Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:11

Айнура: Хоккайдодо жол бузулуп, поезд токтоду


Айнура Сооронбаева.
Айнура Сооронбаева.

Жапониянын Хоккайдо аралындагы кубаттуу жер титирөөдө каза болгондордун саны жыйырмага чукулдап, жараат алгандар жүздөн ашык экени айтылууда. Хоккайдо аралында жашаган биздин журтташыбыз Айнура Сооронбаева менен байланышып, ал-акыбалын сурадык.

Айнура Сооронбаева: Мен аралдын түндүгүндөгү тоолордун арасында жайгашкан Юбари деген чакан шаарда турам. Катуу жер титирөө болду. Кудайга шүгүр, мага зыяны тийген жок.

Бирок жолдор, имараттар бузулуп, поезд токтоп калды. Биринчи түнү саат үчтө абдан катуу титиреген. Андан кийин таң аткыча беш-алты жолу силкинди.

Мындайды көрбөгөн жаным абдан корктум. Дароо эле электр жарыгы өчтү, ошол бойдон күйө элек. Аралды электр энергия менен камсыз кылган жылуулук электр борбору иштен чыкканын айтып жатышат. Калыбына келтирүүгө көп убакыт керек окшойт.

Мен иштеген мейманкана өз кызматкерлерин тамак-аш менен камсыз кылып жатат. Ал эми шаардагы дүкөндөрдө азык-түлүк калбай калганын көрдүм. Эл “дагы кандай болот деп" бардыгын сатып алып кетишиптир.

Хоккайдодо Жапониянын башка жактарына салыштырмалуу жер чанда гана титирейт экен. Ошондуктан жергиликтүү эл деле коркуп калды.

Ацума шаарында зилзалдан кийин жер көчүп, үйлөрдү басып калды. 6-сентябрь, 2018-жыл.
Ацума шаарында зилзалдан кийин жер көчүп, үйлөрдү басып калды. 6-сентябрь, 2018-жыл.

"Азаттык": Таң аткыча кайда болдуңар? Үйдүн ичиндеби же сыртка чыгып турдуңарбы?

Айнура Сооронбаева: Биринчи титирегенде сыртка учуп эле чыктым. Менде зилзалага даярдык жок экен да. Кайра киргизип коюшту. Андан кийин өтө деле катуу титиребегендиктен эч жакка чыкпай үйдө отурдум.

"Азаттык": Эки күн мурда катуу тайфун болуп анан жер силкинбедиби. Тиешелүү мекемелер бул табигый кырсыктарды утурлай сак болууга чакырган эскертүү жиберет бекен?

Айнура Сооронбаева: Тайфун Кансайда болду. Ал жактагы аэропорт жабыркады. Биздин аралга да эпкини тийди, бактар сынып, электр мамылары кулады. Азыр жалган маалыматтар көп чыгып атат. 2011-жылкы зилзаладан кийин Фукусима атомдук реактору жарылбады беле. Ошондой болот деп коркутуп, ошол кездеги сүрөттөрдү интернетте жайылтып жатышат. Эскертүү жер титиреп баштаганда келди. Ага чейин андай эскертүүлөр болгонун байкаган жокмун.

Азаттык: Сиздин бул аралда жашаганыңызга канча болду? Ал жакта башка кыргыздар барбы?

Айнура Сооронбаева: Аралга өткөн жылдын соңунда келгем. Андан мурда Киотодо жашадым. Жалпысынан үч жыл болуп калды бул жакта жүргөнүмө. Киотодо жапон тилин үйрөнүп, атайын мектепте окудум. Азыр "Юбари резорт" деген мейманкананын эл аралык маркетинг бөлүмүндө иштейм. Менден башка Саппородо бир журналист кыргыз бала бар деп уккам, келинчеги экөө келген экен. Дагы бир кыз бар экенин эшиткем, бирок алар менен байланышып, көрүшө элекмин.

Айнура Сооронбаева досу менен. Киото шаары, Арашияма бамбук паркы.
Айнура Сооронбаева досу менен. Киото шаары, Арашияма бамбук паркы.

"Азаттык": Жапонияда негизи канча кыргыз бар? Алар менен байланышып турасыңарбы? Ал жактын жашоо-шарттарына көнүп калдыңарбы?

Айнура Сооронбаева: Жапонияда ар кандай программалар менен келген үч жүздөй кыргыз бар. Токио, Осака жана Окинава шаарларында Japan style деп аталган программа аркылуу келген кыргыздар көп деп угам. Чоң майрамдарда чогулуп калабыз. Жапондордун менталитети такыр башкача, көнгүчө абдан кыйналасың. Анын үстүнө бир шаарда жалгыз кыргыз болсоң кыйын эле.

Бирок бул жактагы жашоо тууралуу окуп, даярданып келсең оор деле болбойт. Жапондордун үлгү боло турган сапаттары көп, маселен тазалыкка мамилеси.

Алар үйүнүн, көчөсүнүн жана жалпы эле айлана чөйрөнүн тазалыгына жоопкер болушат. Убакытка так келишет. Жашоо тууралуу айта кетсем, Кыргызстанга салыштырмалуу баары кымбат. Тамак-ашы даамдуу.

"Азаттык": Рахмат сизге!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG