Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:24

3D принтер: жаңы доордун башталышы


3D принтер жасаган адамдын бедизи. Ганновердеги жармаңкеде тартылган сүрөт
3D принтер жасаган адамдын бедизи. Ганновердеги жармаңкеде тартылган сүрөт

Үч мерчемдүү принтерлер жакынкы келечекте дагы бир техникалык революциянын локомотиви болушу мүмкүн, анткени 3D принтер менен каалаган буюмдун копиясын жасап алууга болот.

1988-жылы америкалык окумуштуу Чарльз Халл үч мерчемдүү принтерди ойлоп тапкан. Ошол эле жылы ал 3D systems деген фирма ачып, “Стереолитограф Аппаратус” деген үч мерчемдүү алгачкы принтерди чыгарган.

1990-жылы Скотт Крамп принтерде басып чыгарууда жаңы ыкманы колдонуп, лазердик жана “жэт” принтер деген түшүнүк пайда болгон.

3D принтердин негизги функциясы - катуу буюмдун үч мерчемдүү калыбын алган соң, түрдүү ыкмалар менен аны көлөмдүү, түстүү кылып чыгарат. Көчүрмөсү түшкөн буюмдарды боёо үчүн бул машиналар кадимки принтердин сыясын эле колдонот.

Сүрөт ордуна айкел

Кызыгы үч мерчемдүү сканер менен бир объекттин калыбын түшүрүп алып, аны өзүндөй кылып жасап чыгарууга болот.
Адистердин айтымында, келерки он жыл ичинде ар бир үйдө үч мерчемдүү принтер пайда болушу мүмкүн.

Мындан бир нече жыл мурун үйдө отуруп эле интернеттен каалаган буюмду дүйнөнүн чар тарабынан сатып алуу мүмкүн болсо, азыр ага да убакыт коротпой эле үч мерчемдүү принтердин жардамы менен жасап чыгарган заман келди.

Буга чейин сүрөттү чыгарып, илип коюп сыймыктансак, эми чоң апалар неберелеринин сүрөттөрүнүн ордуна үч мерчемдүү моделин сактап калса болот. Өткөн жылдан баштап Жапониянын чоң шаарларында атайын 3D фото күркөлөр орнотула баштады. Ал жерден адамдар ар кандай материалдан өз айкелин каалагандай жасатып алат.

Күнүмдүк жашоодо колдонулган буюмдарды,ар кандай сувенирлерди принтер жардамы менен өзүбүз каалаган көлөмдө, формада жана түстө оңой эле жасап алабыз.

Пистолеттин көчүрмөсү

2012-жылы АКШда иштеген Defense Distributed уюму 3D принтерден пластик ок атуучу пистолетти жасоо жолун иштеп чыккан. Бул өлкөдө курал алып жүрүүгө уруксат берилгени менен аны үйдөн оңой эле басып чыгаруу коопсуздукка чоң маселе туудурат эле. Ошондуктан АКШнын Мамлекеттик департаментинин талабы менен жогорудагы ишкана курал жасоо тууралуу маалыматты сайтынан өчүргөн. Андан көп өтпөй 2013-жылы Филадельфия штаты ок атуучу куралдарды принтерден жасап чыгарууга тыюу салган мыйзам кабыл алган.

Куралдан сырткары бул эстүү принтерлер унаа тетиктерине окшогон ар кандай техникалык бөлүкчөлөрдү да чыгара алат.

3D принтер уста дагы

Өткөн жылы Даниянын борбору Копенгагенде эки киши чоң көлөмдөгү үч мерчемдүү принтердин жардамы менен аянты 125 чарчы метр үй курган. Бул туракты куруу үчүн 820 даана тактай басып чыгарышкан жана эч кандай устачылык шаймандарды колдонгон эмес. 3Д принтерлер ар бир деталдарды так өлчөп чыгаргандыктан, эч кандай куруучу инструмент колдонулбаган жана бул үй убакытты үнөмдөп, үйдүн баасы эки эсеге арзанга бүткөн.

Бул сыйкырдуу принтерлер ар кандай түзүлүштөгү күкүмдөрдү ультрафиолет нурдун таасири менен ээритип, кабат-кабат кылып катырып, жыгач, желим же темирге айлантып, жасала турган буюмдун калыбын чыгарат.

Акыркы жылдары мындай принтерлердин көлөмү кичирейтилип, улам жаңы функциялары менен чыга баштады. Статистикалык маалыматтарга таянсак, 2012-жылы бул принтердин миңден ашуун түрү чыккан, ушу күндө ал саны жана түрү боюнча тездик менен көбөйүүдө. Бүгүнкү күндө үч мерчемдүү принтердин орточо баасы бир кир жуугуч машиненин баасы менен бирдей.

3D принтер адам органын басып чыгарганы калды

Келечекте бул принтерлер медицинада жана тамак-аш өндүрүшүндө кеңири колдонулат деп болжонууда. Азыркы күндө адамдын сөөктөрүнүн бөлүктөрү, ар кандай протездер жасалып жатканы белгилүү. Адистердин айтымында, келечекте бул аппараттар менен адамдын кадимки органдарын жасап чыгаруучу күн алыс эмес. Бул бир нече жылдан кийин илдетке чалдыккандар донор издебей эле, керектүү органды үч мерчемдүү принтерден басып чыгара алат дегенди билдирет.

Мындан сырткары үч мерчемдүү принтер шоколад, таттуу токоч жана пиццага окшогон тамактарды да жасай баштады. Кадимкидей эле азык-түлүктөрдү муздатып же жылытып, майдалап туурап, аралаштырып, үй кожойкесинин жеңилин жерден, оорун колдон алууда.

XS
SM
MD
LG