Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:34

Ирак армиясы Фаллужа шаарын алууга киришти


Фаллужадагы ирак армиясынын аскери
Фаллужадагы ирак армиясынын аскери

Ирак армиясы Фаллужа шаарын кайтарып алуу операциясынын соңку баскычына жеткени кабарланууда. Бирок алардын ишин калаада 50 миңдей жай тургундун чыга албай кала бериши кыйындатууда. Өлкө түндүгүндө күрттөрдүн кошуундары АКШ баштаган эл аралык коалициянын жардамы менен Мосул шаарына карай кетчү стартегиялык аймактарды “Ислам мамлекети” радикал уюмунун согушкерлеринен бошотуу операциясын күч алдырышты.

Ирактын түндүгүндө күрттөрдүн кошуундары АКШ баштаган эл аралык коалициянын жардамы менен Мосул шаарына карай кетчү стартегиялык аймактарды “Ислам мамлекети” радикал уюмунун согушкерлеринен бошотуу операциясын күч алдырышты.

Куралдуу күчтөрдүн атайын бөлүктөрү Фаллужа шаарынын четинде топтолуп турат. Бир нече күндөн бери армия калааны "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмунунан кайтаруу операциясын жүргүзүп келатышат. Ирак атайын күчтөрүнүн расмий өкүлү Дхия Тамирдин айтымында, Фаллужа операциясына катышып жаткан акыркы батальон жекшембинин кечинде Тарик лагерине жайгаштырылды.

22-майда башталган операциянын жүрүшүндө Иран колдогон шийи кошуундары шаардын жака белиндеги бир топ райондорду алууга жетишти. Суннилер үстөмдүк кылган Фаллужа баш калаа Багдаддан 70 километрдей алыс орун алган. АКШ аскерлеринин маалыматы боюнча 50 миңдей карапайым тургундар калаадан чыга албай, салгылашуулардын чордонунда калды.

Бейкүнөө адамдар арасындагы жоготууларды алдын алуу үчүн аларга баракчалар аркылуу согушкерлердин турумдарынан алысыраак болуу жана үй чатырларына ак желек илүү эскертилген.

Ал тапта ирактык таасирдүү динаятчы Аятолла Али Систани Ирак армиясын шаар жашоочуларын коргоого чакырды.

Систани атайын өкүлү аркылуу тараткан билдирүүдө “бейкүнөө элди азап-тозоктон сактап калуу негизги максат болууга тийиш, балким, душманды бутага алуудан да маанилүү”, - деп белгиледи.

“Ислам мамлекети” радикал уюмунун жихадчылары шаарда калган жергиликтүү элге чыгып кетүүгө жол бербей, тоскоол болуп келишкен.

Шаар 2014-жылдын январында экстремисттик топ Ирактын түндүк жана чыгыш аймактарын, кошуна Сириянын айрым бөлүктөрүн басып алып, халифат жарыялагандан кийин радикалдардын колуна өткөн.

Ал ортодо ирактык күрттөрдүн Пешмерга кошуундары АКШ баштаган коалициянын аба күчтөрүнүн коштоосунда Мосул шаарын көзөмөлдөп турган согушкерлерди калган аймактардан обочолонтуу үчүн өлкө түндүгүндө чабуулдарын күч алдырышты

Ирактагы Күрт автономиясынын өкмөтү жасаган билдирүүдө операцияга 5 жарым миңдей Пешмерга жоокерлери тартылганы, алар Мосулдун чыгыш тарабындагы Хазир шаарчасынын айланасындагы айыл-кыштактарды алууга кам көрүп жатышканы айтылат. Чабуул башталгандан көп узабай Муфти айылын алууга жетишишти.

- Ушул айыл-кыштактардын бошотулушу маанилүү. Бул Мосул шаарына жакындаткан алгачкы кадам болуп калмакчы. Эрбилге жакын Калак жана Хабат райондорунун коопсуздугун камсыздоону да эстен чыгарбоо зарыл, - деди күрт кошуундарынын офицери Акрам Мухаммад.

Операция Мосул шаарын жихадчылардан кайтарууга даярдык катары көрүлүп жатат.

Калаада согушка чейин эки миллиондой киши жашачу. Өткөн жылдын этегинде Ирактын премьер-министри Хайдер ал-Абади “Ислам мамлекети” радикал уюмуна каршы уруш 2016-жылы Мосулду кайтарып алуу менен аякташы мүмкүн деп үмүттөнгөнүн айтканы бар.

Пешмерга кошуундары акыркы айларда бир топ чөлкөмдөрдү экстремисттерден тазалоо жана Ирактын түндүгүндө согушкерлерди курал-жарак, тамак-аш менен камсыз кылган жолдордон кесүүгө жетишкен.

Күрт кошуундарынын кол башчысы Азиз Весси билдиргендей, 29-майдагы операция тууралуу буйрукту Ирактын Күрт автономиясынын президенти Масуд Барзани өзү берген.

Бул чабуулдун ийгилиги автономиянын борбору Эрбилдин коопсуздугун камсыздоого жардам берет деп ишенебиз, - деди Весси.

XS
SM
MD
LG