Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

Пенсия чыры Путиндин рейтингин түшүрдү


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусияда пенсия курагын көтөрүүгө каршы акцияга чыккандардын жетөө кармалды.

1-июлда Орусиянын футбол чемпионаты өтпөгөн бир катар ири шаарларында нааразылык иш-чаралары уюштурулду.

Өткөн айда орус өкмөтү Мамлекеттик Думага эркектердин пенсия курагын 65 жашка, аялдардыкын 63кө көтөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун сунуш кылган. Нааразылык акцияларын оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын тарапташтары, профсоюздар уюму, Орусиянын коммунисттер, ЛДПР сыяктуу бир топ партиялары уюштурган.

Пенсия курагын көтөрүүгө каршы акция.
Пенсия курагын көтөрүүгө каршы акция.

Өткөн дем алыш күндөрү Орусиянын бир топ шаарларында миңдеген киши катышкан митинг болду. Саясатчы Алексей Навальныйдын тарапташтары уюштурган нааразылык акциясына Коммунисттер партиясы баштаган бир катар саясий күчтөр да кошулду.

Пенсия реформасына каршылар Сибирь менен Ыраакы Чыгышта да чогулду. Акциялардын чордону эл көп чогулган Омск шаары болду. Митинг учурунда сүйлөгөн парламент депутаты Олег Смолин маселенин масштабы тууралуу бийликтин өз маалыматына таянды:

- Өкмөт башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары Татьяна Голикованын айтканына ишенсек, учурда Орусиядагы жумушсуз жарандардын тең жарымын 20-34 курактагы жаштар түзөт. Эгерде пенсия курагы көтөрүлө турган болсо, жумушсуздардын калың катмарын карылар түзүп калат. Алар биздин туугандарыбыз.

Акцияда эл алдына чыгып сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү парламентте талкууланып жаткан пенсия реформасы тууралуу мыйзам долбоорун чакыртып алууну талап кылышты. Арасында Дмитрий Медведевдин өкмөтүнүн кызматтан кетишин талап кылгандар да болду.

Орус өкмөтү июнь айында пенсия реформасын жарыялап, атайын мыйзам долбоорун Мамлекеттик Думага сунуш кылган. Ага ылайык, пенсия курагы 2019-жылдан тартып акырындык менен көтөрүлөт. 2028-жылга барып эркектер 65, ал эми 2034-жылга таяп аялдар 63 жаштан эс алууга чыгат. Азыр Орусияда эркектер 60, аялдар 55 жаштан пенсияга чыгат.

- Эгерде азыркы өкмөт салыктарды мыйзамдуу чогулта албаса, анда кызматтан кетиши керек. Алардын ордуна башкасы келип, элдин суроо-талабын аткарсын. Карапайым элдин тынчын алуунун кереги жок, – деди Иркутск шаарынын жашоочусу Василий Проничев.

Өкмөттүн пенсия курагын көтөрүү тууралуу сунушуна көптөгөн орусиялыктар нааразы. Мисалы, Интернеттеги петицияга 2,3 миллион киши кол койгон.

Жекшембидеги митингдерди негизинен орусиячыл оппозиционер Алексей Навальныйдын аймактык штабдары уюштурду. Активист өзү акцияга катышкан жок. Ал артынан бирөөлөр аңдып жатканын байкаганын, андыктан өмүрү үчүн кооптонуп турганын айтып, Орусиядан чыгып кеткен.

Кремль футбол боюнча дүйнө чемпионатынын убагында Москва, Санкт-Петербург жана башка шаарларда ар кандай массалык акцияларды өткөрүүгө тыюу салган. Бирок Ростов-на-Донунун тургуну Слава Шумский Кремлдеги Кызыл аянтта өзү жалгыз жылаңач пикетке чыкканын, эмнегедир полиция ага тийбегенин жазды. Акцияга Коммунисттер (КПРФ), Либералдык-демократиялык (ЛДПР), "Адилет Орусия", "Яблоко" партияларынын жер-жерлердеги мүчөлөрү да кошулду.

Бир катар социалдык сурамжылоо жүргүзгөн кызматтар пенсия реформасы жарыялангандан кийин Орусияда президент Владимир Путиндин рейтинги төмөндөп кеткенин маалымдашты. Путиндин рейтинги июндун экинчи жумасында 62 пайыздан 54 пайызга чейин түшүп кеткен.

"Общественное мнение" социологиялык фонду билдиргендей, бул 2013-жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч. Ал эми коомдук маанайды изилдөөчү ВЦИОМ борбору Путиндин ишин жактагандардын пайызы 77ден беш пайызга азайганын маалымдады.

Орусиялыктардын арасындагы нааразылыкка Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков: "Владимир Путин өз рейтингинин өйдө-ылдый жылышына көңүл бурбайт" деп жооп берген. ​"Силер билесиңер, адамдардын кызыкчылыгы ал үчүн дайыма жогору" деп кошумчалаган Песков.

Учурда Орусияда 43 миллиондой пенсионер жашайт. Пенсия курагын көтөрүү реформасы эс алуудагы ардагерлердин санын 9 пайызга же 38 жарым миллион адамга чейин кыскартары айтылып жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG