иш-чара кыргыз-швед дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган.
Кыргызстанда 25 жыл иштеп, “Сапат” билим берүү мекемесин негиздеген Орхан Инандынын уурдалып кеткенине бир жыл болду. Инанды аны уурдаган үч адамдын экөө кыргыз улутундагы адамдар экенин айтып келет.
“Дастан” заводу баштаган бир катар мамлекеттик ишканалардын Талантбек Иманов жетектеген Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөнү коомчулуктун катуу сынына кабылды. Министр Иманов менен Бакиевдердин жакын адамы Алексей Ширшовду эмне байланыштырат?
Казакстандын Нур-Cултан шаарынын “Жаштар” театры чыгармачыл сапары менен Бишкекте болду. Алар 18-майда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында “Жанарымдагы жалгыз обон” аталышындагы музыкалык спектакль койду.
Кыргыз Республикасынын эл артисти, көрүнүктүү кинорежиссёр Геннадий Базаровдун 80 жылдык мааракеси Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде белгиленди. Майрамдык иш-чарага белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү катышты.
Баткен жана Ош облусунда ферула же сасык чайыр деп аталган өсүмдүккө байланыштуу чыр күчөдү. Бул бизнес менен алектенген компания үч миңге жакын жайыт жердин кыртышын бузуп, үрөн чачкан.
Муса Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театрында Жеңиш күнүнө карата “Атадан калган туяк” спектакли көрсөтүлдү.
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, “Азаттыктын” кабарчысы Зайырбек Ажыматовдун өмүрдөн өткөнүнө эки жылдын жүзү болду. Ал 2020-жылдын 29-апрелинде 44 жаш курагында капилет кан басымы түшүп, дүйнөдөн кайткан. Акындын замандаштары анын ырларын окуп эскерет.
2021-жылы апрель айында кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, анда Кыргызстандын 36, Тажикстандын 19 жараны каза болду. Андан бери эки өлкөнүн бийлиги бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бирок талаштуу тилкелер боюнча орток пикир табылган жок.
Норвегия, Түркиядагы жогорку маяналуу ишин таштап, кыргызстандык үч жигит Бишкекке кир жуучу каражаттарды чыгаруучу чакан цех ачкан.
Лейлектеги чек ара чыры учурунда Достук айылына бир нече снаряд түшкөн.
Октябрь окуялары боюнча жараяндын жүрүшүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сот залынан чыгарылды. Буга Атамбаевдин сотко нааразылыгын билдирип, тартип бузганы себеп болду. Буга чейин судья мурдагы президентти мажбурлап сотко катыштыруу чечимин чыгарган.
Кыргызстандагы Апрель окуясына 12 жыл болду. Бул күнү үй-бүлөлүк Бакиевдин режимине каршы чыккан демонстранттарга ок атылган. Жыйынтыкта Курманбек Бакиевдин бийлиги кулатылып, өлкөнү башкаруу Убактылуу өкмөттүн колуна өткөн. Ушул убакыт ичинде эмне өзгөрдү?
2010-жылы 7-апрелде борбордук аянтта ок тийген жарандар түзгөн “Айкөл Ала-Тоо” коому соңку 12 жылдын ичинде революция учурунда алган жаракатынан улам 65 адам каза болгонун билдирди.
Украинага аскер киргизгенине байланыштуу батыш өлкөлөрү Орусияга санкцияларын күчөткөндөн бери бул өлкөнүн жарандары жер которууга мажбур болууда.
Бишкектеги Максим Горький атындагы сейилбакта Украинага тилектештик акциясы өтүп, ага 50дөн ашык адам катышты.
Украинадагы согушта каза болгон теги кыргызстандык, Орусиянын жарандыгын алган Эгемберди Дорбоев туулуп-өскөн Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында жерге берилди. Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер Дорбоев каза болгонун Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги 22-мартта расмий ырастаган.
Бангладештин он чакты жараны Кыргызстандагы тигүү цехтеринин бирине иштегени келип, бирок келишимде көрсөтүлгөн айлыктарын ала албай, башка дагы чарбалык жумуштарга тартылып, кыйноого кабылганын айтып чыгышты. Жумуш берген тарап муну четке кагууда. Бул окуяны милиция териштирүүдө.
Дагы жүктөңүз