Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:16

Эрдоган футболчунун тоюнда күбө болду


Режеп Тайып Эрдоган жана Месут Өзил.
Режеп Тайып Эрдоган жана Месут Өзил.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (3-10-июнь, 2019-жыл).

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган түрк улутундагы германиялык футболчу, «Арсенал» клубунун жарым коргоочусу Месут Өзилге күйөө жолдош болду. Бир катар эл аралык маалымат каражаттары, анын ичинде Би-Би-Си улуту түрк, Германияда чоңойгон атактуу футболчу Стамбулда Босфор кысыгынын жээгинде «Түркиянын чүрөгү - 2014» титулунун ээси Амине Гүлсеге үйлөнгөнүн кабарлашты. Алардын баш кошуу салтанатында Эрдоган жаш жубайларды куттуктап, нике күбөлүгүн тапшырды. Өзилдин тою Стамбулдун мэрин кайра шайлоонун алдында болуп, анын Эрдоганга тарапташ экенин дагы бир жолу далилдеди. Былтыр дүйнөлүк кубок учурунда Өзил Эрдоган менен түшкөн сүрөттөрү үчүн айрымдардын сын-пикирлерине туш болуп, «расист, улутчул» катары бааланган. Месут Өзил Орусиядагы футбол чемпионаты учурунда «футболдо жеңсем немис, жеңилсем мигрант болуп чыга келем» деп айткандан көп узабай Германиянын курама командасынан да чыгып кеткен.

Атактуу футболчу менен колуктусу тойду да өзгөчө өткөрүштү. Алар келген меймандардан белек-бечкектин ордуна миң оорулуу баланын операциясы үчүн кайрымдуулукка акча берүүнү суранышты. 2014-жылы да Өзил «Арсенал» клубунда ойноп, дүйнөлүк чемпионатта тапкан 250 миңдей долларын Бразилиядагы оорулуу балдардын операциясына жумшаган. Ал «тойдо түшкөн кошумчалар эми дүйнөдөгү миң баланын өмүрүн сактайт» деди.

Владимир Путин - Орусиянын эң бай олигархы

Атлантика кеңешинин окумуштуусу Андрес Аслунд «The Washington Post» гезитине Орусиянын президенти Владимир Путиндин байлыгын санаган макала жазды. Жакында АКШ Конгрессинин бир нече мүчөсү чалгын кызматынан Путиндин байлыгын тактап берүүнү суранган. «Бирок бул суроого ачык жооп табыш өтө кыйын, себеби орус лидери өзү мурдагы чалгынчы жана катчу нерсесин башкалар таба албагандай жашыра алат. 2008-жылы Борис Немцов «Путин жана Газпром» деген китепче чыгарып, анда мурдагы энергетика министри Владимир Милов менен Путиндин байланышын далилдеген фактыларды жазган. Бирок Немцов 2015-жылы киши колдуу болду. Ошол убакта «Газпромдун» базар баасы Лондон биржасында 369 миллиард долларга бааланган эле. Азыркы баасы 60 миллиард доллар болуп турат. Калган сумма кайда кеткени белгисиз. Бул дүйнөдө эң ири өлчөмдөгү акча кымыруу болуп саналат», деген автор 2012-жылы Путин Сочиде абдан чоң курорт салдырып жатканын да мисал келтирген.

Владимир Путин.
Владимир Путин.

«Кызыгы, Путиндин Орусияда ээлик кылган мүлкү жок. Ал тарапташтары менен кошо байлыгынын баарын офшордук аймактарга которгон. Болбосо бийликтен түшөрү менен баарынан кол жуумак. Путин жек көргөн «Панама документтери» бир топ сырдын бетин ачты. Маселен анын жан досу, виолончелист Сергей Ролдугин чириген миллиардер болуп чыкты. Ал 2018-жылы орусиялык ишкер Сулейман Керимовдон 259 миллион доллар белек алган. Ошондой эле Орусиянын ВТБ мамлекеттик банкы Ролдугинге 650 миллион доллар кайтарымсыз насыя берген. Документтердин баарынан Путин жана анын жакындары Орусияны, айрыкча «Газпромду» туш тарабынан тоноп жатканын көрсө болот. Жеке эсептерим боюнча алар жылына 15-25 миллиард долларды Орусиядан чыгарып кетишүүдө. 13 жылдан бери бул сумма 325 миллиард долларга жетти. Анын жарымы Путиндин капчыгында. Ал мынча акчаны эмне кылат? Себеби, акча - ал үчүн чоң күч. Байлар гана Орусияда эбегейсиз күч-кубатка ээ» деген пикирде автор.​

АКШда илимди танып, «жер жалпак» дегендер көбөйдү

Бостон университетинин философия жана тарых боюнча профессору Ли Макинтрай кийинки убакта АКШда илимди танып, өз догмаларын таңуулаган учурлар көп катталып жатканын «Newsweek» журналына жазды. «Вакциналар оорудан коргобой эле кайра дартты көбөйтөт», «НАСА «космос бар» деп жалган айтууда», «Жер тоголок эмес, жалпак» деген сыяктуу илимди танган көз караштар социалдык медиада кеңири жайылып, анын кесепети элдин өзүнө кайра тийип жатат.

«Маселен, АКШнын 22 штатында азыр эмдөөдөн баш тарткандардын айынан кызамык оорусу күчөдү. «Бийлик, НАСА, учкучтар, космос бар дегендердин баары жалган айтып, дүйнө элин алдап жатышат» деген жүйөлөр чындыкка коошпосо да мындай идеяны эрчигендер улам көбөйүп баратат. Айрыкча «жер жалпак» деп эсептегендер бул ойду христиан динине байлап, Библияга такап жатканын байкаса болот. Жерди жалпак дегендердин колунда кандайдыр илимий далил жок, суроолорго оңдуу жооп бере алышпайт. Бирок эмнеге эл аларды ээрчип жатат? Кесепети кандай болот?», - деген суроолорго Макинтрай психологиялык негизде жооп издеген. Автор жердин жалпак экенин айткандар эч кимге зыяны тийбегени менен аларга жаш муундун өкүлдөрү кошулуп, айрыкча балдар аларды ээрчип, илимий дүйнө менен караңгылыктын чатагы келип чыгарынан чочулайт.

Сауд Арабиясында өспүрүм өлүм жазасына тартылат

«Independent» гезити Саудиянын бийлиги мындан беш жыл мурда «демонстрацияларга катышып, террордук уюмдарга кирип, «Молотов коктейлин» жасап, бийликке каршы чыкты» деген айып менен 13 жашында кармалган Муртая Курейристи өлүм жазасына тартканы жатканын маалымдады.

Муртаяга 10 жашынан бери «бийликке каршы чыкты» деген айып коюлган. «Amnesty International» уюму өлкөдөгү балдарды өлүм жазасына тартууну кескин сынга алууда. Уюмдун Жакынкы Чыгыш боюнча өкүлү Линн Малоф: «Саудияда бийликке каршы ойлонгондорду жашына карабай эле өлтүргөн адат болуп калды», - деди. Азыр 18ге чыккан Муртая ага коюлган айыпты четке кагууда. Ал Саудиядагы шииттердин өкүлү, 2014-жылы үй-бүлөсү менен Бахрейнге бара жаткан жеринен кармалган. Мындан бир нече ай мурда Эр-Риядда 37 адам террорчулукка байланыштуу айыпталып, өлүм жазасына тартылган эле.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG