Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:27

Илим: Балык жеген жакшы уктайт


Ок өткөрбөс графен-соот. Бүктөлмө электромобиль. 2025-жылы Британия көмүр менен иштеген электр станцияларды толук жабат. Балык уйкуну жакшыртат.

Окту токтотчу графен-соот

Мындай соотко ок тийгенде, ал алмаздан да катуу болуп калат. Негизи графен соотту Нью-Йорк шаардык университетинин доктору Элиза Ридо (Elisa Riedo, City University of New York) жетектеген окумуштуулар тобу жасашты.

Диамен (diamene) деп аталган жаңы материал графендин эки катмарынан туруп ортосунда кремнийдин карбиди жатат. Ал кадимки абалында алюминий фольга сыяктуу жеңил, ийилчээк жана башка материалдардан бир кыйла жука болот. Бирок ок тийгенде материалдын ок тийген жайы алмаздын монолиттүү кристаллынан да катуу болуп калат. Диамендин берегидей касиети айлана-чөйрөдө абанын басымы жана температурасы нормалдуу болуп турганда байкалган.

Ок өткөрбөс графен
Ок өткөрбөс графен

Жаңы материалды ок өткөрбөс соот катары пайдалануу идеясы проф. Анжело Бонжорного (Angelo Bongiorno) таандык. Ал графендин эки катмары өз ара жарнакташып иштегенин сүрөттөгөн математикалык моделди иштеп чыккан. "Биз береги идеяга ишенбей, бир жыл бою кайра-кайра эксперимент жүргүздүк”,-дейт доктор Ридо.

Графен алмазга айланышы ыктымал экенин оболу Орусиянын Улуттук изилдөөлөрдүн технологиялык университети-МИСиСтин (Национальный исследовательский технологический университет „МИСиС“) илимпозу Павел Сорокин башындагы топ теориялык жактан негиздеген.

Диаменде эки катмар графен колдонулган учурда тез катуу болуп калуу эффекти иштейт. Графен бир, эки же үч катмар болсо, тез катуу болуп калуу эффекти иштебейт.

"Наноструктуралардын мындай түрлөрү болочокто көңүл борборунда болот. Себеби алардын оптикалык жана электроникалык касиеттери абдан перспективдүү. Материалдын мындай касиети биринчи жолу тастыкталганы абдан маанилүү",-дейт доктор Сорокин.

Графен-соот кадимки соотторго караганда алда канча жеңил болгондуктан ал пайдалануу үчүн да ыңгайлуу.

(Булагы: https://www.chemistryworld.com)

Бүктөлмө электрокөлүк

“Earth-1’’ деп аталган бүктөлмө электромобиль гаражда же паркингде кадимки автоунаага караганда аз орун ээлейт. Себеби токтоткондо бүктөлүп, кичирейип калат. Электрокөлүктүн дизайнери - жапониялык таанымал мультипликатор Кунио Окаваро (Kunio Okawara). Ошого электромобилдин дизайны жапон анимесиндеги (мультфильм) Gundam деген кубулма роботтун башына окшоп кетет.

Анын базар баасы 70 миң доллар. Бирок октябрда Токиодогу автожармаңкеде алгач көрсөтүлгөндөн бери Жапония, Кытай жана Бириккен Араб Эмирлигинен 30 бүктөлмө автокөлүккө заказ түшкөн.

Электрокөлүк бүктөлгөн абалында аз орунду ээлегенден тышкары жакшы башкарылат. Бирок жазып койгондо жалпайып, тулку узарып, мурдагы манёврлуулугун жоготот. Лекин бүктөлгөн абалына караганда алда канча ылдам жүрүп калат.

“Earth-1” көлүгү атайын манипулятордун жардамы менен бүктөлүп жазылат же трансформация болот.

“Бүктөлмө электрокөлүктү аэропорттордо жана туристтик жайларда колдонуу мүмкүн. Биздин максатыбыз: жылына 300 даана “Earth-1” сатуу”, - дейт баш кеңсеси Токиодо жайгашкан Four Link Systems.

Компаниянын башчысы Хиуми Киношита (Hiroomi Kinoshita) жаңы автокөлүк мурунку муундай автомобилге көп кызыкпаган жаш муундун арасынан өз кардарларын табат деген үмүттө.

“Биз жасаган унааны минген айдоочу автомобилди эмес, башка нерсени мингендей сезет өзүн,-дейт Киношита мырза.-Биз келбети роботко окшош автокөлүктү сунуш эттик жана айдоочу өзүн роботту башкарып бараткандай сезет. Бул биздин электрокөлүктү уникалдуу кылат”.

Four Link Systems билдиргендей, “Earth-1” электрокөлүгү быйыл март айында сатыкка чыгат деп мерчемделүүдө.

(Булагы: http://miami.cbslocal.com, http://www.businessinsider.com)

Британияда 2025-жылы көмүр жаккан электр станциялар болбойт

Ушу тапта Британияда көмүр жагып иштеген сегиз электр станциясы бар. Британ өкмөтү бекиткен айлана-чөйрөнү коргоонун жаңы стандартына ылайык, быйыл алардын бирөө жабылууга тийиш. Калган жети электр станциянын көпчүлүгү көмүр жакканды 2022-жылы токтотсо, 2025-жылдын октябрында алардын акыркысы жабылат.

Британияда көмүр менен иштеген электр станциялар былтыр 13,8 гигаватт (13800000000 ватт) электр кубатын өндүрсө, жети жылдан соң 1,5 гигаватт (1500000000 ватт) гана өндүрүп калат. Анткен менен 2025-жылга чейин бул тармакты субсидия аркылуу колдоо улантыла бермекчи.

Польшанын Белхатув жылуулук электр станциясы Европадагы көмүр менен иштеген эң чоң ЖЭС (ТЭЦ). 31-октябрь 2013
Польшанын Белхатув жылуулук электр станциясы Европадагы көмүр менен иштеген эң чоң ЖЭС (ТЭЦ). 31-октябрь 2013

Британияда 2012-жылдан бери көмүр жаккан электр станцияларда электр өндүрүү 80% кыскарган. 2017-жылы орду толукталма булактардан өндүрүлгөн электр кубаты көмүр жагып өндүрүлгөндөн үч эсе көп болгон.

Германия акыркы 20 жылда экологияга зыян келтирбөөчү электр тегирмендерди курууга 200 миллиард доллар сарптаган. Мунун натыйжасында, 24-декабрда жана 25-декабрь Рождество күнү эртең менен электр кубатынын баасы минуска кетти. Себеби аба ырайы жылуу болгонго байланыштуу экологиялык таза энергияны өндүрүү электр кубатына болгон талаптан ашып кеткен. Бул, Европадагы эң чоң электр энергия биржасынын (EPEX Spot) маалымдашынча, кардарлар электр үчүн жылына жүз эседен көп акча төлөшөт дегенди билдирет.

24-декабрда завод-фабрикалар жана башка ири керектөөчүлөр 1 мегаватт-саат электр энергиясы үчүн 50 евро же 60 долларга жакын акча төлөшкөн.

Энергиянын өздүк наркы минтип минуска түшүп кеткен учурлар Германиядан башка Бельгия, Британия, Франция, Нидерландия, Швейцария үчүн да мүнөздүү.

Эл аралык энергетика агенттигинин болжошунча, 2040-жылы дүйнөдө өндүрүлгөн электр кубатынын 40% орду толукталып турчу энергия булактарынан өндүрүлчү болот.

(Булагы: https://www.theguardian.com, http://www.newsdump.co.uk, https://www.nytimes.com, http://www.sciencealert.com)

Балык жеген уйкуну жана интеллекти жакшыртат

Жумасына бир жолу балык жеген жакшы уктаганга жардамдашат, интеллектуалдык коэффициентти –“ай-кьюсун” (IQ) жакшыртат.

АКШдагы Пенсильвания университетинин (University of Pennsylvania) окумуштууларынын изилдөөсүнө ылайык, жумасына бир жолудан балык жеп турган балдар жакшы уктай баштаган; алардын ай-кьюсу балыкты аз жегендер менен такыр жебегендерге салыштырмалуу орточо төрт пунктка жогору болгон.

Мурдагы изилдөөлөр балыктын майы (каныкпаган майлуу кислота) -Омега - 3 менен билим деңгээлинин жакшыруусу, ошондой эле жакшы уйку ортосунда байланыш бар экенин көрсөткөн. Бирок бул үч нерсенин байланышы буга чейин үргүлжүң изилденген эмес. Ал эми Цзянхун Лю, Женнифер Пинто-Мартин, Александра Хан жана проф. Адриан Рейндин изилдөөсү (Jianghong Liu, Jennifer Pinto-Martin, Alexandra Hanlon, Prof. Adrian Raine) жакшы уйку балык майы менен окуп билүүнүн ортосунда көпүрө катары кызмат кылышы ыктымалдыгын көрсөткөн.

Бул изилдөө Кытайда жүргүзүлүп, ага 9 - 11 жаш курагындагы 541 окуучу катышкан. Алар мектеп окуучуларынын интеллектуалдык деңгээлин аныктоочу Wechsler Intelligence Scale for Children-Revised деп аталган тесттин кытайча версиясын жасашкан. Алардын ата-энелери балдардын кандай уктаганын баалоочу Children Sleep Habits Questionnaire деп аталган стандарттык тесттин суроолоруна жооп беришкен. Ал тестте бала канча убакыт уктаганы, түнкүсүн канча жолу ойгонгону же күндүз уйкусу келгенине байланыштуу суроолор бар. Изилдөөдө ата-энелердин жаш курагы, билим деңгээли, кызматы, үй-бүлөлүк абалы жана үйүндөгү балдарынын саны боюнча маалыматтар да эске алынган.

Илимпоздор береги маалыматтарды талдап жатып, аптасына бир жолу балык жеген балдардын ай-кьюсу чанда бир же такыр балык жебеген балдарга караганда 4.8 пунктка жогору, кээде балык жегендердин ай-кьюсу 3.3 пункт жогору экенин байкашкан.

Мындан тышкары балдар балыкты көп жей баштаганда алардын түнүндө ойгонгону азайып, жакшы уктачу болушкан.

Илимпоздордун айтышынча, уйку канбаган же чала уйку болуу: жүрүм-турумдун начарлашына, окууга жетерлик көңүл бурбаганга себеп болот.

Проф. Женнифер Пинто-Мартиндин (Jennifer Pinto-Martin) айтымында, кылканы жок болсо, балыкты жакшы майдалап, балага 10 айлык кезинен тартып берсе болот. Ал эми эки жаштан тартып, сөзсүз берип туруу абзел. (Булагы: https://www.sciencedaily.com, https://www.naturalblaze.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG