Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:55

Араб лигасы Сириядагы абалды талкуулоодо


Араб лидерлери жыйын алдында, Багдад, 29-март 2012-жыл
Араб лидерлери жыйын алдында, Багдад, 29-март 2012-жыл

Араб лигасынын Багдадда өтүп жатканы саммитинде Сириядагы кырдаал талкууланууда.

Ирактын баш калаасына Араб лигасына кирген 22 мамлекеттин 6 лидери, жогорку жетекчилер жана тышкы иштер министрлери чогулушту. Лиганын тышкы иштер министрлеринин жыйынында Ирак тышкы мекемесинин жетекчиси Хошияр Зебари буларды айткан:

- Сирия элинин эркиндик, демократия, өз келечегин аныктоо, жетекчилерин тандоо укугуна ээ болуу, бийликти тынч жол менен өткөрүп берүү талаптарын колдойбуз. Зордук-зомбулукту, күч колдонууну айыптайбыз жана кан төгүүнү токтотууну талап кылабыз. Кырдаалдан чыгуунун дипломатиялык жолдорун, улуттук диалогду баштоо, Сирия элинин биримдигин жана коопсуздугун камсыздоо үчүн сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсүнөн баш тартуу мүмкүнчүлүктөрүн издеп табууга тийшпиз.

Саммитке катышуу үчүн Багдадга көп жылдардан бери алгачкы жолу Кувейттин эмири келди. 1990-жылы Ирактын ал кездеги диктатору Саддам Хусейндин армиясы Кувейтти басып алышкан.

Бийик жолугушууга ошондой эле эл аралык Кылмыш соту тарабынан согуш кылмыштары үчүн айыпталып жаткан Судан президенти Омар ал-Башир да катышууда.

Багдадга аттанаарга чейин, шейшембиде БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Сирия президенти Башар Асадды кан төгүүнү токтотуу боюнча Улуттар уюму менен Араб лигасы биргелешип иштеп чыккан планды аткарууга үндөдү.

Буга чейин Дамаск Сириядагы кризисти жөнгө салуу боюнча атайын чабарман Кофи Аннандын планын кабыл алаарын билдирген. Буга карабай, Асаддын күчтөрү оппозициянын таяныч шаарларын аткылоону улантышканы кабарланууда.

БУУнун болжолдуу маалыматтарына караганда, бир жылдан бери Сирияда 9 миңдей киши набыт кетти.

Саммит катышуучулары өкмөттүк күчтөр менен оппозициянын элдешүүсүн колдоп, бирок президент Башар Асадды бийликтен кетүүгө үндөшпөй турган болду. Зебари Асадды кызматынан чегинип, оппозиция менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү милдетин анын орун басарына жүктөө чакырыгы бул жыйындын күн тартибинен алынып салганын ырастады. “Сириянын эли өз лидерлерин өзү тандоого тийиш, Араб лигасы же башка бирөө эмес”, - деди министр.

Сирия, 13-март, 2012-жыл
Сирия, 13-март, 2012-жыл
Бир жылдан бери уланып келаткан жаңжалдан улам, араб өлкөлөрүнүн уюмунан убактылуу чыгарылган Сирия болсо жолугушууда айтылган демилгелерди четке кагаарын күн мурунтадан эскертти. Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Жихад Макдиси Сирия Лигадан чыгарылгандан кийин Дамаск уюмдун чечимдерин аткарууга милдеттүү эмес деди:

- Араб лигасындагы мүчөлүгүбүз убактылуу токтотулгандан кийин биз башка араб өлкөлөрү менен мамилелерибизди эки тараптуу негизде жүргүзүп келебиз. Сирия саммитте жактырылган резолюцияларды кабыл албайт.

Мындай деңгээлдеги жыйын Ирак борборунда жылдардан бери өткөрүлө элек эле. Саммит болуп жаткан Багдаддагы дипломатиялык “Жашыл зона” 100 миңдей аскер тарабынан катуу кайтарууга алынды. Бир жума мурун "ал-Кайиданын" кол салууларынан Иракта 50 киши жан таслим болгон. Бир бомба Тышкы иштер министрлигинин маңдайында жарылган.

Багдад өкмөтү бийик жолугушуу Ирактын Араб лигасындагы турумдарын бекемдеп, өлкө көп жылдардан берки изоляциядан чыгат деп ишенет. Саддам Хусейн режими учурунда Ирак эл аралык коомчулуктун санкцияларына кабыл келген. 2003-жылы болсо АКШ баштаган күчтөр киргизилген.

XS
SM
MD
LG