Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:10

Ысык-Көлгө жейрендер кайтып келди

Ысык-Көлдүн Тоң районунда Өзбекстандын Бухара облусунан жеткирилиген жейрендер багылууда. “Кызыл китепке” киргизилген жаныбарга аңчылык кылууга тыюу салынган. Сейрек жаныбарды көбөйтүп, акырындык менен өлкөнүн башка аймактарына да кое берүү планы бар.

Кыргызстандын экологиясын коргоо жана анын өнүгүүсүнө салым кошуу максатында бул ишти Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун лаборатория башчысы Аскар Давлетбаков жүзөгө ашырган. Финансылык колдоону Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы көрсөттү. Гранттык каражатка 15 жейрен алынган.

2019-жылы Кыргызстан Казакстандан да жейрен сураган. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик Казакстандан 50 баш жейрен алуу тууралуу протоколго кол коюлганын маалымдаган.


Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG