Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:37

Дүйнөлүк бокстун легендасы көз жумду


Мухаммед Али, 1966-жыл
Мухаммед Али, 1966-жыл

3-июнда Мухаммед Али 74 жашында ооруканада көз жумду. 1960-жылкы Олимпиада чемпиону, оор салмактагы боксерлор арасында үч жолку дүйнө чемпиону жана беш ирет «Жылдын боксеру» наамын жеңген Али коомдук активдүү позициясы үчүн боксерлор арасындагы эң атактуусу болуп калды.

Атактуу боксер дем алуусу оорлошкондон кийин Аризона штатынын Феникс шаарындагы ооруканага бир күн мурун жаткырылган. Алинин үй бүлөсүнүн атынан сүйлөгөн Боб Ганнелл кыска мөөнөткө ооруканада жатат деп айткандан көп узабай анын саламаттыгы кескин начарлап кеткен. Азырынча профессионалдык бокстун легендасына айланган спортчунун эмнеден улам көз жумганы так айтыла элек.

Али 1984-жылдан бери "Паркинсон илдетинен" жабыркап жүргөн. Ал соңку ирет апрель айында Аризонада өткөн кайрымдуулук кечеде элге чыккан. Мушкердин сөөгү Кентукки штатындагы өзү туулган Луиcвилл шаарында жерге берилет.

Мохаммед Али, 2004-жыл
Мохаммед Али, 2004-жыл

Мухаммед Али (туулгандагы аты - Кассиус Марселлус Клей) 1942-жылы 17-январда туулган. 12 жашынан тарта бокс менен машыккан. Алгач ирет рингге 1960-жылдын 29-октябрында чыккан.

Дүйнөдөгү эң көп наамга татыган даңазалуу спортчулардын бири. 1960-жылы олимпиада чемпиону, 1964-1966 жана 1974-1978-жылдары оор салмактагы боксерлор арасында дүйнө чемпиону жана беш ирет «Жылдын боксеру» наамын жеңген. 1996-жылы Атлантада өткөн Олимпиада оюндарынын отун жандырган.

Спорттук карьерасында Мухаммед Али 61 жолу мелдешке чыгып, анын 56да жеңишке жетип, 37 ирет каршылашынын эсин оодара койгон. Анын аты дүйнөдө профессионалдык бокстун символуна айланган. Акыркы ирет Али рингге 1981-жылы чыккан.

1963-жылы ислам динин кабыл алып, аты-жөнүн Мухаммед Али деп өзгөрткөн. Ага улай эле өз укуктары үчүн күрөшкөн кара тектүүлөрдүн уюмуна кирген.

Мухаммед Али спорттон кеткени менен саясий көз карашын такай билдирип келген. 1967-жылы Вьетнамдагы согушка каршылык көрсөтүп, америкалык армияда кызмат өтөөдөн баш тарткан. Боксер америкалыктардын душманы Вьеткон (Вьетнамдын элдик боштондук кыймылы) эмес, эркиндик менен теңдикке бут тоскон актар деп айтып чыккан. Мындай курч сын көз карашы үчүн боксер чемпиондук наамынан ажырап, төрт жылга спорттон четтетилген.

«Кансыз согуш» маалында 1978-жылы Мухаммед Али СССРге келгенде коммунисттик партиянын башчысы Брежнев өзү кабыл алган.

«Паркинсон дарты» аныкталгандан кийин дагы Али коомдук ишмердүүлүгүн токтоткон эмес. 1985-жылы Ливанга, 1990-жылы Иракка барып америкалык туткундарды бошотууга катышкан.

Өткөн жылдын декабрь айында АКШда президенттик шайлоодо Республикачыл партиядан талапкерлигин коюп жаткан миллиардер Дональд Трамптын мусулмандарга Кошмо Штаттарга кирүүгө тыюу салуу керек деген сөзүнө катуу каяша айткан.

Спорттук мелдештердин алдында көрөрмандардын оюнга болгон кызыгуусун арттыруу үчүн атайын сатиралык ырларды жазып, пиар акцияларды (промошн) ойлоп тапкан.

Мухаммед Алинин сөөгү АКШнын Кентукки штатындагы өзү туулган Луиcвилл шаарында жума күнү жерге берилет. Бул тууралуу мушкердин үй-бүлөсүнүн өкүлү Боб Ганнел кечээ маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, акыркы жайга узатуу зыйнатында Американын мурдагы президенти Билл Клинтон сөз сүйлөйт.

Аза күтүү көп жыл мурун эле мушкер менен бирге түзүлгөн планга ылайык өтөт. Бир канча тилден интернетте түз көрсөтүлөт. Акыркы сапарга узатуу маркумдун ишенимине ылайык, исламдын жөрөлгөлөрү боюнча өтөт.

Мухаммед Али - мушкер жана атуул
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:24 0:00

XS
SM
MD
LG