Башкы прокуратура оппозициячыл депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартууга уруксат сурады. Мадумаровго карата төрт берене менен кылмыш иши козголгону белгилүү болду. Мындай жол менен бийликтин башкы оппонентине айланган саясатчыны жоопкерчиликке тартуу маселеси кайрадан парламенттин колунда турат. Мындай кырдаал бийликтин коррупция менен күрөш күчөйт деген убадаларына туш келди. Мадумаровдун иши бийлик оппозиция мамилесинде эмнени аныктайт жана соңку кырдаал саясий абалга кандай таасирин тийгизет? Талкууга саясатчы Өмүрбек Суваналиев, Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев, укук коргоочу Динара Ошурахунова жана жарандык активист Шайырбек Маматокторов катышты.
Жогорку Кеңеш Мадумаровду жоопко тартууга уруксат береби?
Башкы прокуратура оппозициячыл депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартууга уруксат сурады. Мадумаровго төрт берене менен кылмыш иши козголгону белгилүү болду. Мындай жол менен бийликтин башкы оппонентине айланган саясатчыны жоопкерчиликке тартуу маселеси кайрадан парламенттин колунда турат.
Чыгарылыштар
-
Февраль 26, 2026Жогорку Кеңештеги жүрүш: үч депутат мандатын тапшырды
-
Февраль 19, 2026Ташиев кызматтан кеткенден кийин УКМК өзгөрөбү?
-
Февраль 12, 2026"Эксперттер талдайт": Ташиевдин отставкасынан кийинки кырдаал
-
Январь 28, 2026Президент Жапаров экинчи мөөнөткө эмне менен барат?
-
Декабрь 17, 2025Парламент институту: Популизм, оппозиция жана саясий атаандаштык
-
Декабрь 02, 2025Жогорку Кеңеш: Эски депутаттар, жаңы жүздөр