Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:04

Улуу Жеңиш - азилдерде


Улуу Жеңиш тууралуу ар кыл анекдоттордон бир шиңгил.

* * * * *

- Фриц Дитрих! Сиз болшевиктер чабуулга өткөндө согуш талаасын таштап, батышка карай качкандыгыңыз үчүн айыпталып жатасыз!

— Кудай ай! Урматтуу сот мырза, мен оберлейтенант фон Граббенин артынан чуркагам. Ага жетип, “эмнегедир биздин жоокерлер качып атышат” деп эскертишим керек болчу…

* * * * *

Кызыл армиянын жоокерлери Берлиндеги бир үйдүн жертөлөсүн аңтарып келатышса, анда жашырынган нацист генерал чоң челекке түшүп, катардагы жоокер бурчта бүрүшүп жатып калат. Катардагы жоокерди туткунга алып, сыртка чыгып баратышса, ал чоң челекти тээп койот дейт:

‑ Урматтуу генерал мырзам! Бизди сатып кетишиптир. Эми чыга бериңиз!

* * * * *

Берлинде эки айым сүйлөшүп жатат:

– Орус аялдары өздөрүнө укмуштуудай эле тартат дешет.

– Чын эле ушундай го. Уулум чыгыштагы согуш талаасынан кат жазыптыр: Катюша деген аялдын үнүн угуп, жоокерлерибиз бүт эле эси ооп калып жатышыптыр.

* * * * *

XS
SM
MD
LG