Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:06

Дарыгерге эмес, «Фейсбукка» ишенгендер


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Аял лидерлер вирусту оңой ооздуктоодо. Кыргызстанда жумушсуздар көбөйдү. Дарыгерлерге тоскоол болгон социалдык медиа. Дүйнөлүк басма сөзгө баяндаманы сунуш кылабыз.

«New York Times» гезити адамдар социалдык медиада туура маалыматты иргегенди үйрөнмөйүнчө коронавирус менен күрөшүүдө дарыгерлер алсыз болуп жатканын баяндады.

«Пандемия башталганы «COVID-19дун дарысы табылыптыр, бул ооруну кытайлар атайын чыгарыптыр, тигил дарыны ичсе же сайдырса эле андан айыгып кетет экен», - деген сыяктуу имиштер социалдык медиада тарап, ооруну жугузгандар улам көбөйүп, дарыгерлерге эмес, "Фейсбукка" ишенгендердин доору өкүм сүрүп жатат. Вирустун дарысы жок, андан коргонуу керек дегенди тоготпой, «Фейсбуктан» окудум го, муну ичсе эле айыгат экен» деген сөздөрдүн айынан миллиондогон адамдар ооруну жуктуруп жатканы чындык.

"Фейсбук" платформасындагы жаңылыктар изилдөөгө алынып, пандемия башталгандан бери жети айдын ичинде жалган маалымат, ооруга байланыштуу уламыштар илимий негизделген макалаларга салыштырмалуу өтө тез таркап жана көп окулуп жатканы аныкталды. Апрель айында АКШдагы "Фейсбуктун" колдонуучулары арасында такталбаган кабарлар болжол менен 460 миллион жолу окулган. Коомдук саламаттык сактоо уюмдары мындай маалыматтын жолун бууй албай коюшту.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, АКШнын Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору "Фейсбуктан" элге түз чыгып, вируска байланыштуу маалыматтарды таратканы менен аларды окугандар жалган маалыматтарды карагандарга салыштырмалуу алда канча аз болду. 2019-жылдын 28-майы менен 2020-жылдын 27-майына салыштырганда "Фейсбукта" ден соолукка, вируска байланыштуу жалган маалымат өтө көп болгонун, алардын жалпы саны 3, 8 миллиардга жеткени эсептелген.

Эң эле өкүнүчтүүсү - дарыланууга байланыштуу ар кандай ушактардын айынан бир топ бейтаптар убакыттан уттуруп, медициналык жардамдан таптакыр баш тарткандары да болду», - деген басылма догдурлар вирустун кесепетин жоё албай кыйналып жатканда "Фейсбук" сыяктуу социалдык тармактар жалган маалыматты таркатууга бөгөт болчу технологияларды чыгарып, коронавирус менен күрөшүүнүн чыныгы фронтуна каражат коротуусун сунушташкан.

Аял лидерлер вирусту оңой ооздуктоодо

«The Guardian» гезити буга чейин аял лидерлер башкарган өлкөлөрдө коронавирус менен ооругандар жана каза болгондор аз болгону жөн гана байкоо катары айтылып келсе, эми илимий негизде далилденгенин жарыялады.

Германиянын канцлери Ангела Меркел, Жаңы Зеландиянын өкмөт башчысы Жасинда Ардерн, Даниянын премьери Метте Фредериксен, Тайвандан Цай Ингвен жана Финляндия өкмөт башчысы Санна Мариндин вируска каршы иш-чаралары бир топ сөзгө алынган.

194 өлкөнүн COVID-19 оорусуна каршы күрөшүн Дүйнөлүк экономикалык форум менен Экономикалык саясатты изилдеген борбор карап чыгып, аял лидерлердин өзгөчөлүгүн аныктады.

Ливерпул, Ридинг университеттеринин аналитиктери: «Аял лидерлер бул апаатка каршы өтө ыкчам иш жүргүзүп, өлүм-житимдин жана оорунун алдын ала алышты. Алар менен өнүккөн өлкөлөрдүн эркек лидерлерин салыштыра келгенде өлүмдүн саны, оору жуктургандар, экономикалык кыйынчылык, ички дүң өнүмдүн ылдыйлашы сыяктуу индикаторлордон бир топ айырма көрүнөт», - дешет.

Пандемияга каршы жасаган иштерди изилденген 200 өлкөнүн 19ун гана аялдар башкарып, оору башталары менен өз өлкөсүн темирдей бекем тартипте, тазалыкта сактап, экономикалык кризисти болтурбай калган дал ушул аялдар лидерлер болгонун ачыкташты.

Кыргызстанды бутага алган жумушсуздук

«Emerging Europe» аналитикалык веб-сайтына COVID-19 вирусу кыргыз экономикасына өтө катуу сокку уруп, жумушсуздук өлкөнү каптап бара жатканы тууралуу макала чыкты.

Автор Марек Грегорчук 2020-жылы жумушсуздук гана эмес, өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук да күч алганын, ички дүң өнүмү 10% төмөндөгөнүн Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы, Азия өнүктүрүү банкы жана Кыргыз экономикалык саясат изилдөө институтунун изилдөөсүнө таянып жазган.

«Сырттан которулган акча 25% азайып, жумушсуздук 21% жогорулоодо. Социалдык жактан корголбогон аялдар менен балдар экономикалык кыйынчылыктын эң башкы курмандыктары болууда.

Үй-бүлөлүк зомбулук былтыркы жылга салыштырмалуу 65% жогорулап, чекене соода, кызмат көрсөтүү тармагы 15% кыскарды. Былтыркы жылдын алгачкы алты айына салыштырмалуу 2020-жылдын январь-июнь айларындагы ички дүң өнүм 5,3% түштү. Туризм, тейлөө тармагы 90% кирешесинен кол жууду. Ушундан улам БУУнун Өнүктүрүү программасы өлкөнү колдоону сунуштап жатат.

Өтө оор абалга кептелген саламаттык сактоо тармагын, айрыкча, коомдун аяр катмарынын ден соолугуна кам көрүү, коронавируска каршы күрөштө чакан, орто ишкерликти колдоо үчүн көмөк көрсөтүп, чет жактан мекенине кайткан мигранттардын иш менен камсыз болуусуна шарт түзүү сыяктуу бир нече сунуштар айтылып, аны ишке ашырууда эл аралык уюмдар көмөк көрсөтүшү зарылдыгы белгиленген».

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG