Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:16

АКШ: президентти сынаган шайлоо


Дональд Трамп Теннесси штатындагы үгүт митингде. 4-ноябрь, 2018-жыл.
Дональд Трамп Теннесси штатындагы үгүт митингде. 4-ноябрь, 2018-жыл.

Кошмо Штаттарда бүгүн Конгресске шайлоо өткөнү турат.

АКШнын өзүндө орто мөөнөттүк деп аталган добуш берүүнүн натыйжасында Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын толук курамы, ал эми Сенаттын үчтөн бири кайра шайланышы керек.

Өз партияларынын талапкерлерине добуш топтоо үчүн азыркы президент Дональд Трамп, мурдагы президент Барак Обама да жигердүү катышты.

Конгресске шайлоонун акыркы апталардагы үгүт иштерине азыркы жана мурдагы президенттин аралашканын бул өнөктүктү чагылдыргандар "президенттик жарыш" деп да мүнөздөп жиберишти.

6-ноябрдагы шайлоонун жыйынтыгы ириде америкалыктардын президентке жана анын саясатына жооп экенин коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктары көргөздү.

Алсак Gallup иликтөө уюму маалымдагандай, алардын сурамжылоосуна тартылган жана быйылкы шайлоо үчүн катталган америкалыктардын 60% өз добуштарын президент тууралуу мамилесин билдирүү үчүн колдоно турганын ырасташкан.

Gallup белгилегендей, бул соңку орто мөөнөттүк шайлоолордогу эң жогорку көрсөткүч. Уюмдун сурамжылоосуна тартылгандардын 34% президент Дональд Трампка каршы экенин, 26% аны колдой турганын да ишара кылышкан.

Президент Дональд Трампты колдогондордун Жоржия штатындагы шайлоо митинги. 4-ноябрь, 2018-жыл.
Президент Дональд Трампты колдогондордун Жоржия штатындагы шайлоо митинги. 4-ноябрь, 2018-жыл.

Президент Дональд Трамп өз кезегинде өлкө штаттарын тынбай кыдырып, шайлоочуларды Республикалык партиянын талапкерлеринин пайдасына мобилизациялоо аракетин көрүп келди:

- Биз Обаманын айлык акы аз, жумушсуздук жогору, кылмыштуулук өскөн, чек аралар ачык бойдон калган, ашынган солчул соттор иштеген, экономиканы тескеген эрежелер репрессиялык болгон дооруна кайткыбыз келбейт. Соода келишимдери өтө начар, тышкы саясат катастрофалык абалда болгон. Карагыла, Түндүк Корея боюнча мага кандай башаламандык мураска калган жана биз азыр аны кандай оңдоп жатабыз, - деди Трамп Индиана штатындагы үгүт жыйындарынын биринде.

"Айрылыш жолдогу" шайлоо

Адатта Кошмо Штаттардагы саясий салт боюнча орто мөөнөттүк шайлоодо президенттин партиясы жеңилүүгө учурайт.

Маселен, 2010-жылы мурдагы президент Барак Обаманын биринчи мөөнөтүндөгү алгачкы шайлоодо Демократиялык партия Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынан 63 орунду алып, ага катар бул палатага көзөмөлдү да жоготкон.

Азыркы шайлоодо партиясы үчүн добуш топтоо өнөктүгүнө кошулган Обама эл менен жолугушууда Трамтын ал атагандай коомго “ажырым” салган саясатын четке кагууга чакырып жатты:

Барак Обама Майами шаарындагы үгүт жыйында. 2-ноябрь, 2018-жыл.
Барак Обама Майами шаарындагы үгүт жыйында. 2-ноябрь, 2018-жыл.

- Балким силер биздин замандагы эң маанилүү, 2008-жылдагыдан да маанилүү шайлоодо добуш бергени жатасыңар. Анткени, АКШ азыр эки айрылыш жолдо турат. Биз алдыда кандай өлкө болгубуз келет деген маселе жаралды. Азыр идеялардын атаандаштыгы жүрүп жатат. Тараза ташында миллиондогон адамдын саламаттыгы, эң башкысы биздин өлкөнүн багыты турат. Азыркы өнөктүктүн акыркы апталарында бизди коркутууга, расалык, этникалык жан диний ажырым боюнча тарыхыбызды пайдаланууга багытталган риторика менен бөлүү аракеттери бир нече жолу кайталанды, - деди Обама Майами жана Чикаго шаарларындагы үгүт жыйындарында.

​6-ноябрдагы добуш берүүнүн натыйжасында Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын толук курамы же 435 мүчөсү, Сенаттын үчтөн бир бөлүгү же 100 мүчөсүнүн 35и кайра шайланат.

Акыркы курамда эки палатаны тең республикачылар көзөмөлдөп келди. Жогорку палата болгон Сенатта республикачылар демократтардан эки добушка үстөмдүк кылып турду.

NBC телеканалы менен Wall Street Journal басылмасынын добуш берүүгө эки күн калгандагы сурамжылоосу ага тартылган шайлоочулардын 50% демократтар, 43% республикачылар көзөмөлдөгөн Конгрессти каалап жатканын көргөзгөн.

Техас штатынын Остин шаарындагы үгүт жыйын. 4-ноябрь, 2018-жыл.
Техас штатынын Остин шаарындагы үгүт жыйын. 4-ноябрь, 2018-жыл.

Абройлуу “The Washington Post” гезити 4-ноябрдагы санында жазгандай, шейшемби күнкү шайлоо “саламаттыкты сактоо жана иммиграция, экономика, америкалыктар бүгүн жана келечекте кандай өлкөнү көргүсү келери" тууралуу ойлорду ачыкка чыгарат. Андыктан, азыркы орто мөөнөттүү шайлоо аны мурдагылардан “айырмалап” турат.

6-ноябрда АКШнын жарандары өлкөнүн 50 штатынын 36сында губернаторлорду да шайлайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG