Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Депутаттын мамилеси Грузияны дүрбөттү

Тбилиси, Грузия. 20-июнь, 2019-жыл
Тбилиси, Грузия. 20-июнь, 2019-жыл

Түндө грузин парламентинин алдында болгон кагылышта полиция демонстранттарды кууп таратуу үчүн желим ок жана көздөн жаш агызуучу газ колдонду.

Андан ондогон киши жараат алды. Нааразылыктын чыгышына орусиялык депутат Сергей Гавриловдун спикердин ордуна отурганы себеп болгон.

Ал Тбилисиде өтүп жаткан Православ өлкөлөрдүн парламент аралык ассамблеясына төрагалык кылып, жыйынды парламент төрагасынын ордуна отуруп ачкан.​

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, парламент имаратынын алдында 21-июнда таңга маалга чейин созулган кагылышта 240 киши, анын ичинде 80ден ашык полиция кызматкери жараат алды.

​Окуядан аны чагылдырып жүргөн бир канча журналист да жабыр тарткан. Акыркы маалыматтар боюнча жүздөй киши ооруканада жатат.

Жергиликтүү маалымат каражаттары бир канча адам кармалганын жазды, бирок бул тууралуу так маалымат жок.

21-июнда таңга маал Грузиянын күч түзүмдөрү кырдаалды толук көзөмөлгө алып, демонстранттар парламенттин аймагынан чыгып кетти. Бирок демонстранттар парламенттин алдына кайрадан чогулду.

20-июнда элдин нааразылыгына орусиялык депутат, коммунист Сергей Гавриловдун Тбилисидеги сапары учурунда парламент ичиндеги аракеттери себеп болду. Орусиянын төмөнкү палатасынын депутаты, Коммунисттик партиянын мүчөсү Гаврилов Тбилисиге Православия парламент аралык ассамблеясына төрагалык кылуу үчүн барган. Нааразылыкка чыккан грузиндер Православия парламент аралык ассамблеясынын жыйыны учурунда анын спикердин креслосуна отурушун "Грузияны сыйлабастык" катары баалашууда. Гаврилов бейшембиде ассамблеянын жыйынын парламент төрагасынын ордуна отуруп ачкан.

Грузиндер Гавриловду Орусиянын президенти Владимир Путиндин өнөктөшү, ал Грузиядан бөлүнүп кеткен жикчил Түштүк Осетия менен Абхазия боюнча Орусиянын саясатын колдойт деп сындап жатышат.​

"Орусия Грузиянын 20 пайыз аймагын оккупациялап турат. Ал биздин жерибизде улут аралык тазалоо жүргүздү. Орусиялык Думанын мүчөлөрүн бул жакка киргизүүгө болбойт", - деди "Европалык Грузия" партиясынын мүчөсү Григорий Канделаки.

Парламенттин ичиндеги карама-каршылыктан кийин жыйын үзгүлтүккө учурап, Гавриловду жана анын менен келген делегацияны коопсуздук кызматтары имараттан алып чыгып кетти.

«Европалык Грузия» партиясынын мүчөсү Елена Хоштория:

"Грузин коому үчүн өкмөттүн өлкөнүн душманы - орусиялык оккупанттарды парламент төрагасынын ордунда көрүүгө жол берүүсү уят жана муну эл түшүнүп турат", - деп айтты.

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили Гавриловдун аракетин айыптап, ошол эле кезде коомду дүрбөткөн нааразылыкты сындады.

"Спикердин ордуна отурган орусиялык депутат эгемен өлкөгө жана анын кадыр-баркына шек келтирди. Бирок бул парламентти камоого алган жана төңкөрүш жасоого багытталган жасалма, чагымчыл толкундоолорду актабайт”, - деди ал.

Зурабишвили Беларуска пландаган сапарын да токтотту.

Парламент алдына чогулган митингчилер спикер Ираклия Кобахидзени кызматтан кетүүгө чакырышкан.

Ушул күнү Бакуда жумушчу сапар менен жүргөн Кобахидзе ага маалымат жетер замат православ өкүлдөрүнүн жыйынын токтотууну талап кылганын айтып жатат.

“Бүгүн парламентте болгон көрүнүштү көрүү - баарына оор болду. Орусия биздин аймактын 20 пайызын басып алган өлкө. Бүгүн болсо ушул өлкөнүн депутаты парламент спикеринин ордунда отурду”, - деди ал.

21-июнда түштөн кийин маалым болгондой, Ираклия Кобахидзе кызматтан кетти.

20-июндагы демонстранттардын айрымдары Грузиянын, Евробиримдиктин жана АКШнын желектерин көтөрүп жүрүштү.

Түн жарымында парламент алдына чогулган миңдеген киши аны ээлеп алууга аракет кылып, атайын даярдыктагы күчтөр менен кырчылдашкан кагылышуу болду. Полиция алгач көздөн жаш агызуучу граната колдонуп, кийин желим октор менен ата баштаган. Ал арада ок тийип, жараат алган демонстранттардын сүрөттөрү жарыяланды. Аларга "Тез жардам" кызматы жардам көрсөткөн.

Грузиянын премьер-министри Мамука Бахтадзе башаламандык үчүн оппозицияны күнөөлөдү.

"Руставели проспектисинде адамдар чын ыкластан өткөргөн акцияны кутумчул саясий күчтөр колдонуп, Конституциянын чегинен чыгып кетти. Кекчил оппозиция массалык зомбулук жасады. Алар түз эфирде парламент имаратына кол салып, полицияны сүрүп бара жатканын бүт коомчулук көрдү", - деди Мамука Бахтадзе.

Грузиядагы саясий чыңалууга себеп болгон орусиялык депутат Сергей Гаврилов акцияны алдын ала даярдалган чагым катары баалады:

"Бул акциянын максаты Орусия менен мамилени татаалдаштыруу, алакаларды бекемдөөгө тоскоолдук жаратуу, Грузиядагы православ баалуулуктарына сокку уруу болду", - деди Сергей Гаврилов.

Анын айтымында, Грузияда радикал күчтөр бийликти басып алуу үчүн мамлекеттик төңкөрүш уюштуруу аракетин жасады жана аны Михаил Саакашвили менен байланышы бар адамдар чет жерден көзөмөлдөп жатат.

Грузиянын премьер-министри Мамука Бахтадзе да экс-президент Михаил Саакашвилини айыптады.

Ал эми Саакашвили “Фейсбук” баракчасында «полицияны элге кошулууга» чакырды.

Тбилисинин бөлүнүп кеткен эки аймагын кайтарып алуу, НАТОго кирүү аракети 2008-жылы Орусия менен Грузиянын ортосундагы беш күндүк согушка алып келген.

Православ парламент аралык ассамблеясы 1994-жылы негизделген жана башкы кеңсеси Грецияда жайгашкан. Анын максаты – православдардын христиандык жана демократиялык баалуулуктарга негизделген биримдигин чыңдоо.

Тбилиси тынч эмес

Грузин парламентинин алдындагы нааразылык акциясында полиция демонстранттарга каршы желим окторду жана көздөн жаш агызуучу газды колдонду. 
1/15 Грузин парламентинин алдындагы нааразылык акциясында полиция демонстранттарга каршы желим окторду жана көздөн жаш агызуучу газды колдонду. 
Тбилисиде түнү менен нааразылык акциялары өттү. Элдин нааразылыгына орусиялык депутат-коммунист Сергей Гавриловдун Тбилисидеги сапары учурунда спикердин ордуна отурганы себеп болду.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Тбилисидеги кагылышта 240 демонстрант, дагы 80 полиция кызматкери жаракат алган.
2/15 Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Тбилисидеги кагылышта 240 демонстрант, дагы 80 полиция кызматкери жаракат алган.
Тбилисиде түнү менен нааразылык акциялары өттү. Элдин нааразылыгына орусиялык депутат-коммунист Сергей Гавриловдун Тбилисидеги сапары учурунда спикердин ордуна отурганы себеп болду.
Нааразылык акциясына чыккандарды Михаил Саакашвили да колдоп, полицияны "эл тарабына өтүүгө" үндөдү.
3/15 Нааразылык акциясына чыккандарды Михаил Саакашвили да колдоп, полицияны "эл тарабына өтүүгө" үндөдү.
Тбилисиде түнү менен нааразылык акциялары өттү. Элдин нааразылыгына орусиялык депутат-коммунист Сергей Гавриловдун Тбилисидеги сапары учурунда спикердин ордуна отурганы себеп болду.
Таңга маал Грузиянын күч түзүмдөрү кырдаалды толук көзөмөлгө алып, демонстранттар парламенттин аймагынан чыгып кетишти. Бирок оппозициянын лидерлери 21-июнда нааразылык акциялары улана турганын убада кылууда.
4/15 Таңга маал Грузиянын күч түзүмдөрү кырдаалды толук көзөмөлгө алып, демонстранттар парламенттин аймагынан чыгып кетишти. Бирок оппозициянын лидерлери 21-июнда нааразылык акциялары улана турганын убада кылууда.
Тбилисиде түнү менен нааразылык акциялары өттү. Элдин нааразылыгына орусиялык депутат-коммунист Сергей Гавриловдун Тбилисидеги сапары учурунда спикердин ордуна отурганы себеп болду.
5/15
Тбилисиде түнү менен нааразылык акциялары өттү. Элдин нааразылыгына орусиялык депутат-коммунист Сергей Гавриловдун Тбилисидеги сапары учурунда спикердин ордуна отурганы себеп болду.
Жергиликтүү маалымат каражаттары башаламандык учурунда бир канча адам кармалганын жазды, бирок бул тууралуу азырынча так маалымат жок.
6/15 Жергиликтүү маалымат каражаттары башаламандык учурунда бир канча адам кармалганын жазды, бирок бул тууралуу азырынча так маалымат жок.
Тбилисиде түнү менен нааразылык акциялары өттү. Элдин нааразылыгына орусиялык депутат-коммунист Сергей Гавриловдун Тбилисидеги сапары учурунда спикердин ордуна отурганы себеп болду.
7/15
Тбилисиде түнү менен нааразылык акциялары өттү. Элдин нааразылыгына орусиялык депутат-коммунист Сергей Гавриловдун Тбилисидеги сапары учурунда спикердин ордуна отурганы себеп болду.
8/15
Тбилисиде түнү менен нааразылык акциялары өттү. Элдин нааразылыгына орусиялык депутат-коммунист Сергей Гавриловдун Тбилисидеги сапары учурунда спикердин ордуна отурганы себеп болду.
Полиция демонстранттарга каршы эки жолу көздөн жаш агызуучу газды колдонду. 
9/15 Полиция демонстранттарга каршы эки жолу көздөн жаш агызуучу газды колдонду. 
Тбилисиде түнү менен нааразылык акциялары өттү. Элдин нааразылыгына орусиялык депутат-коммунист Сергей Гавриловдун Тбилисидеги сапары учурунда спикердин ордуна отурганы себеп болду.
10/15
Тбилисиде түнү менен нааразылык акциялары өттү. Элдин нааразылыгына орусиялык депутат-коммунист Сергей Гавриловдун Тбилисидеги сапары учурунда спикердин ордуна отурганы себеп болду.
11/15
Тбилисиде түнү менен нааразылык акциялары өттү. Элдин нааразылыгына орусиялык депутат-коммунист Сергей Гавриловдун Тбилисидеги сапары учурунда спикердин ордуна отурганы себеп болду.
12/15
Тбилисиде түнү менен нааразылык акциялары өттү. Элдин нааразылыгына орусиялык депутат-коммунист Сергей Гавриловдун Тбилисидеги сапары учурунда спикердин ордуна отурганы себеп болду.
13/15
Тбилисиде түнү менен нааразылык акциялары өттү. Элдин нааразылыгына орусиялык депутат-коммунист Сергей Гавриловдун Тбилисидеги сапары учурунда спикердин ордуна отурганы себеп болду.
14/15
Тбилисиде түнү менен нааразылык акциялары өттү. Элдин нааразылыгына орусиялык депутат-коммунист Сергей Гавриловдун Тбилисидеги сапары учурунда спикердин ордуна отурганы себеп болду.
15/15
Тбилисиде түнү менен нааразылык акциялары өттү. Элдин нааразылыгына орусиялык депутат-коммунист Сергей Гавриловдун Тбилисидеги сапары учурунда спикердин ордуна отурганы себеп болду.
Артка
Алдыга

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
Куржундар
XS
SM
MD
LG