Беткапчан дүйнө
Былтыр декабрь айында Кытайдан чыккан жаңы коронавирус дүйнөнүн кеминде 114 мамлекетине жайылды.
 
 
 
 
Күндөн коргоочу көз айнек кийген киши COVID-19 тууралуу жаңылыкты окуп жатат. 25 жаштагы индиялык программист өзүнөн коронавирус табылгандан кийин тесттин жыйынтыгын күтүүдө. 4-март, 2020-жыл. Бангалор, Индия. 
 
 
 
Ирактык аялдар Багдаддын Тахрир аянтында чай куюп жатышат. Бул аянтта октябрь айынан бери демонстранттардын нааразылыгы өтүп келет. 4-март, 2020-жыл. 
 
 
COVID-19 вирусунун жайылып кетүү коркунучунан улам медициналык кызматкерлер полицияда кызмат өтөгөн аялдардын дене табын текшерүүдө. Бангкок, Таиланд. 1-март, 2020-жыл. 
 
 
Маблидеги Valmy заводунда иштеген аял респиратордук беткаптарды бүктөп жатат. Европада коронавирустун жайылышы заводдун жетекчилигин жумушчулардын санын 60 адамга чейин көбөйтүүгө аргасыз кылган. Франция. 
 
 
Беткап кийген адамдар автобус күтүп турат. Кувейт. 2-март, 2020-жыл. 
 
 
 
Беткап кийген футбол фанаттары. Испанияда акыркы жумада коронавирус менен ооругандардын саны көбөйдү. Мадрид. 
 
 
 
 
Ирандык дарыгер COVID-19 вирусун жугузуп алган бейтапты дарылап атат. Иранда коронавирусту жугузуп алгандардын саны ушу тапта 11 миңден, өлгөндөрдүн саны 500дөн ашты. 
 
 
 
 
 
