Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:58

ДСУ: Чылым планетанын жылма душманы


31-май - Дүйнөдө тамекиге каршы күрөшүү күнү. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кезектеги баяндамасына ылайык, тамекиден жылына миллиондогон өмүр кыйылып, глобалдык экосистемага жана экономикага зыян келүүдө.

30-майдагы баяндамасында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тамекини көзөмөлдөө программасынын координатору Винаяк Мохан Прасад жалпы терс статистиканы жарыялады:

- Тамекинин айынан жылына 7 миллион киши өлөт. Ал эми экономикада дүйнөлүк дүң жыйым жылына 1,8%, же 1 триллион 400 млрд доллар жоготот. Биз бул жүктү азайтуу үчүн көп нерсени жасай алабыз.

чылым жакырлыкка жетелейт
чылым жакырлыкка жетелейт

Жогорудагы каржы чылым жеген ден соолукту, табиятты калыбына келтирүүгө жумшалган карапайым адамдардын да өкмөттүн да чыгымы.

Тамекинин бардык түрү көпчүлүк кадыресе ойлогондой адамдын ички органдарына эле эмес, бүтүндөй экосистеманы бүлүндүрөт экен. Тагыраагы, тамекини илдетке чалдыктырбай, отоо чөпкө, куртка бастырбай өстүрүү үчүн инсектицид, гербицид, фунгицид жана фумигант сыяктуу химиялык заттар колдонулат.

"Бул заттардын көбү айлана-чөйрөгө да, аны өстүргөн адамга да зыян болгондуктан айрым өлкөлөр аларды колдонууга тыюу салган" - деп айтылат баяндамада.

- Ал топуракты жабыркатып, токойлордун жоголушуна алып келет. Ошондой эле олуттуу экономикалык зыяндары бар. Бирок өкмөттөр тамеки өндүрүшү тууралуу маалымат беришпегендиктен зыяны канчалык экени толук документтештириле элек, - дейт Мохан Прасад.

Ага карабастан Саламаттык сактоо уюму төмөндөгүдөй эсеп-кысап жүргүзгөн:

Тамекинин жалбырагын кургатуу үчүн эле жылына 11,4 млн тонна жыгач кыйылат же 300 тал чылым үчүн бир дарак жоголот. Маселен, дүйнөдөгү ири чылым өндүрүүчү өлкө Кытайда кыйылган ар бир бешинчи дарак тамеки өндүрүшү үчүн керектелет экен. Бул өлкө жыгачка кошумча көмүр да жагат.

Андан тышкары чылым заводдору ар жылы зыяндуу химиялык заттын миңдеген түрү аралашкан жарым миллион тонна таштанды чыгарат. Өндүрүш ошондой эле эбегейсиз өлчөмдө сууну, энергияны талап кылат.

Жыл сайын 6 триллион даана тамеки чегилет. Алар 3-5 млн тонна булганч газдарды, рак илдетин козгоочулардын бири канцерогендик химикаттарды абага кошот.

Мындан тышкары чылымдын бүчөктөрү да таштандыга же чегилип бүткөн жерине ташталары баяндамада унутулган эмес.

"Тамеки өнгөндөн түгөнгөнгө чейинки цикл эбегейсиз булгоочу жана бузуп-талкалоочу процесс" деп айтылат баяндамада.

Өндүрүүчү өлкөлөр же ишкерлер үчүн чылым кызылдай киреше түшүрүп жатканы белгилүү. Бирок Саламаттык сактоо уюму ал, тескерисинче, бүтүндөй дүйнө өлкөлөрүнүн өнүгүүсүн артка тартарын белгилөөдө.
Буга байланыштуу бийликтерди чылымга каршы күрөштү күчөтүүгө, тагыраагы, аны жарнамалоого тыюу салууга, чылымга салыкты көбөйтүүгө жана башка чараларга чакырат.

Уюм 2030-жылга чейин бейажал өлүмдөрдү, анын ичинде тамекинин курмандыктарын үч эсе азайтууга умтулууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG