Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:30

Der Standard: Орусияда паранын өлчөмү өстү


Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (13-19-март)/

Германиянын Der Standard гезити Орусияда паранын суммасы экономикалык каатчылыктан улам 75 пайызга жогорулаганын жазып чыкты. Быйылкы расмий маалыматтарда бейрасмий сый акчанын орточо суммасы 5,2 миң евро же 328 миң рубль болгон. Былтыр паракорлукка байланыштуу 19 миң кылмыш иши ачылган. Бир жылдын ичинде жемкорлук 21 пайызга жогорулап, мамлекет 700 миллион евро зыян тартканын расмийлер билдиришкен. Ошондой эле былтыр жемкорлукка бир нече ири мамлекеттик кызматкерлер айыпталган. Алардын катарында Федералдык бажы кызматынын мурдагы башчысы Андрей Белянинов да бар. Анын үйүнөн таңгак-таңгак акчалар жана кымбат сүрөттөр табылганы менен кылмыш иши козголгону тууралуу кабар жок дейт Der Standard басылмасынын журналисти. Эң эле кызыгы, коррупцияга каршы күрөшүү кызматындагы дагы бир аткаминердин карындашынын үйүнөн 120 миллион евролук казына табылып, азыр алардын швейцариялык банктарда жашыруун эсептери бар-жогу текшерилип жатканын баяндайт гезит.

Гейтс: Чет элге жардам токтотуу АКШ коопсуздугуна коркунучтуу

Атактуу миллиардер Билл Гейтс Time журналына блог жазды. Анда Кошмо Штаттарында акыркы мезгилде чет өлкөлөргө каржылык колдоону азайтуу маселеси талаш чордонуна айланганын, айрым америкалыктар мамлекетке төлөгөн салыгы эмнеге өз мекенинде кең-кесири пайдаланылбай жатканына таң калышканын белгилейт. Буга жооп иретинде ал башка өлкөлөргө жардам берүү АКШнын коопсуздугун сактайт деген жүйөнү келтирген. Дүйнөнүн алсыз жактарындагы саламаттык сактоону, коопсуздукту, экономикалык өнүгүүнү колдоо менен тең салмактуулук сакталат деген пикирде миллиардер. "Маселен, мен 15 жыл мурда саламаттыкты сактоо тармагына колдоо көрсөтүп жатып, дүйнөдө адам өмүрүн сактап калууну гана ойлогом. Бирок айрым эпидемиялык оорулар козголгондо алардын өлкөмө жайылуусуна бөгөт болуу үчүн да башка мамлекеттерге жардам берүү керектигин аңдадым. Батыш Африкадагы Эбола 11 миң кишинин өмүрүн алды. Бирок убагында жардам берилбесе өлүм саны мындан да көп болуп, дүйнөдө ары бери саякаттаган 180 миллион кишиге коркунуч жаралмак", - деп жазат. Ошондой эле АКШнын ВИЧ, СПИД оорусуна каршы глобалдык колдоо программасын мактаган. Саясий тынчтыкка багытталган Жорж Буштун PEPFAR долбоору 2004-2015-жылдары Африкадагы ич ара кагылышууларды, саясий олку-солкуну 40 пайызга азайтканын билдирди. Стабилдүү дүйнө баарына пайдалуу экенин белгилеп, жардамсыз калган вакуумга Сирияны салыштырган. "Бир эненин баласынын өмүрүн сактап калсаңыз ал эч качан унутпайт" - деп жазган.

Британияда оппозиция лидери гезит башкарат

Британиянын атактуу саясатчыларынын бири, болочокто өкмөт башчы да болот деген дымагы бар Жорж Осборн Лондондо күн сайын чыгуучу Evening Standard гезитине башкы редактор болуп дайындалды. Британ басма сөзү жана саясатчылар анын бул кадамына ар кандай баа беришүүдө. Мисалы, The Telegraph гезити саясатчынын мойнунда алты кызматы бар экенин белгилеп: "BlackRock аттуу ири каржы компаниясына кеңеш берип, АКШдагы кошумча кызматын да аткарып, Парламенттеги депутаттыгын жана Көмүскө өкмөттөгү кызматын жасап келсе, эми аларга кошуп гезитке редактор болду", - деп жазат. Осборндун алты кызматтан тапкан маянасы жылына 1,5 миллион фунт стерлинг болмокчу. Бийликтеги айрым адамдар болсо Осборн былтыр Брекзит референдумунан кийин парламентте таасирин жоготуп алып, эми кайрадан күч-кубат топтогусу келип жатканын белгилешти. Evening Standard гезитин жетектөө ага саясий упай берерин кызматка киришип жатып, өзү да айткан.

Мусулмандар жамааты жалган маалыматка каршы күрөшөт

The Wall Street Journal Индонезиядагы мусулмандар жамааты интернеттеги жалган кабарларга каршы күрөш ачканын кабарлады. 50 миллион мүчөсү бар Нахдлатул Улама уюму Вотсап, Фейсбук, Твиттер сыяктуу социалдык каражаттардагы калп кабарларга каршы согушту былтыр эле баштаган. Күрөштүн башкы максаты - Индонезиядагы заманбап исламга каршы чыккан жана ич ара бөлүнүүнү көздөгөндөрдү токтотуу. Индонезия мусулмандарынын арасында жалган жаңылык барган сайын чоң көйгөйгө айланууда. Өлкө президенти Йоко Уидодо былтыр декабрда ынтымакты бузган калп кабарларды токтотуу демилгесин көтөргөн. Индонезия коомчулугун түйшөлткөн калп жаңылыктардын ичинде он миллиондогон кытайлык жумушчулар өлкөгө кирери тууралуу аңыз кеп да бар. Жакартадагы губернаторду шайлоодо да жалган маалымат өнөктүктүн жүрүшүнө кескин таасир эткен. Индонезиянын 250 миллион калкынын 40 пайызы Фейсбук, Инстаграм сыяктуу социалдык тармактарды колдонот. Нахдлатул Улама уюмун башкарган Сэвич Али калп маалымат диндер аралык кагылышууга да жеп таштап жатканын билдиргенин жазат The Wall Street Journal.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG