Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:53

Украинада блокада автожолго "көчтү"


Украина бийлиги жикчил региондор менен автомобил каттоосун толук токтотту. Бул өлкөдөгү улутчул күчтөрдүн Донецк жана Луганк облустарын темир жол блокадасына алуу демилгесине колдоо болду. Орусия Украина Минск келишимин аткаруудан ачык баш тартууда деп билдирди.

Украинанын коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Александр Турчиновдун 15-марттагы билдирүүсүнө караганда, Коопсуздук жана коргонуу кеңешинин жыйынында президент Петро Порошенко жикчил региондор менен бардык түрдөгү автоунаа каттамын токтотууну сунуштады жана ал кеңеш тарабынан колдоого алынды.

Петро Порошенко өзү бул тууралуу мындай деди:

- Бүгүн мен Коопсуздук жана коргонуу кеңешине басып алган территория менен темир жол эле эмес, автомобилдик каттоону да убактылуу толук токтотууну сунуштадым. Бул баскынчылар уурдап алган Украинага таандык ишкана, мекемелерди Украинанын юрисдикциясына кайтармайынча уланат.

Президент Порошенконун айтымында, жикчилдер көзөмөлдөгөн Донецк жана Луганск региондоруна гуманитардык багыттагы автоунаалар гана өткөрүлөт. Ал автоунаалар Украинага, Улуттар Уюмуна жана Эл аралык кызыл чырым уюмуна таандык болууга тийиш.

Бул эки региондон көмүр жана өнөр жай продукцияларынын Украинага өтүшүнө жол бербөө максатында өткөн айдан бери улутчулдар темир жолдорду тосмолоп келет.

Темир жол блокадасынан Украинанын экономикасы жана энергетика тармагы да чоң зыянга учурап жатат. Ошондуктан Украина өкмөтү ал блокаданы токтотуу максатында ушул жумада чечим кабыл алган эле. Бирок Коопсуздук жана коргоо кеңешинин, президенттин чечими башкача болуп чыкты.

Александр Турчиновдун айтымында, автоунаалардын каттоосуна толук тыюу салуу жикчилдер өздөрү көзөмөлдөгөн аймактардагы ишканалардан баш тартмайынча уланат.

Орусия колдогон жикчилдер темир жол блокадасына жооп кылып, өздөрү көзөмөлдөгөн аймактагы ишканаларды ДНР жана ЛНРдын көзөмөлүнө алышкан.

Украина чыгышындагы кырдаал ошентип чыңалып баратат. Улутчулдар жикчил региондорду блокадага алуу менен чектелбей, Украина шаарларындагы Орусияга таандык банктарга да чабуул жасашууда. Алар "Сбербанк" жана "Альфа банктын" Украинадагы филиалдарына чабуул жасап, алардын банкоманттарын иштен чыгарууда. "Сбербанктын" Киевдеги бөлүмүнүн эшигинин алдына дубал тургузушуп, анын такыр ачылбай калышын каалашканын билдиришти.

Улутчул “Азов” батальонунун командири Андрей Билетский "Сбербанктын" Киевдеги бөлүмүн камалоо себеби тууралуу буларды айтты:

- Биз турган жердеги "Сбербанктын" филиалы ЛНР жана ДНРдеги юридикалык жана физикалык тараптарга кызмат көрсөтүүнү баштаган. Ал иш жүзүндө өлкө чыгышындагы жикчилдерди түздөн-түз каржылап жатат. Биз күтө албайбыз. Бул флешмоб эмес. Бул ультиматум же эскертүүчү митинг да эмес. Биз орусиялык "Сбербанктын" негизги филиалын жабабыз.

Орусия Украина бийлигинин азыркы аракетин Минск келишиминен ачык түрдө чыгуу катары баалады. Украина улутчулдары жикчил региондорду блокадага ала баштаган мезгилге оро-пара Орусиянын президенти Владимир Путин ЛНР жана ДНРдин документтерин Орусияда таануу жөнүндө буйрукка кол койгон. Москва бул чечимин гуманитардык максатта деп түшүндүргөн.

Чыгыш Украинада кырдаал 2014-жылы курчуган. Андан бери кагылыштан 9750дөн көп киши өмүрүн жоготкону кабарланган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG