Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:23

Соодагерлер дрон менен жүк ташууну кыялданат


Учкучсуз аппарат. Франция, 2014-жыл. "Амазон" компаниясы келечекте бул учактар менен жүк ташыгысы келет.
Учкучсуз аппарат. Франция, 2014-жыл. "Амазон" компаниясы келечекте бул учактар менен жүк ташыгысы келет.

Интернет айдыңындагы "Амазон" базары кардарларына жүк жеткирүүнүн жаңы жолдорун караштырууда. Алардын бири - аскердик учактарды колдонуу болсо, экинчиси - түйүнчөктү кардардын автоунаасына жеткирүү системасы.

"Амазон" компаниясы учкучсуз дрон учактарын почточу катары колдонуу үчүн АКШнын Патент агенттигинен уруксат алууну көздөөдө. Мындай арыз менен ишкана 2014-жылы кайрылганы маалым болду.

Ага ылайык, робот учактар атайын жабдылган системанын жардамынын негизинде кардардын смартфону менен байланышта болот жана ал аркылуу жүктү кайсыл жакка жеткирүү керектигин аныктап алат.

"Амазондун" темир почточулары онлайн-режимде маалымат берип турат жана кардар каалаган жерге сатылып алынган товарды жеткирип берет.

Ошондой эле почточу дрондор жүктүн салмагына жараша ар кандай көлөмдө болот жана видео-камера, сенсор сыяктуу коно турган жерди аныктоочу бардык техникалык аспаптар менен жабдылат.

Көпчүлүк байкоочулар үчүн жомоктой көрүнгөн "Амазондун" бул идеясы жакынкы жылдары ишке ашуусу анык болуп калгандай.

Маалыматтарга ылайык, буга чейин дрондорду коммерциялык максатта пайдаланууга уруксат бербей келген Американын федералдык авиациялык агенттиги эми дрон-учактарын колдонуу эрежелерин жеңилдетмекчи. Буга албетте, "Амазондун" учуучу почточуларды колдонуу боюнча патент алуу арызы түрткү болгон.

Жеткирип эле тим болбой, багажга да салып берет

Буга чейин "Амазон" машине чыгарган "Ауди" компаниясы менен биргеликте жүктөрдү кардар өзү жоктугуна карабай, анын машинесине салуу ыкмасын колдоно баштаган.

Бул жаңы ыкмага ылайык, "Ауди" унаалары атайын программа менен жабдылган жана почточу кардардын машинесинин артын ачуучу код менен камсыз болот. Ал код аркылуу почточу кардардын унаасын ачып, тийиштүү жүктү салып коё алат жана унаанын багажы жабылгандан кийин код керектен чыгат.

"Амазондун" адистеринин айтымында, бул система келечекте дрондор менен чогуу улантыла бермекчи.

Буга чейин дрондорду колдонуу АКШдан башка Канада жана Британия сыяктуу өлкөлөрдө кеңири колдонула баштаган. Ошондой эле Лондон шаарында дрондорду колдонуу боюнча изилдөө борбору да ачылган болчу.

"Амазон" компаниясы буга чейин дрон почточуларды Канадада ийгиликтүү колдонуп, текшерип көргөн.

XS
SM
MD
LG