Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:26

Пхёнчхаң оюндары: кызыктын баары алдыда


Күйөрман.
Күйөрман.

Түштүк Кореянын Пхёнчхаң шаарында кышкы Олимпиада уланууда. 12-февраль кандай жыйынтыктарды берип, эмне жаңылыктар чыкты?

Кышкы оюндардын баары көз жоосун алат. Өзгөчө муз үстүндөгү көркөм бий. Спорттун дал ушул түрүнөн үч күндөн бери өтүп жаткан командалык таймаш 12-февралда жыйынтыкталды. Упайлардын жыйынтыгында алтын медалды канадалыктар алып кетти.

- Албетте, баарыбызда маанай бирдей. Тайпадагы бул жолдошторум менен Канаданын намысын коргоо эмне деген толкундануу! Ар бири менен чексиз сыймыктанам. Ушундай феноменалдуу коньки тебүү жана подиумда туруп өлкөңдүн гимнин угуу чынында эле өзгөчө жана такыр унутулгус, – деди жеңүүчүлөрдүн бири Тесса Вирту.

Канадалык көркөм муз тебүүчүлөр.
Канадалык көркөм муз тебүүчүлөр.

Көркөм муз тебүүнүн командалык түрүндө түгөйлөр жана аял-эркек өз-өзүнчө өнөрүн көрсөтүп, акырында алган упайлары кошулуп, натыйжа чыгарылат. Экинчи орунду орусиялыктар алды. Ал эми үчүнчү орун америкалыктарга буюрду.

Орус медиасы "жеке чыккан Михаил Коляда жыгылып калбаганда алтын медаль алмакпыз" деп өкүнүүдө. Ушул эле багытта жекече бийлеген кыздар Алина Загитова менен Евгения Медведева бүтүндөй команданы алга сүйрөштү. Ал тургай 18деги Медведеванын кыска программадагы керемет бийи 81,6 упайга татып, рекорд койду.

Евгения Медведева.
Евгения Медведева.

Мындан тышкары, 12-февралда алты дисциплина боюнча медалдар ойнотулду. Ошентип, акыркы эсептер боюнча төрт алтын байге менен Германия алдыга суурулду. Анын экөө немис биатлончусу Лаура Дальмейердики.

Конькичи Ирен Вуст бир алтын, бир күмүш медалга ээ болуп, Голландияны экинчи орунга сүйрөдү. Бул өлкөдө азыр жалпысынан үч алтын медал бар. Эки алтын медалы менен Норвегия андан кийин келатат.

Бизге жакын өлкөлөрдөн азырынча Казакстан бир коло байгеси менен медалдуулардын тизмегине илинди.

Оюндар 25-февралда аяктайт. Алдыда ойнотулчу медалдар көп. Демек кызыктын баары алдыда. Статистика да өзгөрөт.

Эркектер арасындагы биатлондун жеңүүчүсү франциялык Мартен Фуркат 12-февраль, 2018-жыл.
Эркектер арасындагы биатлондун жеңүүчүсү франциялык Мартен Фуркат 12-февраль, 2018-жыл.

Эки Кореянын сүйлөшүүлөрүнө өбөлгө түзүшү менен бул Олимпиаданын саясий, тарыхый ролу да чоң болуп турат. Дүйшөмбүдө Эл аралык комитеттин төрагасы Томас Бах жакын арада Түндүк Кореяга барып калышы ажеп эмес экенин айтты.

- Өзүңүздөр билгендей, 20-декабрда Лозаннадагы Кореянын Олимпиадага катышуусу боюнча декларацияда бардык кызыкчылыгы бар тараптар Түндүк Кореянын чакыруусун кубатташкан. "Ыңгайлуу убакта келсеңер" деген чакыруу болгон. Спорттук диалогду улантыш үчүн ошол ыңгайлуу датаны талкуулап атабыз. Качан болорун ошондон кийин көрөбүз.

Олимпиаданы тейлеген сулуулар.
Олимпиаданы тейлеген сулуулар.

Буга чейин Түндүк Кореянын лидери Түштүк Кореянын президентине карындашынан салам дубай жиберип, Пхеньянга чакырганы белгилүү. Айтмакчы, пхеньяндык жогорку делегациянын сапары карып, мекенине кетти.

Спортчулары таймашын улантууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG