Foreign Policy аналитикалык басылмасы Кытайдагы мусулман аялдардын жашоосуна сереп салган.
Журналист Безани Эллин бир эле динге ишенгенине карабай, бул өлкөдөгү исламды туткан аялдардын улутуна карай жашоосу да бөтөнчө экенин жазат. Маселен Жихан аттуу шаарда кытай тектүү мусулман аялдар үчүн атайын мечит бар. Анда имам аял намазга ээн-эркин баш болуп, жүздөгөн аялдар Рамазан айында орозо кармап, намазын ээн-эркин окушат.
Ушул эле шаардан 2 миң чакырым алыстыкта жайгашкан Үрүмчүдө болсо, хижаб кийип, бетин жаап жүрүүгө тыюу салынып, кытай полициясы ал тургай бетине медициналык бет кап кийген уйгур аялдарды да кармап, жазага тартат. Үрүмчүдөгү тарыхый мечитке эл даап барып, намаз окуй албайт. Анын дарбазасын автоматчан төрт аскер кайтарат. Студент, мектеп окуучулары жана мамлекеттик кызматкерлерге орозо кармоого тыюу салынган.
Эмнеге Кытай мамлекети бир динди туткан эки улутуна ушундай эки башка мамиле кылат? Кытайда байыртадан бери мусулмандардын аялдар гана кире алчу мечити бар болуп, расмий тактоолор боюнча кытай мусулмандарынын саны 10 миллиондон ашат.
Байыркы падышалык доордо эле мусулман динин туткан кытай тектүүлөргө эркиндик берилип келген. Бул өлкөнүн мыйзамдары боюнча адам каалаган динин тута алат. Ошентсе да 80 процентин уйгур тектүүлөр түзгөн Шинжаң автономиялуу облусунда мусулмандарга дүйнөдө болуп көрбөгөндөй катуу эрежелер бар. "Муну уйгурлар динине эмес, улутуна гана байланыштырса, бийлик радикалдашкан исламды ооздуктоо деп атап келет" деп жазат Foreign Policy.
Андерс Брейвик университетке өттү
2011-жылы Норвегияда 77 адамдын өмүрүн алган Андерс Брейвик түрмөдө жатып алып, жогорку окуу жайга сынак тапшырып, Осло университетине өткөнүн кабарлайт The Independent гезити.
39 жаштагы ашынган оңчул экстремист, кылмышкер Брейвик эми саясат таануу багытында билим алат. Норвегиянын мыйзамдары боюнча, түрмөдө жаткан киши сынакты жакшы тапшырса, билим алуу укугуна ээ. Брейвик эки жыл удаасы менен тапшырып, өтпөй калган. Быйылкы сынактын жыйынтыгы менен ал университетке студент болду.
2011-жылы Норвегиянын Утоя аралында 77 адамды өлтүргөн Брейвик 21 жылга кесилген эле. Брейвик эми университеттен билим алат деген кабар коомчулукта кызуу талкууну жаратууда.
Адамзатты жол кырсыгы жок кылабы?
2013-жылы террордук кыймылдардан 18 миң киши каза тапкан. Бирок бул сан ошол эле жылда жол кырсыгынан өлгөндөрдүн 1,5 гана пайызын түзөт. Эгерде адамзат өз тукумун сактап калгысы келсе, анда жол кырсыгын алдын алууну да ойлоосу зарыл. Себеби андан 1,24 миллион киши жыл сайын өлүүдө деп жазат The Financial Times гезити.
"Жол кырсыктарын азайтуу үчүн эми ойлоп таппаган нерсебиз калбай калды" дейт Бириккен улуттар уюмунун атайын өкүлү Жен Тодт. БУУ 2020-жылга чейин жолдон өлгөндөрдүн санын бир миллионго кыскартууну пландоодо.
Айрым окумуштуулар айдоочусуз акылдуу машинелер чыкса кырсыктан көз жумгандар азайарына ишенишет. Жакыр өлкөлөрдө элдин дээрлик бардыгы жолдо жүрүү эрежелерин такыр билбейт, айдоочулар окубай эле рулга отурат. Жол кырсыгынан өлгөндөрдүн 77 проценти алдуу-күчтүү эркектер болууда.
Дүйнөдөгү жол кырсыктарынын 90 проценти өнүгүп келаткан, жакыр өлкөлөрдө болот. Дүйнө мамлекеттеринин бийлиги террорду токтотууга кеткен олчойгон каражатты жол кырсыктарын азайтууга жумшаса жакшы болмок деп жазат The Financial Times.
Аялы иштебеген эркек бактылуу
Мельбурндагы социологиялык институт жаңы изилдөө жүргүзүп, аялы иштебей, үй кожойкелик милдетин аткарган эркектер, жубайы иштегендерге салыштырмалуу өзүлөрүн бактылуу сезерин аныкташты деп кабарлайт The Wall Street Journal.
Австралияда аялы менен күйөөсү тең иштеген үй-бүлөлөрдө ажырашуу деңгээли жогорулап барат. Эгерде аял киши эркектен көбүрөөк каражат тапса, анда ошол үй-бүлөдө чыр-чатак да көбүрөөк болот. Себеби эркек өзүн толук кандуу “табышкер” катары көрө албай калып, салттуу гендердик ролун аткара албай кыйналышы ыктымал дешет австралиялык окумуштуулар.