Освенцим - дүйнөдөгү эң чоң көрүстөн
Освенцимдеги "өлүм лагери" бошотулуп, дүйнөгө Холокост кыргынынын сыры ачылганына 80 жыл болду. Советтик армия лагерде үйүлүп жаткан сөөктөрдү, бузулган газ камераларын жана миңдеген араң жан туткунду тапкан. Освенцим эң чоң нацисттик лагерь болгон. Бул жерде бир миллиондон ашык адам жок кылынган. Алардын көбү жөөттөр болгон. Концлагер бошотулганга чейин фашисттер документтерди жок кылышкан. Бирок алар андагы газ камераларын, мештерди жана имараттарды толугу менен жок кылууга үлгүрбөй калышкан. 27-январь тарыхта «Эл аралык Холокост курмандыктарынын эскерүү күнү» деп аталып калган.
Мурун

Азыр

1
Чоң дарбаза. Сол жактагы сүрөт лагерь бошотулгандан кийин 1945-жылы тартылган. Азыр да эч нерсе өзгөргөн эмес.
1940-жылдын май айынан 1945-жылдын январь айына чейин бул жерге гитлердик армия басып алган Европа өлкөлөрүнөн жөөттөрдү ташып келип турушкан.
1940-жылдын май айынан 1945-жылдын январь айына чейин бул жерге гитлердик армия басып алган Европа өлкөлөрүнөн жөөттөрдү ташып келип турушкан.
Мурун

Азыр

2
Сол жактагы сүрөт 1944-жылы тартылган. Анда аялдар балдары менен бирге газ камерасына баратышат. Арткы фондо жыгачтан жасалган Биркенау лагеринин үйлөрү көрүнүп турат. Биркенау - Освенцимдеги кошумча курулган лагерь. Согуштан кийин анын имараттары урап, кыштан жасалган дубалдар жана морлор гана калган.
Мурун

Азыр

3
2015-жылдын январь айында №15 блокту көрүп жүргөн туристтер. Эски сүрөттө - нацисттер лагердин айланасында карагайларды отургузуп жатышат.
Мурун

Азыр

4
Освенцимдеги крематорийдин ички көрүнүшү. Лагерде кармалгандардын сөөгүн жок кылыш үчүн төрт крематорий курулган. Төртүнчү меш 1944-жылы туткундардын көтөрүлүшү учурунда жок кылынса, экинчи жана үчүнчү крематорийлердин имараты советтик армия келгенге чейин фашисттер тарабынан жок кылынган.
Освенцим - дүйнөдөгү эң чоң көрүстөн. Болгону мында мүрзө жок, күл гана калган.
Освенцим - дүйнөдөгү эң чоң көрүстөн. Болгону мында мүрзө жок, күл гана калган.
Мурун

Азыр

5
№11 блоктун короосундагы «Өлүм дубалы». Бул жерде туткундар атып өлтүрүлүп турган. Сол жактагы сүрөттө №11 блоктун алгачкы көрүнүшү. Аталган блокто туткундар кыйноонун ар кандай түрлөрүнө туш болушкан.