Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:40

Өзбекстанда кытайча үйрөнөм дегендер көбөйдү


Балдарын кытай тили боюнча кошумча дарстарга берген ата-энелер да көбөйгөнү айтылууда
Балдарын кытай тили боюнча кошумча дарстарга берген ата-энелер да көбөйгөнү айтылууда

Өзбекстанда кытай маданиятына кызыгуу өсүп баратат. Өзбек жаштары азыр Бээжин менен Ташкендин мамилесинин жакшырышын чоң мүмкүнчүлүктөргө жолдун ачылышы катары карашууда.

Өзбекстанда түрдүү чет тилдерге окуткан мектептер барган сайын кытай тилин үйрөтүүнү күчөтүшкөнүнө караганда, азыр бул жумуриятта кытай тилин окусам дегендердин саны бир топ эле өскөн өңдүү.

Дүйнөдө кытай тили менен маданиятын жайылтыш үчүн иштеген Конфуций университетинин Борбор Азиядагы бөлүмү мындан сегиз жыл илгери Ташкенде ачылган.

Ошол институттун атын атагысы келбеген окутуучуларынын бири бизге айтканына караганда, аларда алгачкы беш жыл ичинде студенттердин саны 100дөн ашкан учур такыр болгон эмес эле. Акыркы эки жылда болсо бул окуу жайда окуйм деп документ тапшыргандар мурдагыдан үч-төрт эсеге көбөйдү.

Азыр эми эле башталган семестр үчүн, маселен, 350 студент алынган. Алардын ичинде бизнесмендер, жаш кесипкөй адистер жана университеттердин студенттери бар. Учурда ошол институттун экинчи өзбек филиалын ачууга камылгалар көрүлүүдө. Ошол эле маалда, өздөрүнүн окуу программаларына кытай тилин киргизген окуу жайлардын саны да арбыды.

Ташкендин өзүндө эле азыр Чыгыш таануу мамлекеттик институту, Дүйнөлүк Экономика жана Дипломатия университети, ошондой эле, Дүйнө тилдери университети кытай тилин, маданиятын ар тараптан терең окутуу дарстарын сунуштап жатышат.

Кытайчаны үйрөнүш үчүн 24 жаштагы Күмүш Ражаби өлкөнүн батышындагы Хорезм аймагынан Ташкенге келип, Чыгыш таануу институтуна тапшырган. Кийин тилди кытайлардын өздөрү менен сүйлөшүү аркылуу жакшыртыш үчүн бир жылга Бейжинге көчүп кетти.

Өзүнө окшогон көптөгөн студенттердей эле, Ражаби кытай тили боюнча мыкты билим ага алдыда үлкөн мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ишенет.

“Бул мен үчүн өтө маанилүү, - дейт ал. – Кытай менен кызматташтык улам жакшырып баратат, мунун өзү бизге далай мүмкүнчүлүктөрдү жаратты”.

Өзбекстанда азыр жумушсуздук - чоң социалдык проблемалардын бири. Калктын жумушка жарамдуу бөлүгүнүн үчтөн бири азыр иш таппай жүрөт. Кытай болсо ошолорго иш орундарын сунуштай баштаган.

Кытайдагы мамлекеттик “Синхуа” маалымат агенттиги Ташкендеги кытай консулуна шилтеме менен ушул тапта Өзбекстанда 410дон ашуун кытай ишканалары каттоодон өтүшкөнүн кабарлады. Энергетика, айыл чарбасы, телекоммуникация, кийим тигүү өндүрүшү, курулуш, - иши кылып, бизнестин дээрлик бардык багыттарында Кытайдын изи көрүнөт.

Кытай - Өзбекстандын экономикасы үчүн эң ири инвестор, экинчи ири соода өнөктөшү. Быйыл эки өлкөнүн соода-сатыгынын көлөмү 4 млрд.долларга жетет дешет.

Кызматташтыктык кулачы дагы кеңейүүдө. Ушул айда өзбек-кытай президенттери Өзбекстандын мунай, газ, уран секторлоруна тиешелүү 15 млрд. долларга тете келишимдерге кол коюшту.

Алар билим берүү тармагында да кызматташат. Азыр Бээжин жылына 120 өзбек студентин Кытайдагы университеттерде бекер окуганга чакырат. Быйыл жыл башында Шанхай университети Өзбекстанда өзүнүн изилдөө жана алмашуу борборун ачты.

Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча стратегиясынын аткарылышына көз салган EUCAM уюму соңку баяндамасында 2030-жылга карата региондун калкынын элитасы ич ара азыркыдай орусча эмес, англисче жана кытайча сүйлөшөт го деп божомолдогон.

Ташкендеги Дүйнөлүк тилдер университетинде кытайчаны үйрөткөн окутуучу Эркин Умарбеков азыр бул өлкөдө адамдардын кытай тилине кызыгуусу англис же француз тилдерине болгон кызыгуудай эле деңгээлге чыкты деп билдирди.

"Өзгөчө сиз жумуш издеп жаткан болсоңуз, кытайча билгениңиз абдан жакшы, - дейт ал. - Анткени азыр ачылган толтура кытай же биргелешкен ишканаларга тилди билген адистер керек болуп жатпайбы".

Азыр Умарбековго аптасына эки ирет кошумча дарска келип жаткандар да көбөйүптүр. “Ата-энелер балдарын кошумча менчик дарстарга алып келишет. Анткени алар муну келечекке жасалган инвестиция катары тааный башташты”, - дейт ал.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG