Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

Орусия: Путин 76,41% добуш менен алдыга чыкты


Орусиянын бардык аймактарында 18-марттагы президенттик шайлоодо добуш берүү аяктап, алгачкы жыйынтыктар чыга баштады.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы тараткан маалыматка караганда, ушул убакка чейин 90% протоколдордун түп нускасы текшерилип бүттү.

"Анын жыйынтыгында, Владимир Путин 76,41% добуш алып алдыга чыкты" деп жазды “Интерфакс” агенттиги.

Путин рекорд коебу?

Буга чейин VTsIOM деп аталган өкмөттүк экзит-поллдун жыйынтыгына ылайык, президент Владимир Путин 73,9 пайыз добушка ээ болушу мүмкүн экени айтылган.

Бул экзит-поллдун жыйынтыгы туура чыкса, 65 жаштагы Путин буга чейинки шайлоолордон кыйла көп добуш топтогон болот. Ал 2000-жылы 53% жетпеген добуш алса, 2004- жана 2012-жылдагы президенттик шайлоолордо добуштардын 71% ашыгыраагына ээ болгон.

Дагы алты жылга президент болуп шайланып жаткан Владимир Путин Кремлдин алдында чогулган тарапкерлерине ыраазычылык билдирди:

- Бүгүн добуш бергендердин баары биздин жалпы улуттук командабыздын мүчөлөрү. Мен мындан соңку жылдары өтө татаал шартта жасалган иштер таанылып жатканын көрүп турам. Ишенимди жана үмүттү көрүп жатам. Бизде ушундай миллиондогон адамдан турган команда бар экенине рахмат. Бизди ийгилик күтүп турат! Туурабы!?

Экинчи орунда 12,05% менен Коммунисттик партиядан Павел Грудинин турат. Либералдык-демократиялык партиянын лидери Владимир Жириновскийге шайлоочулардын 5,85%, тележурналист Ксения Собчакка 1,59 пайызы добуш берген. Калган төрт талапкер бир пайызга жетпеген добуш топтошкон.

Саясатчылар, талапкерлер, эксперттер эмне дейт?

Орусиядагы президенттикке талапкерлер
Орусиядагы президенттикке талапкерлер

Экзит-поллдун жыйынтыгы менен экинчи орунда келе жаткан талапкер Павел Грудинин жекшембидеги добуш берүүнү "ыпылас шайлоо" деп атады:

- Бул шайлоо таза өтпөгөнү белгилүү болуп калды. Биз 18 регионду кыдырып чыктык. Кайсы жерге барбайлы, эл өзгөрүүнү күтүп жатат. Эл бийликке ишенбейт. Эл кимдир бирөө алардын маселелерин чечип берерине ишенбейт. Ким жеңсе да, ага бийликтин элге болгон мамилесин өзгөртүүгө туура келет.

Орусиялык саясатчы, "Оңчул күчтөрдүн биримдиги" кыймылынын башчысы Леонид Гозман шайлоонун жыйынтыгы президент Владимир Путинге чексиз мандат берет деген ойдо:

- Путин 70 пайыздан көп добуш алганы кабарланып жатат. Бул Путинге чексиз мандат берет. Ал бул мандат менен эмне кааласа, ошону кыла алат. Конституцияны өзгөртүп, өмүр бою бийликте калууга аракет жасалышы мүмкүн деп да ойлойм. Кытай сыяктуу президенттик мөөнөттү чектеген жобону алып салат же Иран өңдүү улуттук лидердин позициясын түзүшү мүмкүн. Путин шайлоочуларга көп нерсе берди. Чындап эле эч бурмалоосуз ага добуш бергендердин саны абдан көп. Ал шайлоочуларга өз мекени менен сыймыктанууга мүмкүнчүлүк берди. Бирок мындай сыймыктануу калпка жана агрессияга негизделген.

Президент Путин добуш берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:38 0:00

Орусияда 18-марттагы президенттик шайлоого сегиз талапкер катышкан. Талапкерлер арасында төртүнчү президенттик мөөнөткө бараткан Владимир Путин, Коммунисттик партиядан Павел Грудинин, Либералдык-демократиялык партиянын лидери Владимир Жириновский, либерал саясатчы катары таанылган Григорий Явлинский, теле алып баруучу Ксения Собчак, ишкер Борис Титов, мурдагы депутат Сергей Бабурин жана Максим Сурайкин бар.

Элдин катышы

Шайлоочуларга арзан сатылган товарлар, Владивосток, 18-март 2018-жыл.
Шайлоочуларга арзан сатылган товарлар, Владивосток, 18-март 2018-жыл.

Орусиядагы президенттик шайлоодо ким жеңери эмес, канча киши добуш берери көпчүлүктүн көңүл чордонунда турду.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы Москва убактысы боюнча 18:00дө шайлоочулардын 60 пайызы добуш бергенин билдирди.

Шайлоого катыша албай калган оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын командасы элдин катышы расмий айтылгандан кеминде беш пайызга аз экенин кабарлап жатат.

Шайлоо башталгандан тарта эле Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү быйыл 2012-жылдагы президенттик шайлоого салыштырмалуу шайлоочулар жигердүү экенин айтып жатышты.

Өлкөнүн аймактарында шайлоочуларды тартуу үчүн түрдүү аракеттер жасалганын байкоочулар билдирип чыгышты. Маселен, Орусиянын чыгыш аймактарында, анын ичинде Хабаровск крайында жергиликтүү расмий өкүлдөр шайлоочуларга адаттагыдан 15-20 пайызга арзан азык-түлүктөрдү сунуштаганы белгилүү болду.

Бир катар шайлоо бекеттеринде акысыз тамак-аш, концерттер уюштурулуп жатты.

Мыйзам бузуулар

Жекшембидеги шайлоодо мыйзам бузуулар тууралуу 2700дөн ашык маалымат келип түшкөнүн добуш берүүгө байкоо салып жаткан "Голос" көз карандысыз кыймылы билдирди. Уюмдун маалыматына ылайык, аймактарда бюллетендерди тобу менен салуу, байкоочулардын ишине тоскоолдук жаратуу өңдүү көрүнүштөр катталган.

Орусия: шайлоодогу мыйзам бузуулар
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:52 0:00

Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын байкоочулар тобу Орусиянын аймактарында шайлоочуларды автобус менен добушканаларга ташып келип турушканын билдиришти. Алар президент Владимир Путинди колдогондордун саны азыраак делген Москва жана Санкт-Петербург шаарында добуштарды бурмалоо аракеттери да болду дешет.

Айрым шайлоочулар жумушундагы жетекчилердин же мугалимдеринин кысымына кабылышканын, добушканага барганын тастыктоо үчүн өзүн сүрөткө тартып жөнөтүүгө мажбурланышканын айтышты.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзам бузуулар тууралуу айрым маалыматтарды иликтеп жатышканын, бирок олуттуу эреже бузуулар катталбаганын билдирди.

Чет өлкөдөгү добуш берүү

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдагандай, өлкө боюнча 97 миңден ашык добушкана ачылган. Ошондой эле чет өлкөдө 401 шайлоо участогу иштеп жатат. БШКнын маалыматы боюнча Орусиянын ичинде 108,9 миллион шайлоочу, өлкөнүн сыртында 1,8 миллион шайлоочу каттоодон өткөн.

Британия, Греция, Чехия сыяктуу Европа өлкөлөрүндө шайлоочулар узун кезекке туруп, добуш беришкени кабарланды.

Кыргызстанда 13 миңден ашуун орус жараны добуш берди. Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги билдиргендей, алардын алты миңден ашууну Бишкекте добуш берген.

Кыргызстанда алты жерде - Бишкек, Ош, Кант, Каракол, Чолпон-Ата жана Кара-Балта шаарларында добушканалар уюштурулган. Шайлоочулардын активдүүлүгү Бишкекте жана Ошто байкалган.

Оштогу добушкана: шайлоочулар активдүү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:41 0:00

Крымда биринчи жолу шайлоо өттү

Киевдеги орус элчилигинин алдындагы нааразылык акциясы, 18-март 2018-жыл.
Киевдеги орус элчилигинин алдындагы нааразылык акциясы, 18-март 2018-жыл.

Орусияда жетинчи жолу өтүп жаткан президенттик шайлоого кезинде Украинага баш ийген Крым жарым аралынын тургундары биринчи жолу катышты.

Кремлдин Крымда президенттик шайлоо өткөргөнүн Франциянын Тышкы иштер министрлиги сынга алып, бул аймактагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди.

Жекшембиде Украинанын бийлиги да Крымда шайлоо өтүп жатканына каршылык иретинде өз аймагында орус жарандарына шайлоого катышууга уруксат берген жок.

Украин полициясы Орусиянын Киевдеги элчилигинин жана Одесса, Львов, Харьков шаарларындагы консулдуктарынын айланасында коопсуздук чараларын күчөтүп, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөгү добушканаларга орус дипломаттарын гана киргизип жатты.

Орусиянын Украинадагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн алдына жергиликтүү улутчул уюмдардын өкүлдөрү да чогулушуп, "Украинада Путиндин шайлоосуна жол жок" деген плакаттарды көтөрүп турушту.

Орусия украин бийлигинин бул чечимин эл аралык нормаларды бузган аракет деп баалаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG