Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:20

Дүйнө: таасирдүү мусулмандардын тизмеси


Дүйнөдөгү эң таасирдүү делген 500 мусулмандын жаңы рейтинги жарыяланды. Тизмеге Кыргызстандан эч ким кирген жок.

Дүйнөнүн мусулман лидерлеринин рейтингин адаттагыдай эле Мусулман стратегиялык изилдөөлөрүнүн Аммандагы (Иордания) падышалык борбору жана мусулман-христиан диалогун өнүктүрүү боюнча АКШнын Жоржтаун университети алдындагы борбор биргелешип түзгөн.

Авторлордун ишениминде, соңку төрт жылдан бери даярдалып келаткан баяндама ааламдагы соңку окуялардын мусулман дүйнөсүнө тийгизген таасирин чагылдырып, ислам жана мусулман лидерлер кандай роль ойноорун түшүнүүгө көмөктөшөт.

Каирдеги америкалык университеттин профессору Абдалла Шлейффер баяндаманын кириш сөзүндө жазгандай, “изилдөөнүн максаты - кээ бир мусулмандардын коомго кандай таасир этээрин аныктоо. Ал таасир диний мүнөздө болушу мүмкүн. Сөз ошондой эле социалдык-экономикалык чөйрөнү түзгөн башкаруучу жөнүндө да жүрүп жатат”.

Иликтөөдө адегенде дүйнөнүн эң таасирдүү делген 50 мусулман лидери, андан кийин саясат, дин, маалымат каражаттары, искусство, илим сыяктуу 15 түрдүү тармак боюнча 450 таанымал мусулман аныкталган.

Көч башында мурдагыдай Сауд Аравиянын падышасы Абдулла бин Абдел Азиз турат. Экинчи орунду Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган ээлеген.

Алгачкы ондукта алардан кийин ирети менен Марокконун падышасы Мохаммед VI, «Мусулман агаиндер» кыймылынын жогорку лидери Мохаммед Бадие, Катардын эмири Хамад бин Халифа ал-Тани, Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи, иордан падышасы Абдалла II, Каирдеги “ал-Асхар” университетинин улуу шейхи, “ал-Асхар” мечитинин улуу имамы, профессор Ахмад Мухаммед ал-Таиб, Индонезия президенти Сусило Вамбанг Йодхойоно, түркиялык дин аалымы жана ойчул Хожаефенди Фетхулла Гүлөн бар.

Дүйнөнүн эң таасирдүү он мусулманынын жетөө мамлекет же өкмөт башчылары. Бирок алардын ичинен экөө Түркия өкмөт башчысы менен Индонезия президенти гана бийликке демократиялык жол менен шайланып келген лидерлер.

Эң таасирдүү делген он мусулмандын ичине эки аалымдын да кошулушун кыргызстандык теология доктору Бакыт Мурзараимов мындайча чемеледи:

- Маселен Фетхулла Гүлөндүн дүйнө жүзү боюнча көптөгөн жактоочулары бар. Керек болсо миллиондоп кетет. Дүйнө жүзү боюнча окуу жайлары бар. Ал эми “ал-Асхар" исмаилердин доорунда курулган алгачкы университет катары бааланат. Мурда ал шийи багытында болсо, орто кылымдардан кийин сунни багытына өткөн университет. Ошол университеттен дүйнө жүзү боюнча көптөгөн аалымдар чыккан. Дин жагынан өтө күчтүү окуучуларды тарбиялап, талабалары да таасирдүү кишилерге айланган.

Эң таасирдүү делген 50 мусулмандын тизмесинде мамлекет башчылары менен диний аалымдар үстөмдүк кылат. Теолог Бакыт Мурзубраимов муну тарыхый жактан караганда, ислам дүйнөсүндө саясат менен диндин эриш-аркак жүргөндүгү деп түшүндүрдү.

Элүү эң мыктынын арасында эски совет аймагынын мусулман өлкөлөрүнөн эч ким жок. Бирок андан кийинки таанымал 450 мусулмандын тизмесине үч президент: Азербайжандан Илхам Алиев, Тажикстандан Эмомали Рахмон, Түркмөнстандан Гурбангулы Бердымухаммедов кошулган.

Алардан сырткары эски совет аймагынан дин ишмерлеринен Өзбекстандын баш муфтийи Усман Алимов, Азербайжандан Кавказ мусулмандарынын башчысы Аллашүкүр Пашазаде, теолог-философ Ильгар Ибрагимоглу, ырчы Алим Гасымов бар.

Кыргыз менен казак кирген жок

500 мыктынын ичинде кыргыз, казак ишмерлеринен эч ким жок. Буга байланыштуу казакстандык илимпоз Айдос Сарым “Азаттыкка” буларды айтты:

- Бул мен үчүн таң калычтуу жагдай. Казакстан да, Кыргызстан да Ислам конференциясы уюмунун мүчөлөрү. Казакстанда калктын 70%, Кыргызстанда андан да көбүн мусулмандар түзөт. Муну мен атайлап жасалган же түшүнбөстүк деп эсептейм. Балким саясат да болушу мүмкүн. Мисалы, Орусиядан Рамзан Кадыров да (чечен президенти), Рустам Минниханов (Татарстандын президенти) да бар. Алардын дүйнөдөгү бедели Назарбаев же Отунбаеваныкынан төмөн.

Кыргызстандык теолог Бакыт Мурзараимов 500 мыктынын ичине казак, кыргыз ишмерлеринен эч ким кошулбай калышын мыйзам ченемдүү көрүнүш катары баалап, муну бир жагынан динге да байланыштырды.

Мусулмандар азыр дүйнө калкынын 23% (1,65 миллиард) түзөт.

“Таасирлүү 500 мусулман” баяндамасынын авторлору белгилешкендей, алар тизмеге киргизген инсандардын мусулман дүйнөсүнө тийгизген таасири оң да, терс да болушу мүмкүн. Бирок алардын таасирин танып коюуга болбойт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG