Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:26

Смартфонду өзүңүз кураштырсаңыз болот


Дэйв Хаккенстин Phoneblocks долбоору
Дэйв Хаккенстин Phoneblocks долбоору
Голландиялык дизайнер Дэйв Хаккенстин Phoneblocks долбоору iPhone же Android өңдүү смартфондорду түбөлүктүү колдонгонго шарт түзөт. Дизайнердин айтымында, анын долбоору смартфондун тиешелүү тетиктерин гана жаңылаганга мүмкүнчүлүк ачат.

Phoneblocks долбоорунун жарнамалык видеосун 15 миллионго чукул адам интернеттен көргөн.

- Биз күндө миллиондогон электрондук буюмдарды эскилиги жетти же модадан чыгып калды деп ыргытабыз. Чындыгында, смартфондун бир тетиги гана проблема жаратат, калган тетиктери кадимкидей иштей берет. Билбегендиктен биз смартфондун бардык тетиктери жана модасы эскирди деп ыргыта беребиз, – деп айтты Хаккен.

Долбоордун алкагында, кардарлар өздөрү каалаган тетиктеринен смартфон кураштырып алса болот. Бир тетик эскирсе, бузулса же жакпай калса, ошону гана үй шартында алмаштырып алса болот. Мисалы, фотоаппарат жакпаса, батарея эскирсе, же эске тутуу сыйымдуулугу жетишсиз болсо, аны бир заматта өзүңүз эле алмаштырып алсаңыз болот. Дэйв Хаккенстин айтымында, кардар бир топ акчаны үнөмдөп калат.

Бирок бул долбоорду ишке ашыруу үчүн, Хаккенс чоң суммадагы инвестиция тартышы керек.

- Бул смартфонго кызыгуу бар экенин көрсөтөлү. Сиз буга кызыгууңузду билдирсеңиз, анда бул долбоорду ишке ашырууга жардам бересиз. Бул аркылуу биз дүйнөгө мындай смартфонго талап бар экенин далилдейбиз, – деп билдирди долбоордун автору.

Серепчилер Phoneblocks долбоорунун негизги ою жакшы экенин белгилешти. Бирок учурдагы смартфон өндүрүүчүлөрдөн озуп кетүү кыйынга турарын адистер жашырган жок.

Сан-Франциско шаарындагы адис Лори Ламберт бул идеяны “эң сонун” деп сыпаттады. Анын айтымында, чынында эле смартфонго көптөгөн керексиз тетик жана функциялар орнотулган. Ал эми америкалык серепчи Жефф Кейган калыптанып калган уюлдук телефондор бизнес моделин өзгөртүү абдан татаал болоорун эскертти.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG